Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында көптөн күткөн футбол аянтчасынын курулуш иши аяктады.Футбол аянтчасы заманбап үлгүдөгү, баардык шарттары менен камсыздалган.
Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында Covid-19 оорусуна караганда айылда пневмония менен ооруган учулар көп катталды. Пневмония оорусу менен көбүнчө өспүрүм балдар ооруду дейт медайым.
Кулатов айылында спорттун эркин күрөш багыты боюнча 200 окуучу катышат. Жетишкендиктери арбын. Бирок толук кандуу машыгуу үчүн балдарга зал жетишсиз. Учурда машыктыруучу жергиликтүү бийлик менен биргеликте бул ма маселени чечүү …
Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында 2021-жылы коронавирус илдети менен жабыркагандардын саны 6 адам болду. Бул тууралуу айылдык оорукананын медайымы айтып берди.
Камбаралы Бобуловдун 85 жылдыгына карата «Эне тил барда мен бармын, эне тил менен Камбармын» аттуу иш-чара болуп өттү. Мында Т.Айбашев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мактым Мадалиева «Мыкты …
Кулатов айылында айлана-чөйрөнү тазалоо максатында 4-декабрь ишембилик болду. Ишембиликке жалпы айыл тургундары жана мугалимдер катышты.
3-декабрь Майыптыгы бар адамдардын күнүнө карата Кулатов айыл өкмөтүндө иш- чара болуп өттү. Иш- чарага жалпы мүмкүнчүлүгү чектелген айыл тургундары келип катышты. Аларга белектер берилип, чакан концерттик программа көрсөтүлдү.
Ноокат районуна караштуу Кулатов айылына эл тарабынан алынган тез жардам унаасы №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ооруканасына алынып келип элге кызмат көрсөтө баштады. Айылда эски кызмат көрсөтүүчү унаа бар болгону менен …
Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңеши 2021-жылдын апрель айынан шайлоо аркылуу тандалып, май айында мандат алышкан. Жалпы 31 депутат 7 туруктуу комиссияга бөлүнүп иш алып барышат. Ушул учурга чейин …
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнүн борборунда спорттук комплекстин курулушу башталды. Анын жалпы сметасы 44 млн сом. Быйыл 12 млн акча каражаты бөлүнүп, пайдубалын куруу иштери башталды.
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүндө жалпы 7 шайлоо тилкеси бар. Айыл өкмөт тарабынан 90 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал санитардык абалды сактоо максатында бет кап, антисептик, бир колдонулуучу …
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагында алманын түшүмдүүлүгү жакшы. Бирок, кардарлардын аздыгы, алманын баасынын төмөндүгү айыл тургундарын бушайман кылууда. Кулатов айыл өкмөтү боюнча 250 гектар айыл тургундарынын жер тилкелерине алма …
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүндө «Үлгүлүү үй» аттуу сынак болуп өттү. Сынак ушул жылдын 15-октябрында APNIP долбоору тарабынан жарыяланган. Ага жети үй-бүлө катышып, анын бешөө байгелүү орундарды ээлешти.
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнүн Баглан айылындагы «Баглан» орто мектебинин филиалы болгон жаңы мектептин курулушу аяктоодо. Мектеп башталгыч класстар үчүн 100 балага ылайыкташтырылган.
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылындагы Орто-Сай жана Таканай-Сай сайларына коопсуздук үчүн таш төшөлүүдө. Бул аракет жергиликтүү элдин короолорун жана бактарын коркунучтан арылтуу максатында башталды.
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагында күзгү жыйноо иштери 95% га жыйынтыкталды. Жергиликтүү эл башка жылдарга салыштырмалуу жаан-чачындын аз жана суу жетишсиздигинен улам эгиндердин түшүмдүүлүгү төмөн болду дейт.
Ноокат районунуна караштуу Ак-Чал айылында «Ак Ниет Нуру» балдар бакчасынын курулушу бүткөрүлүп, ачылуу аземи болду. 75 балага ылайыкташтырылган бала бакчанын курулушу 2017-жылы башталган.
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү кеңештин депутаттары бала бакча, мектеп, оорукана жана ФАПтардын кышка карата даярдыгы боюнча жакындан таанышып, көйгөйлөрүн билүү үчүн жүрүш уюштурду. Кыдыруунун натыйжасында мекеме, ишканалардын …
Ноокат районунун борбордук аянтчасында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган, салтанаттуу чоң иш чара болуп өттү.
Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү Ак-Чал айылында 75 орунду бала бакчанын курулушу аяктоодо. Бала бакча сентябрь айында ишке берилүү алдында турат. Анын жетекчилиги жана тарбиячылары комиссиянын негизинде тандалып алынды. Буга …