Куу-Майдан айылынын тургуну Роман Аширбеков бак тиккенине 10 жылдын жүзү болду. Кѳчѳттѳрдү отургузууга 2миң доллардан ашуун акча сарпталган.

Роман Аширбеков 500 туп гилас багын өстүргөн

Гиластын бышып жетилген маалы
Бул бакка 500 туп кокон гилас, 350 түп алма, 60 түп ѳрүк, 200 түп бадам, 20 түп алмурут, 30 туп жангак, кайнолу кѳчѳкттѳрүн отургузган. Кѳчѳттѳрдүн баары кѳктѳп, 2017-жылдан баштап жакшы түшүм бере баштаган.

Сатуу алдында сорттоп тазаланат
Багбан негизинен кокон гиластан түшүм аларын билдирди. Биринчи түшүм берген жылы 1тонна 200кг, ал эми быйыл 4тонна түшүм алды.

Сорттоп жаткан учур

Ящиктерди даярдап жаткан учурда
Жакшы түшүм алуу үчүн сууну убагында берип, ооруларга каршы даарыларды убагында чачуу керек деп билдирди Роман Аширбеков.

Кокон гилас терип аткан учур
Анын айтымында: “Жер семиркичтерди берип, түбүн жумшартып, зыянкечтерге каршы дарыларды убагында чачып кѳп акча кетирбей эле бакты караса болот”.

Роман Аширбеков
Ушунча бакты бак кылыш ѳзү чоң түйшүктү талап кылган. Багбандын негизги максаты – айылда туруп чет жакка барбастан багбандык менен акча тапса болоорун далилдѳѳ болгон.
Айылда кандай бизнес ачса болот?
Аймончок Кожонова