Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Аймактарда онлайн билим берүү

Базар-Коргон: 27 мектепте реалдуу түрдө окуу ачылды

Базар — Коргон районунда райондук санэпидемстанциянын сунушунун негизинде райондук ыкчам штабдын чечими менен дагы 27 мектепке реалдуу шартта окутууга уруксат берилди.

6 Декабрь 2020 жыл 13:07

Мектеп директору: «Бет-маңдай отуруп сабактарды өткөн бул эң сонун нерсе»

Пандемияга байланыштуу окуучулар онлайн окуп, 1-класстар гана салттуу түрдө окушкан. Азыркы учурда Ноокат районунун Куу-Майдан айылында 1-5-9-11-класстарынын окуучулары мектепке келип окуусун улантышууда.

4 Декабрь 2020 жыл 17:07

Келерки жумада Акталаада салттуу окуу башталат

Келе жаткан жуманын башында Акталаада мектептерде салттуу окуу башталат. Мындай маалыматты Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.

3 Декабрь 2020 жыл 15:21

Айыл мектептери пандемияда кышка даяр

Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы мектептер кышка карата даяр. Айыл өкмөт тарабынан көмүр менен камсыз болушкан. Терезелер жылууланып, кааналардын температуурасы талапка жооп берет. Билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген алгоритмдин негизинде …

3 Декабрь 2020 жыл 15:17

Окуучулар оффлайн окууга келгендигине кубанууда

Кулатов айыл өкмөтүнүн Т.Айбашев атындагы орто мектебинде 16-ноябрдан баштап, 1- 5- 9- 11-класстарынын окуучулары мектепке келип окуусун улантышууда. Билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген кырдаалга байланыштуу алгоритмдин негизинде окуучулардын санына карай, …

25 Ноябрь 2020 жыл 18:35

Мектептен билим алууну сагынган балдар, иштен алагды болгон ата-энелер.

Жаңы-Жер айылында COVID-19 илтетинин жайылып кетишинен улам былтыр 16-мартта мектеп окуучуларын карантинге тарашкан. Мектепте 1-класстын окуучуларынан башкасы аралыктан окуп жатышат. Окуучулар мектепти сагынды, бирок балдардын ден-соолугу баарынан кымбат.

24 Ноябрь 2020 жыл 16:09

Тасма айылы: Салттуу билим алууда санитардык эрежелер сакталып жатабы?

Пандемияга байланыштуу окуучулар онлайн окушуп, 1-класстар салттуу түрдө окушкан. Азыркы учурда Түп районунун Тасма айылында 5-9-11- класстар окуп башташты. Мектеп  ичинде санитардык эрежелердин сакталуусу көзөмөлдө болуп жатат.

23 Ноябрь 2020 жыл 20:51

Пандемия шарттарында мектепте бир күн видеоролиги даярдалды

Т.Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин тарбия завучу Аида Сатыбалдиева тарабынан реалдуу окуу режиминин башталышын, Министрлик тарабынан коюлган шарттардын сакталышы боюнча, окуучулар менен биргеликте видео даярдалды.

23 Ноябрь 2020 жыл 14:57

Акталаада жаш мугалимдер аралыктан тажрыйба алмашты

Ак-Талаа районундагы орто мектептерде иштеген жаш мугалимдер үчүн “Санарип жаш мугалим коомдун жаркын келечеги” аттуу окуу өткөрүлдү.

16 Ноябрь 2020 жыл 18:34

Кесиптик билим берүүдө дистанттык окутууну жайылтуу керек

Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейдин базасына, Кочкор районунда жайгашкан №15 Кесиптик лицейдин мугалимдери дистанттык окутууну уюштуруу үчүн тажрыйба алмашышты.

15 Ноябрь 2020 жыл 15:46

Аралыктан окуу учурунда ата-энелер кандай жагдайларга көңүл буруусу керек?

Быйылкы жаңы окуу жылынын экинчи чейреги да аралыктан окутуу түрүндө жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, окуучулардын билим алуусун уюштуруу үчүн методикалык, психологиялык жардам көрсѳтүү боюнча атайын нускаманы сунуштайбыз.

14 Ноябрь 2020 жыл 22:20

Онлайн, оффлайн жана дистанттык окуулардын айырмасы эмнеде

Пандемия башталганы билим берүү тармагында билим берүү да өзгөрдү. Окуучулар, окутуучулар жана ата — энелер үчүн жаңы түшүнүктөр пайда боло баштады.

13 Ноябрь 2020 жыл 10:35

Студент: «Карантинде терең билим алдым деп айта албайм»

Пандемия кандай таасир тийгизгендиги тууралуу Ош Мамлекеттик университетинин, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенттери өз ойлору менен бөлүштү. Алардын айтымында көпчүлүк студенттер коронавируска байланыштуу жайкы каникулда чет өлкөгө бара албай …

5 Ноябрь 2020 жыл 22:40

Акталаада 2-чейректе кайсы класстын окуучулары салттуу окушу мүмкүн?

Үстүбүздөгү окуу жылынын 2-чейреги 11-ноябрда башталат. Окутуу аралыктан улантылабы же жокпу тиешелүү министрлик 3 түрдүү варианттарды сунуш кылышууда. Ал эми Ак-Талаа районундагы орто мектептерде 1-6-класстардын окуучулары салттуу окууга өтүшү мүмкүн.

5 Ноябрь 2020 жыл 21:38

Китепканачы: «Коронавирус китеп окууга тоскоол боло албайт»

Коронавирус илдети биздин жашообузду түп тамырынан бери өзгөрттү. Мурда бет кап кийгендерди ооруканадагы медиктерден гана көрө турган болсок, азыр көчөдөн да, жумуштан да, керек болсо үйдөн да бет кап кийип …

2 Ноябрь 2020 жыл 12:17

Салттуу окуу калыбына келе баштады

Нарын районунда 15- октябрдан баштап, жалпысынан  34 мектептерде 1-6 класстар үчүн салттуу окуу жүргүзүлө баштады. Алардын ичинде Куланак айылында жайгашкан Абдылда Аралбаев мектеби бар.

20 Октябрь 2020 жыл 22:53

Аралыктан окуу учурунда окуучулар ийгилик жарата алышты

Кыргызстанда пандемияга байланыштуу билим берүү тармагы аралыктан окутуу формасына өткөнүнө 6 айга жакындады. Мындай окутуу мугалим, ата-эне эле эмес окуучуларга дагы учурунда бир топ ыңгайсыздык жараткан. Анткени окуучулар да аралыктан …

20 Октябрь 2020 жыл 20:10

Аралыктан окутуу айылдагы бардык үй-бүлөнүн социалдык абалына туура келбейт

Ак-Талаа районундагы Муса Баетов атындагы орто мектебинде 151 окуучуга 23 мугалим билим-тарбия берет. Мектепте дээрлик бардык мугалимдер ноутбуктар менен камсыз болгон.

19 Октябрь 2020 жыл 23:00

Сурамжылоо: Саясат жана пандемия элет жеринде

Өлкөдө болуп жаткан кырдаал, элеттиктер үчүн кандай таасирин тийгизди? Сурамжылоого катышкан Суусамыр айыл аймагынын тургундары саясат жана пандемия тууралуу ой пикирлери менен бөлүштү.

19 Октябрь 2020 жыл 16:30

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...