Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Билим берүү

«Туусу көктөн түшпөсүн» Учкун айылында желек күнү белгиленди

Нарын районундагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде мамлекеттик туу күнүнө карата окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Желектин маанилүүлүгү, анын чечмелениши тууралуу окуучулар чакан иш- чара уюштурган.

3 Март 2021 жыл 9:05

Быйыл ЖРТга каттоо онлайн өтөт

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) каттоо онлайн өткөрүлөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директорунун орун басары Чынара Батракеева Жамааттык Медиа студиясында маек куруп жатып билдирди.

2 Март 2021 жыл 17:57

Тогуз-Тородогу мектептер техникалык жабдуулар менен камсыздалды

Дүйнөлүк банк каржылаган Ага Хан фондусунун «Кыргыз Республикасында мектептерди жакшыртуу үчүн коомчулукту тартуу» долбоорунун алкагында районубуздун 14 мектебине жазган долбоорунун негизинде тиешелүү жабдуулар, материалдар тапшырылды.

1 Март 2021 жыл 13:52

Айыл жаштары челенджде активдүүлүгү үчүн сыйланышты

Базар-Коргон районундагы Могол, Кызыл-Үнкүр айыл аймагындагы демилгелүү жаштар долбоору тарабынан уюшулган челенджде катышуучулар Тимурлан Мелисбеков 1-орун, Аймээрим Саитжанова 2-орун, жана Гулифа Абдыкерим кызы 3-орунду алышкан.

1 Март 2021 жыл 13:23

Тогуз-Тородо олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылды

Тогуз-Торо районунда өткөрүлгөн олимпиадада Тоту Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин окуучулары ийгиликке жетишти.

1 Март 2021 жыл 12:14

Куланак: Айылда флешмоб жарыяланды

Нарын районуна карашту Куланак айылында А.Аралбаев мектебинин окуучуларынын китептерин толуктоо  максатында  флешмоб уюштурулду. Учурда алгачкы чогулган акчаларга китептер алынды.

28 Февраль 2021 жыл 16:44

Түптө «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы өттү

Түп районундагы М.Элебаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы уюшулду. Иш- чарага райондогу 33 билим берүүчү мектептин окуучулар катышты,-деди Түп районунун мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмүнүн башкы адиси …

27 Февраль 2021 жыл 18:37

Болочоктогу агроном: Кесип тууралуу көп изденим

Жайна эл аралык деңгээлде агроном болуу максаты менен бул багытта билим алууда. 16 жаштагы кыз, учурда окуусу менен бирге Кыргызстандагы белгилүү компаниялардын биринде стажировкадан өтүп жаткан учуру. Ал бизге берген …

26 Февраль 2021 жыл 23:37

Жаштарды өнүктүрүүчү борборлор

Кыргызстандын башка өлкөлөрдөй эле жаштар саясаты бар. Ага карата өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдардын жаштарды өнүктүрүүгө арналаган иштери бар. Төмөндө Кыргызстанда жаштарды өнүктүрүүгө багытталган алдыңкы борборлор менен уюмдар тууралуу тааныштырабыз.

26 Февраль 2021 жыл 21:06

Тарых сабагы боюнча олимпиада бардык жерде токтотулду

Кечээтен бери өлкө боюнча окуучулар арасында республикалык олимпиаданын экинчи баскычы өтүп жаткан. Окуучулар 10 предмет боюнча күчтөрүн сынашып, электрондук дарек аркылуу келген тапшырмаларды аткарышкан. Кечээ жазуу иштери болсо, бүгүн оозеки …

25 Февраль 2021 жыл 23:01

Окуучулардын олимпиадасында көз карандысыз байкоочулар көзөмөл кылышууда

Быйыл өтүп жаткан республикалык олимпиаданын экинчи баскычынын мурдагы олимпиадалардын айырмачылыгы-жүрүшүн көз карандысыз коомдук байкоочулар көзөмөл кылышууда.

24 Февраль 2021 жыл 21:06

Райондо өтүлгөн китеп окуу конкурсу жыйынтыкталды

Тогуз-Торо районунда уюуштурулган «Багыт» долбоорунун алкагында «Бала бойдон калба» жана «Бөрү эненин кыялы» китептерин окуу конкурсу Тогуз-Торо жаштар биримдиги тарабынан уюуштурулуп, жеңүүчүлөрү аныкталды.

24 Февраль 2021 жыл 20:57

Кино тасманын каармандары менен жолугушуу кечеси өттү

Эне тил күнүнө карата Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын кино тасмасындагы баш каармандар менен жолугушуу адабий кечеси өттү. Иш-чара Сокулук районунун Кызыл-Туу аймагындагы Новое айылында Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинде болуп өттү.

24 Февраль 2021 жыл 20:52

Мырзаларды куттуктоо иш-чаралары

Сокулук районуна караштуу Новое айылынын Гүлсина Капарова атындагы орто мектепте 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата мырзаларды, жигиттерди куттуктоо иретинде чакан иш- чара, ачык класстык сааттар өткөрүлдү.

24 Февраль 2021 жыл 19:11

Акталаада окуучулар арасында предметтик олимпиада өтүүдө

Ак-Талаа районунда бүгүн мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын экинчи туру башталып, 10 предмет боюнча 356 окуучу катышууда.

24 Февраль 2021 жыл 18:56

Бүтүрүүчүлөр үчүн тест: Мага кандай кесип туура келет?

Көпчүлүк окуучулар мектепти аяктоо алдында кайсы кесипке барарын билбей ойлонуп калышат. Өз мүмкүнчүлүктөрү, жөндөм, шыгын эске алуу менен мүнөзүн, табиятын эске алып чыгарылган чечим эң туура болуп эсептелинет. Андыктан онлайн …

23 Февраль 2021 жыл 14:05

Адистин кеңеши: Кесип тандоодо анализ кылуу маанилүү

Кесип тандоо көпчүлүк мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн көйгөйгө айланып келет. Ал эми «Proforientacia.kg» социалдык долбоорунун негиздөөчүсү Индира Темирканова, негизги ыкмаларды билсе кесип тандоо абдан жөнөкөй дейт. Кесип тандоодогу негизги 3 чен-өлчөм …

23 Февраль 2021 жыл 13:55

Эне тил күнүнө карата иш-чаралар жыйынтыкталды

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата иш-чаралардын жумалыгы жыйынтыкталды. Жумалыктын алкагында эне тилди даңазалаган ырлар окулуп, линейкалар, “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну жана “Сармерден” …

22 Февраль 2021 жыл 23:19

Студент: Эрежелерди сактап кесиптик билим алууга умтулуудабыз

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде аралыктан окутуу мугалим-устаттарга, окуучуларга бир топ көйгөйлөрдү жаратты. Алыскы тоолуу аймактагы окуучулар интернет байланыштары үзгүлтүккө учураганда берилген тапшырмаларды убагында аткаруу мүмкүн эмес болуучу. …

22 Февраль 2021 жыл 16:01

Нарындан чыккан кербен Базар-Коргонго келди

«Демилгелүү жаштар» долбоорунун төртүнчү жылынын катышуучулары жана алардын ата-энелеринин кербени Нарындан чыгып, 20-февраль күнү Базар-Коргон районуна келди.

22 Февраль 2021 жыл 13:23

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...