Нарын районунун Куланак айылында Аралбаев мектебинде Нооруз майрамын утурлай чакан сахналаштырылган кече өттү.
Кочкор районундагы Кара-Суу айылында жайгашкан Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде окуучулардын көптүгүнөн улам окуу класстары жетишпейт. Айылдагы 240 орундуу жалгыз мектепте учурда 650 окуучу билим алууда.
Жаңы-Жер айылындагы кыз келиндер №43 Кесиптик лицейдин базасында ачылган кыска мөөнөттөгү кондитердик курсту окууда. Айыл ичиндеги жумушсуздуктуу жоюу максатында уюштурулган окуу курсунда ар кандай жаш курактагы кыз- келиндер окуйт.
9-классты аяктаган соң сиз өзүңүзгө жаккан багытта аз убактын ичинде билим алып бир кесиптин ээси боло аласыз. Аларга тигүүчүлүк, ширетүүчү, энергетика, IT адиси, ашпозчу сыяктуу адистиктер кирет. Төмөңдө биз Кыргызстандагы …
Үстүбүздөгү жылдын 3-мартында мына ушул улуу баян боюнча Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Көк-Жар айылында «Манас таануу» интеллектуалдык таймаш өтүп, «Соң-Көл» орто мектебинен куралган «Мурас» тобу облустук турга жолдомо алып …
Нарын районундагы Учкун айылында райондук деңгээлдеги «Манас таануу» теле таймашы өткөрүлдү. Сынак билим берүү жана илим министрлиги, Коомдук телерадио берүү корпорациясы жана «Саякбай манасчы» коомдук бирикмесинин колдоосу менен уюштурулган. Аталган …
Кыргызстандагы орто мектептерде 4 жылдан бери билим берүү жана илим министрлигинин “Жашоого кошул” программасы иш алып барууда. Бул программа мектептеги дене тарбия сабагына бекитилген. Ар бир сабакта түрдүү көнүгүүлөр берилип, …
Кыргызстанда жаштар саясатын жүргүзүү жана аларын потенциалын арттыруу максатында 2018-жылдан тарта жаштар борбору иш алып барып келет. Өлкөнүн жети дубанында 32 жаштар борбору ачылган. Бул борборлор менен жаштар кантип иштешип, …
Бул тест сиздин 15-16 жашыңызда кандай экениңизди билүүгө жардам берет. Балким сиз өзүңүзгө кам көрө алган, өз алдынча көз карандысыз адамсыз. Же дагы деле ата-энеңиздин же улуулардын көзөмөлүнө муктаж бала …
Жаны-Жер айылындагы №43-Кесиптик лицейге «Биринчи жардам жаштарга» коомдук фонду көп жылдан бери демөөрчү катары иштешип келет. Жакында кесиптик лицейдин жатаканасында жашаган окуучуларга Зарылкан Токтосунова өз каражатынан сыналгы белекке берди.
Жалпы республикалык тестирлөөдө негизги тесттен сырткары кошумча предметтик тесттер окуучунун тандоосу менен тапшырылат. Ал абитурент бара турчу адистигине таасирин тийгизет. Андыктан төмөндө адистиктер талап кылган милдеттүү түрдөгү кошумча сабактардын тизмесин …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Токтоян айылынан кулуну кыргыз элинин туңгуч тилчиси, лесиколог, өлкөнүн залкар инсандарынын бири, агартуучу Кусеин Карасаев жөнүндө эмнелерди билесиз? Аталган улуу адам жөнүндө өз билимиңизди текшерип …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Токтоян айылынын Ашырбай Коёнкөзов мектебинин 11-классынын окуучусу сынакка катышып, атайын сыйлыкка ээ болду. Ал манас айтканга кызыгып байкелеринен үйрөнүп алган.
Барчын Мамытбекова
Жаңы-Жер айылындагы Кесиптик лицейде улуттук баш кийимдин урматына «5-март -Ак калпак күнү» белгиленди. Кыргыз тилчи мугалими Асыл Базарова окуучуларга “Ак калпак — тоолордун жана тазалыктын символу” деген темада сабак көргөзүп …
Тасма айылында жүндөн жасалган ар кандай өзгөчө буюмдарды жасоону кыздарга үйрөтүү үчүн атайын чакан кружок өтүлүүдө. Мектеп окуучуларына сабактан сырткары «Седеп» деген аталышта кол өнөрчүлүк окуусуна кыздар катышып жатышат. Аны …
Долон айылынын тургуну Кеңешбек Шоруков 30 жылдан бери жумушуна ат менен барып келип иштейт. Ал Ак-Суу районунун Жылдыз айылындагы Бейшенов орто мектебине эмгектенет.
Ак-Талаа районундагы балдардын билим борборунда 8-март Аялдардын Эл аралык майрамына карата “Энелерге таазим” деген аталышта “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну өттү. Оюндун жобосуна ылайык макалдарды табуу, мамлекеттик атрибуттар, кыргыз элинин улуттук …
Кара-Суу айылынын жаштары Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун боюнда жайгашкан районубуздагы эн бийик желекти чечип жаныртышты.
Базар-Коргон районунда болуп өткөн орус тили сабагынан олимпиаданын жыйынтыгына нааразы болгон Ооган-Талаа мультимедиа борборунун кабарчысы, №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин 10-классынын окуучусу Тимурлан Мелисбеков Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуевге …