Үстүбүздөгү жылдын 22-декабрь күнү Ак- Талаа районунун Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде «Зордук зомбулукка каршыбыз» аттуу КВН болуп өттү.
Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Сапарбеков Санат «Жылдын мыкты жаш лидери» номинациясы менен сыйланды.
20-декабрда Суусамыр FM радиосунда «Парламент сүйлѳйт» сынагы болуп ѳттү. Тагыраак айтканда, Суусамыр айылында мектептер арасында маданият министрлери таймашышты. Катышуучулардын даярдыгын радио аркылуу угармандар баамдап турушту.
Баетов айылында жаңы соода борбору ачылды. Бул жерден айыл тургундары заманбап эмеректердин бардык түрүн, жана ошондой эле үй тиричилик техникаларын сатып алууга мүмкүнчүлүк ачылды.
Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Жалал Асанов атындагы орто мектебинде «Биз адам сатууга каршыбыз» аттуу акция 20-декабрда болуп өттү.
Талас шаардык драма театрында Тургунбек Бекболотовдун 70 жылдык юбилейи белгиленди .
Кыш мезгили өтө кооз мезгил. Айлана аппак карга бөлөнүп, тунжураган жымжырттык өкүм сүрүп турган кез. Ооган-Талаа айылы бүгүнкү жааган карда өзгөчө сулуу, таза, кооз болуп калганын сүрөтбаянда сунуштайбыз.
Ысык-Көл облусуна караштуу Тасма айылынын тургуну Жаңыл Чыңгызбаева кыш мезгилине карабастан салаттардын түрүн жасоо менен алек. Айыл тургуну өзү өстүргөн өсүмдүктөр менен айылдын таза продукциялуу салаттарын жасайт.
Жакында «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмеси тарабынан Ак-Талаа жаштарынын ынтымагын бекемдөө, биримдикке келтирүү максатында Бишкек шаарындагы «Сармерден» ресторанында «Жаштардын ынтымак кечеси» болуп өттү.
Баетов айылынын 90 жылдык мааракесине карата энциклопедия жарыкка чыкты. Бул 300 беттен турган энциклопедия 450 нуска менен жашыл, кызыл, кѳк түстѳ чыгарылды.
Суусамыр айылында күз айларынан бери интернетти жеткирүү боюнча иштер кызуу жүрүп, үйлөргө чексиз жана тез ылдамдыктагы интернет жеткиликтүү болду.
Талас шаарында “Биринчи мугалим“ билим берүү борбору 2018-жылдын 1-ноябрында ачылды. Бул билим беруу борбордун негиздөөчүсү Талгат кызы Жылдыз. Аталган борбор жаш балдарга билим берүү жана жогорку класстарга кошумча сабактарды, кружокторду …
Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы музыкалык мектебинде «Биз жана Россия» аталышындагы майрам болуп өттү. Майрамдын максаты ар бир улуттун өкүлчүлүктөрүн ынтымакка чакыруу. Ошондой эле Талас облусттук ыйгарым укуктуу өкүлү ар улуттардын …
Кара-Суу айылынын “Ак кептер” жамааттык медиаборборунда жыл жыйынтыгы боюнча борбордун ишине активдүү катышкан ыктыярчылар жана айыл тургундары борбордун грамоталары жана бирдиктер менен сыйланышты. 2018-жыл “Ак кептер” үчүн ийгиликтүү жылдардын бири …
Куланак айылында кароосуз калган көчө иттери көбөйүп, айыл тургундарын түйшөлтүүдө. Ачка болгон иттер короодогу малга кол салып, кээ бир учурда жеп кетишүүдө. Айыл элинин көпчүлүгүн тынчсыздандырган көйгөй бул көчө иттеринин …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Жылдыз Кыдырбаева көп жылдан бери гүлдүн ар кандай түрлөрүн өстүрүү менен алектенет.
Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагында акыркы 20 жылда мындай аба-ырайы катталган эмес дешет Терек-Суу айылынын улуу курактагы тургундары.
«2018-жыл Аймактарды ѳнүктүрүү жылына», Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылындагы Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинде «Ааламдан алган даңк» аттуу мугалимдер арасында ѳткѳрүлгѳн таймаштан өткөрүлдү.
Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын Калмурат атындагы маданият үйүндө манасчы, төкмө акын Сейнелов Рыскулдун эскерүү кечеси болду. Эскерүүгө анын замандаштары жана айылдын ак сакалдары келип катышышты.
15-ноябрда Султангазиев атындагы маданият үйүндө маданият күнү белгиленди. Райондун акими Н.Молдокадыров 2-ноябрь маданият күнү Баетов айылынын 90 жылдык мааракесине туш келип калгандыгына байланыштуу майрам 15-ноябрда өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп, майрамдык салтанатты …