Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Маалымат алуу

Тасмалык окуучу эл аралык сынакта жеңүүчү аталды

А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинин 3-классынын окуучусу Турдуматова Тинатин Нурбековна Москва шаарында өткөн «Расскажи миру о своей Родине» — аттуу эл аралык сынакта жеңүүчү аталып, Кыргызстандын …

10 Июнь 2026 жыл 6:57

Токтогулдуктар Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына арналган боз үйдү жасалгалоого колдоо көрсөтүүдө

Токтогул районунун тургундары, активисттери жана чет өлкөлөрдө жашаган мекендештери алдыдагы Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иштерине жигердүү катышууда. Райондун атынан көрсөтүлө турган боз үйдү жасалгалоо үчүн каражат чогултуу иштери уланууда.

9 Июнь 2026 жыл 0:24

Тасма айылынын окуучусу облустук сынакта I орунду ээледи

А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинин 6-классынын окуучусу Кубатбеков Айдин билим жана чыгармачылык багытындагы абройлуу «XXI кылымдын интеллектуалдары» облустук сынагында ийгиликтүү катышып, «Механикалык системалар» номинациясы боюнча өзүнүн …

6 Июнь 2026 жыл 9:47

Куланактык мугалим республикалык сынактын финалына жолдомо алды

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин физика мугалими Майрам Аалыбаева «Жылдын мыкты мугалими – 2026» республикалык кароо-сынагынын облустук этабында ийгиликтүү катышып, республикалык турга жолдомо алды.

5 Июнь 2026 жыл 9:56

Кочкор районунун акими айыл тургундары менен жолугушуу өткөрдү

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баялы Досалиев Тендик, Исакеев жана Семиз-Бел айылдарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жергиликтүү тургундар тарабынан Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулуш иштерин жүрүшүндө айрым көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.

5 Июнь 2026 жыл 9:41

Дөбөлүдө дубан башчы эл менен жолугуп, көйгөйлөр талкууланды

Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Нарын районундагы жумушчу сапарынын алкагында Дөбөлү айыл аймагынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, жергиликтүү көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

5 Июнь 2026 жыл 9:39

Тасма мектебинин жаш спортчулары облустук мелдеште ийгилик жаратышты

Түп районуна караштуу Тасма айылындагы А.Сопиев атындагы №19 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары «Я — Чемпион» аттуу облустук спорттук мелдеште ийгиликтүү катышып, мектептин жана айылдын намысын татыктуу коргошту. Жаш …

5 Июнь 2026 жыл 9:33

Түптө киберкоопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2026-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери Түп райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарынын кызматкерлери үчүн түшүндүрүү иштерин …

5 Июнь 2026 жыл 9:00

Суусамыр: айыл тургундары менен губернатордун жолугушуусу өттү

ЖЖайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Аширбек Элкинбек Токтогоновичтин жергиликтүү эл менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда тургундар тарабынан бир катар орчундуу маселелер көтөрүлдү. Алардын катарында саламаттык …

3 Июнь 2026 жыл 9:26

Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык салтанат өттү

К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш чара өткөрүлдү. Алгач китепкана кызматкерлери балдарга ачык асман алдында сүрөт тарттырып, китеп окуп беришти.

2 Июнь 2026 жыл 8:48

Түп районунда Китепканачылар күнү жана Мукай Элебаевдин 120 жылдыгына арналган маданий кече өттү

Түп райондук маданият үйүндө 27-май — Китепканачылар күнү жана көрүнүктүү акын-жазуучу Мукай Элебаевдин 120 жылдыгына арналган поэзия кечеси жана майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

1 Июнь 2026 жыл 21:01

Тасма айылында Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Тасма айылында балдар үчүн жагымдуу майрамдык саамалык уюштурулду. Майрамдын алкагында айылдын жаш тургундарына бекер балмуздак таратылып, алардын майрамдык маанайына өзгөчө көрк кошулду.

1 Июнь 2026 жыл 20:57

Түп районунун медайымдары «Ден сак адам — өнүккөн өлкө» спорттук оюндарында күч сынашты

5-май – Эл аралык акушерлер күнү жана 12-май – Эл аралык медайымдар күнүнө карата Түп районунда медицина кызматкерлеринин арасында «Ден сак адам — өнүккөн өлкө» аталышындагы спорттук мелдеш өткөрүлдү.

1 Июнь 2026 жыл 18:04

Дарыгер Райкан Көкүмова окуучуларга жана жаш кабарчыларга колдоо көрсөттү

Токтогул районуна караштуу Турусбек мектебинде «Акыркы коңгуроо» салтанаты өттү. Иш-чаранын алкагында билим берүү уясына дайыма дем берип, алдыңкы окуучулар менен мугалимдерди кубаттап келген конок — Саламаттыкты сактоонун отличниги, белгилүү дарыгер-кардиолог …

31 Май 2026 жыл 23:57

Дөбөлүдө бала бакчанын бүтүрүүчүлөрүнө арналган майрамдык кече өттү

26-май күнү Дөбөлү айылынын маданият үйүндө бала бакчанын бүтүрүүчүлөрүнө арналган «Кош бол, бала бакча!» аттуу майрамдык кече өткөрүлдү.

31 Май 2026 жыл 12:06

Нарын облусунун өкүлү Нурбек Сатаров Сары-Булак айыл аймагындагы тургундар менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Сары-Булак айыл аймагына иш сапары менен келип, Төлөк айылындагы Кең-Суу айылдык клубунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.

30 Май 2026 жыл 20:17

Суусамыр айылында «Акыркы коңгуроо» иш-чарасы болуп өттү

Бүтүрүүчүлөр тарабынан уюштурулган чакан концерттик программа тартууланып, окуу жылында ар кандай жетишкендиктерге жетишкен окуучуларга жана аларды даярдаган мугалимдерге мактоо баракчалары менен акчалай сыйлыктар тапшырылды.

29 Май 2026 жыл 15:41

Курман айтта муктаждарга эт таратылды

Чолпон айылында Курман айт майрамынын урматына 15 бодо мал союлуп, анын эти жетим-жесирлерге, томолой жетимдерге жана муктаж үй-бүлөлөргө таратылды. Айыл тургундары бул саамалыкты Алланын ыраазычылыгы үчүн жасап, ынтымак менен өткөрүп …

27 Май 2026 жыл 19:52

Акталаада Айт намазы окулду

Бүгүн, Баетов айылынын Дөрбөлжүн аянтында ыйык Курман айт майрамына карата айт намазы окулду. Майрамдык иш-чарага район тургундары менен катар дин кызматкерлери жана район жетекчилиги катышты.

27 Май 2026 жыл 12:00

Ак-Талаада темир жол куруучулары айыл көчөлөрүн оңдогонго жардам көрсөттү

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылында  Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушунда эмгектенип жаткан экинчи базанын жамааты айылдын ички көчөлөрүн оңдоого көмөк көрсөтүштү.

26 Май 2026 жыл 20:52

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...