Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Маалымат алуу

Түп районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар өттү

19-май күнү Түп районунда жергиликтүү тургундар менен кезектеги жолугушуулар өткөрүлүп, алар Ысык-Көл, Карасаев жана Түп айыл аймактарын камтыды. Жолугушууга Ысык-Көл облусунун жетекчиси Бакытбек Жетигенов катышып, аймактагы актуалдуу маселелерди жеринде угуп, …

20 Май 2026 жыл 20:40

Дөбөлүдө “Салттуу сайма дүйнөсү” аттуу маданий иш-чара өттү

Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан Кайып Калназаров атындагы Дөбөлү айылдык тарыхый‑этнографиялык музейинде Эл аралык музейлер күнүнө карата «Салттуу сайма дүйнөсү» аттуу маданий иш чара уюштурулуп өткөрүлдү.

20 Май 2026 жыл 15:19

Кочкордо энелер күнү белгиленди

Майрамдык иш-чарага Кочкор райондогу ардактуу энелер, көп балалуу апалар, мамлекеттик мекеме ишканалардын өкүлдөрү катышты.

20 Май 2026 жыл 9:44

Токтогулда англис тили мугалимдери үчүн семинар өтүлдү

Токтогул шаарындагы, билим берүү бөлүмүндө Нургазиев мектебинин англис тили мугалимдери тарабынан уюштурулган тажрыйба алмашуу семинары болуп өттү. Иш-чарага райондук методисттер, секция жетекчиси Ратбү Сатарова, аймактагы мектептердин мугалимдери жана мектептерде иштеген …

19 Май 2026 жыл 23:46

Быйыл курман айт 27-майда болот

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (Муфтият) расмий маалыматы боюнча, 2026-жылы Курман айт майрамы 27-майда (шаршемби күнү) белгиленет, ал эми андан мурунку күн, 26-май — Арапа күнү болуп саналат. Курман айт (арабча …

19 Май 2026 жыл 21:19

Түп районунда “Үй-бүлөнү жана өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо” жумалыгы өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 11–16-май күндөрү “Үй-бүлөнү жана өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо” жумалыгы уюштурулду. Түп райондук прокуратурасынын демилгеси жана Түп райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен уюштурулган жумалыктын алкагында Түп райондук ички …

19 Май 2026 жыл 10:34

Нарындык окуучулар интеллектуалдык таймашта I орунду ээледи

18-май күнү Нарын шаарында облустук деңгээлдеги “Өмүрдөн кымбат Ата-Журт” аттуу интеллектуалдык сүрөт таймашы өткөрүлдү. Таймаш мекенге болгон сүйүүнү, билимди жана ынтымакты даңазалоону максат кылды.

19 Май 2026 жыл 10:26

Өзүбүздүн улуттук баалуулуктарды унутпасак… Кол өнөрчү Батма Бейшеева

Батма Бейшеева  бардык убактысын кол өнөрчүлүккө арнаган айым. Өз айылына уз катары таанылган каарманыбыздын кол өнөрчүлүккө кандай эмгек тийиштүү болсо ошонун бардыгын жасоо колунан келет. Ак-Талаа районунун, Жерге-Тал айылынын тургуну.

19 Май 2026 жыл 8:15

Экзотикалык үй жаныбары: кызыл кулак ташбаканын жашоосу

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын тургуну 48 жаштагы тургуну Абдалбек Турсуналиев мал чарбачылык, дыйканчылык  менен алектенет жана үй канаттуулары менен бирге  өзгөчө жандык-кызыл кулак суу ташбакасын  багып жатат.

19 Май 2026 жыл 8:05

Акталаадагы күтүүсүз табылга: адам сөөгү кимге таандык?

Ак-Талаа районунун Баетов айылында таза суу үчүн траншея казылып жаткан учурда жер алдынан адам сөөгү табылды. Жергиликтүү тургундардын айтымында, окуя 16-май күнү болгон. Таза суу өткөрүү үчүн казуу иштери жүрүп …

19 Май 2026 жыл 7:59

Ак-Талаада Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы Алманбет Акматов ээлеген кызматынан бошотулду

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы Алманбет Акматов ээлеген кызматынан бошотулду. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда, Алманбет Акматов жүйөөлүү себептердин жана өзүнүн жазган арызынын негизинде кызматынан алынган. Ал …

18 Май 2026 жыл 21:46

Токтогулга Франция элчиси Николас Фай келип кетти

Токтогул шаарында аймактын билим берүү жана туризм тармагы үчүн тарыхый мааниге ээ окуя өттү. Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Фай расмий иш сапары менен Токтогулга келди.

18 Май 2026 жыл 12:40

Урматбек Самаев Токтогул районунун акими болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Самаев Урматбек Орозбекович Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким болуп дайындалды. Ал бул кызматта 2021-жылдан бери иштеп, өз каалоосу менен кызматтан кетүү …

18 Май 2026 жыл 10:04

Токтогулда француз тилин окутуу борбору ачылды

Токтогул шаарындагы А. Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицейдин базасында аймактын билим берүү тармагы үчүн тарыхый окуя болду. Мында жаштарга дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүүнү максат кылган заманбап француз тилин окутуу борборунун …

17 Май 2026 жыл 23:54

Учкун айыл аймагына арзандатылган күйүүчү май бөлүндү

Жазгы айдап-себүү иштери кызуу жүрүп жаткан учурда күйүүчү майдын баасынын кымбатташы дыйкандар үчүн бир катар кыйынчылыктарды жаратууда. Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагына мамлекеттик резервден жалпы 18 тонна күйүүчү май …

17 Май 2026 жыл 21:33

Ар ишембиде мекемелер ишембиликте

Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагында мекемелер арасында жарыяланган үч айлык ишембилик ийгиликтүү өткөрүлдү. Ишембилик 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин уюштурулуп, ага айыл аймагындагы бардык мекеме-ишканалар активдүү катышты. Ар бир мекемеге …

17 Май 2026 жыл 21:30

Акталаада калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо иштери жүрүүдө

Учурда Ак-Талаа району боюнча 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында оңдоо жана кайра куруу иштери жүрүп жатат. Жылдык иш-пландын негизинде 460 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгыларын жана 246 даана 10/0,4 …

17 Май 2026 жыл 21:21

Климаттын өзгөрүшү эң чоң көйгөй ал табигый кырсыктарга алып келет

Акыркы жылдары дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүшү чоң көйгөйгө айланды. Абанын булганышы, токойлордун кыйылышы жана завод-фабрикалардан чыккан зыяндуу газдар Жер шарынын температурасынын жогорулашына себеп болууда. Мунун натыйжасында мөңгүлөр эрип, кургакчылык, сел …

17 Май 2026 жыл 20:14

Акталаада Нарын дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагында Нарын дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул иш-чара жээк эрозиясын алдын алуу жана кооптуу участокторду коргоо максатын көздөйт.

15 Май 2026 жыл 13:47

Нарын облусунун башчысы Нурбек Сатаров Ак-Талаа районунда эл менен жолукту

11-майдан баштап Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо, Ала-Буга, Кара-Бүргөн , Баетов айыл өкмөттөрүндө болуп, эл менен жолукту.  Дубан башчы менен бирге Нарын облусунун …

13 Май 2026 жыл 9:03

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...