Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Сары-Булак айыл аймагына иш сапары менен келип, Төлөк айылындагы Кең-Суу айылдык клубунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.
Бүтүрүүчүлөр тарабынан уюштурулган чакан концерттик программа тартууланып, окуу жылында ар кандай жетишкендиктерге жетишкен окуучуларга жана аларды даярдаган мугалимдерге мактоо баракчалары менен акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Чолпон айылында Курман айт майрамынын урматына 15 бодо мал союлуп, анын эти жетим-жесирлерге, томолой жетимдерге жана муктаж үй-бүлөлөргө таратылды. Айыл тургундары бул саамалыкты Алланын ыраазычылыгы үчүн жасап, ынтымак менен өткөрүп …
Бүгүн, Баетов айылынын Дөрбөлжүн аянтында ыйык Курман айт майрамына карата айт намазы окулду. Майрамдык иш-чарага район тургундары менен катар дин кызматкерлери жана район жетекчилиги катышты.
Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушунда эмгектенип жаткан экинчи базанын жамааты айылдын ички көчөлөрүн оңдоого көмөк көрсөтүштү.
ИСУР коомдук фонду тарабынан мындан эки ай мурун уюштурулган «Эко-Лидер-Мектеби» долбоору Соң-Көл жалпы билим берүү мектебинде өзүнүн жыйынтыктоо аземин өткөрдү.
Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде айымдардан чыккан белгилүү акын Шербет Келдибекованын элесине арналган «Көөнөрбөс нук» аталышындагы поэзия кечеси болуп өттү.
Ак_талаа районунда “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында райондун 90 жылдык мааракесине карата Баетов айыл аймагына караштуу Кара-Суу чөлкөмүнүн Төө-Төшү тилкесиндеги 70 гектар аянтка карагай көчөттөрү отургузулду.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу Акылзат Токтобекова «Мен Кыргызстандык экениме» сыймыктанам аттуу сынактын республикалык турунда 2-орунду жеңип алды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 1926-жылы негизделсе, Ак-Талаа райондук статистика бөлүмү 1939-жылдын ноябрь айында “Эл чарбасынын эсеп башкармасы” катары түзүлгөн. Ошондон тарта бөлүм райондогу мекеме-ишканалардын, колхоз-совхоздордун эсебин жүргүзүп, калкты жана …
Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагындагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалимдери кыргыз элинин улуттук маданиятын даңазалаган “Сармерден” кыз-жигиттер таймашын өткөрүштү.Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров …
Сары-Булак айылындагы таштанды чыгаруучу жайдын айланасын тосуу иштери башталды. Полигондун аймагын иретке келтирүү жана экологиялык абалды жакшыртуу максатындагы бул ишке керектүү материалдарды “Төлөк-Ак-Кыя” муниципалдык ишканасы каржылап, учурда жеринде тосмо орнотуу …
Эмгек менен адамдын кадыры артарын, талыкпаган аракет гана ийгиликке жеткирерин өмүр жолу менен далилдеген инсандардын бири Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты, маданияттын мыкты кызматкери, «Ак Бакай» апалар тобунун жетекчиси Майрамкан Ондошова. …
“Жеңишке 50 жыл” атомдук муз жаргычы менен Түндүк уюлга бара турган эл аралык “Билимдин муз жаргычы” экспедициясына катышуу үчүн Кыргызстандан рекорддук сандагы окуучулар арыз беришти. Учурда тандоонун экинчи этабы жүрүп …
Суусамыр айылындагы айылдык ооруканада 16 жашка толгон мектеп окуучуларына эмдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Эмдөөгө келген окуучулардын алгач кан басымы өлчөнүп, жалпы ден соолугу текшерилгенден кийин гана вакцина сайылууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги №93 Жарлыгын ишке ашыруу жана энелерге көңүл буруу максатында Карасаев айыл өкмөтү тарабынан иш-чаралар планы бекитилип, 2026-жылдын 16-майынан 23-майына чейин «Аял-эне, аял-жар, үйдүн куту асылдар!» …
Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылында Энелер күнү белгиленип, анда 48 энеге «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды. Ала-буга айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Медетованын маалыматына караганда, аталган айылда Энелер күнү менен …
Жаңы дайындалган аким Урматбек Самаевдин жетекчилигинде Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алгачкы кезектеги коллегиялык отуруму болуп өттү. Жыйында аймактын 2026-жылдын алгачкы үч айындагы өнүгүү көрсөткүчтөрү талданып, алдыдагы негизги милдеттер белгиленди.
Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Суусамыр–Арал стратегиялык жолунун абалы жана аны оңдоо маселеси каралды. Суусамыр–Арал жолу көп жылдан бери талкууланып, бирок толук чечимге келе элек жана иш жүрүшү үзгүлтүккө учурап …
Кыргызстанда пенсия курагындагы жарандарды социалдык жактан колдоо жана алардын кирешесин өлкөдөгү реалдуу экономикалык кырдаалга шайкеш келтирүү максатында кезектеги кадамдар ташталууда. Социалдык фонддун өкүлү Жеңишбек Мукамбетовдун маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын октябрь …