Нарын районуна караштуу Куланак айылында таза суу төрт күнгө токтотулду. Айылдын суу башчысынын айтымында, суу түтүктөрү эскирип, жарактан чыгып калган.
Өспүрүмдөр арасында баңгиликтин алдын алуу максатында волейбол оюну өткөрүлдү. Оюн Баетов айылындагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинде болуп, ага облустук жана райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун өкүлдөрү катышты.
Сопиев орто мектебинде жылына болуучу жазгы спорттук Манасиядага даярдыктар жүрүп жатат. Былтыр мектептин спортсмендери аймактан 2-орун болсо, быйыл 1-орунга жетишебиз деген үмүттө.
Көптөн бери чечилбей келе жаткан бирдиктүү мектеп формасы ата-энелерге кыйынчылык алып келип жатат. Анткени бирдиктүү форма Бакай-Атадагы Ленин орто мектебинде ата-энелердин каршылыгынан улам кабыл алынбай калган.
Бул фестивалда Үч-Коргон айыл аймагындагы төрт мектеп — Пушкин, Айни, Дружба жана Манас Ата орто мектептери катышып, төрт улуттун каада салттарын жана үрп-адаттарын чагылдырышты.
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде “Эл агартуунун отличниги” наамын алган 13 эже-агайдын ичинен үчү ардактуу эс алууда болсо, калгандары мектепте эмгектенүүдө. Бул макалабызда алардын бири Осмонбек Өмүралиев …
Түп районуна караштуу Тасма айылында пенсия көбөйүүдө. Бирок пенсия алуучулар дагы деле нааразычылыктарын билдирди.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Асанакун Дүйшөбаев учурда 79 жашта. Жашы улгайганына карабай баскан-турганы, сүйлөгөнү тың дешет айыл тургундары.
Айыл тургуну Кудайберген Абдылдаев волга үлгүсүндөгү жеңил авто унаны жүк ташуучу унага айландырды. Кайра жасалган жаңы унааны айыл тургурдары ар кандай жүктөрдү ташуу үчүн кызматын колдонуп жатышат.
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде “Күз майрамы” белгиленип, ага 5-7-класстын окуучулары катышты.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ар багыттагы адистери белгиленген график боюнча райондогу 17 мектептин окуучуларын кезектеги медициналык кароодон өткөрүштү.
Кыргыз Республикасынын Эл мугалими М.Базаркуловдун 80 жылдык мааракесине карата Ак-Талаа райондук маданият үйүндө көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөгө сүрөттөр, дубал гезиттер жана окуучулардын дилбаяндары коюлган.
15 жыл бою агартуу министри болуп иштеген М.Базаркуловдун 80 жылдык мааракеси өзүнүн туулуп-өскөн жеринде салтанат менен белгиленди. Ага райондун жетекчилиги, мекеме жетекчилери, агартуу кызматкерлери жана окуучулар катышты.
Мурдатан келе жаткан форма фартукка көнүп калган Токтоян айылынын элдери жаңы формага көз караштары башкача. Форманын чыкканы жакшы, бирок бааларынын кымбаттыгы карапайым элди тынчсыздандырып жатканын айтышат.
Азыркы маалымат доорунда болочок кесипти таңдоодо жардамга келчү булактар миңдеп саналат.Жөндөм,шыкты өнүктүрө турган окууга барасыңбы,же маселени ата-эне, туугандар чечишеби?Кыргызстанда кайсы кесип ээлерине талап күчтүү,канткенде болосок диплом өзүнө да,коомго да пайда …
Ашырбай Коёнкөзов мектебинде окуучулардын саны 215 болсо, алардын бардыгына китептер толугу менен жетишсиз.
Түп районундагы Токтоян айылынын Ашырбай Коёнкөзов жалпы орто билим берүү мектебинде химия сабагынан берген мугалим жок болгондуктан, мектеп директору, математик Калык Албанов кошумча кылып химия сабагынан берет. Мындан улам мектеп окуучулары жетишээрлик …
Күз мезгили келип Тасма айылы быйыл өзгөчө кооздукка бөлөнүүдө. Жылдагыдан айырмаланып быйыл күн жылуу болуп, эгиндер мол болду, дейт айыл тургуну Майрамкүл Ысмагулова.
Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин мугалими Анара Жаркынбаева Билим беруу министринин ардак грамотасына ээ болду. Жаркынбаева аталган мектепте башталгыч класстын мугалими болуп 36 жылдан бери эмгектенип келет.
Тасма айылынын тургуну Кекил Ишенбаева учурда 67 жашка келип калды. Кекил энени айыл тургундарынын бардыгы таанышат. Себеби кандай гана оору болбосун ага кайрылышат.