Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Сүрөт

Түп районунда мыйзам талаптарына жооп бербеген 12 көрнөк-жарнак алынды

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Түп районунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарынын аткарылышын камсыздоо максатында мониторинг иштери жүргүзүлдү.

29 Июль 2026 жыл 11:25

Түптүк окуучулар менталдык арифметика боюнча эл аралык жана республикалык таймаштарда ийгилик жаратышты

Түп балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун «Менталдык арифметика» ийриминин тарбиялануучулары эл аралык жана республикалык билим таймаштарында ийгиликтүү катышып, бир катар байгелүү орундарды багындырышты.

28 Июль 2026 жыл 8:59

2026–2027-окуу жылындагы мектептик каникулдардын графиги бекитилди

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2026–2027-окуу жылы үчүн мектептик каникулдардын графигин бекитти. Базистик окуу планына ылайык, окуучулар окуу жылы ичинде төрт жолу эс алышат.

27 Июль 2026 жыл 12:14

Токтогул суу сактагычына келип эс алып сууга түшсө болот

Токтогул суу сактагычы жай мезгилинде эс алуучулар эң көп келген жайлардын бири. Айрыкча күн ысыган учурда Бишкек, Талас жана өлкөнүн башка аймактарынан келген меймандар бул жерге келип, табият койнунда эс …

27 Июль 2026 жыл 0:58

Токтогул – тарыхы, табияты жана энергетикалык кубаты менен өзгөчөлөнгөн аймак

Токтогул шаары өзүнүн ажайып жаратылышы, бай тарыхы жана Кыргызстандын энергетикалык тармагындагы стратегиялык мааниси менен айырмаланат.

26 Июль 2026 жыл 23:51

Ысык-Көлдүн 6 бүтүрүүчүсү Президенттин сыйлыгына татыды

Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча “Алтын сертификатка” татыктуу болгон жана эң жогорку көрсөткүчтөрдү камсыздаган республикадагы 76 бүтүрүүчүгө Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан баалуу белектер жана “Кыргыз Республикасынын Президентинин сыймыгы” сертификаты …

26 Июль 2026 жыл 17:08

Бүтүрүүчүлөрдөн мектепке жашыл мурас

Ар бир билим берүү мекемесинин өзүнө гана таандык жакшы салттары болот. Корчубек Акназаров атындагы мектепте ошондой салттардын бири – бүтүрүүчүлөрдүн өз мектебине эстелик катары мөмөлүү дарактарды отургузуп, жашыл мурас калтыруусу.

25 Июль 2026 жыл 11:08

Токтогул шаарына жаңы мэр дайындалды

Токтогул шаарынын мэри болуп буга чейин Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келген Рамис Өмүрканов дайындалды.Жаңы дайындалган мэрди Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Урматбек Самаев шаар мэриясынын эмгек …

25 Июль 2026 жыл 0:21

Чолпон айылында Айтматовдун мурасы жана Үркүн эскерилди

21-июлда Кочкор районунун Чолпон айылындагы маданият үйүндө «Улуттук дем — Дүйнөлүк бийиктик» жана «Улуу мурас — Түбөлүк жашаган Айтматов дүйнөсү» аттуу райондук семинар өттү. Маданий иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун …

23 Июль 2026 жыл 10:15

Ак-Талаада Арпа жайлоосуна барчу жол оңдолууда

Ак-Талаа районундагы Арпа жайлоосуна алып баруучу жолду оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Максат — жайыттарга жетүүнү жеңилдетип, малчылар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү.

22 Июль 2026 жыл 17:03

Ак-Талаада көп балалуу энелер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты

Кечээ Ак-Талаа районунда КРнын  Президентинин 13.05. 2026-ж. №161 жана №162 Жарлыктарына ылайык, көп балалуу энелер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Тактап айтканда, жети жана андан көп баланы төрөп, аларды татыктуу тарбиялаган …

22 Июль 2026 жыл 16:59

Кочкордо Турдакун Усубалиевдин эстелигине QR-код орнотулду

Нарын облусунун Кочкор айылында Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелигинин жанына заманбап QR-код орнотулду. Демилге жаштарга жана айылдын конокторуна тарыхый инсандын өмүр жолу жана эмгек жолу …

22 Июль 2026 жыл 16:39

Суусамырдагы «Достук» муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу «Достук» муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды. Бул техникалар коммуналдык кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган.

22 Июль 2026 жыл 16:39

Суусамыр: Кожомкул айылында 100 орундуу бала бакча салынууда

Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн Кожомкул айылында 100 орундуу жаңы бала бакча курулуп жатат. Бул долбоор мектепке чейинки билим берүү шарттарын жакшыртууга багытталган.

22 Июль 2026 жыл 16:30

Чолпон айылындагы Тамара Каатбек кызы көчөсү — эмгекчил адамдар жашаган көчө

Чолпон айылында эл үчүн эмгектенген инсандардын ысымы ыйгарылган көчөлөр бар. Алардын бири — Тамара Каатбек кызы көчөсү. Аталган көчөдө курулуш, музыка жана ишкердик тармагында иштеген тургундар жашайт.

22 Июль 2026 жыл 11:55

2026-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстанда «Бала ырысы» программасы ишке киргизилди

Кыргызстанда үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган жаңы «Бала ырысы» универсалдуу жөлөкпул программасы ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы маалымат борборунда кабарланды.

21 Июль 2026 жыл 23:58

Ошто журналисттер үчүн жасалма интеллектти колдонуу боюнча тренинг өттү

Ош шаарында 14–15-июль күндөрү журналисттер үчүн инклюзивдүү жана гендердик сезимтал журналистикада санариптик инструменттерди жана жасалма интеллектти (ЖИ) колдонуу боюнча эки күндүк тренинг өттү.

19 Июль 2026 жыл 0:34

Аптаптуу ысыктан кантип коргонсо болот

Аптаптуу ысык — бул абанын температурасы адамдын организмине терс таасирин тийгизе турган деңгээлге чейин көтөрүлгөн табигый кубулуш. Соңку жылдары глобалдык жылуулануудан улам жай мезгилиндеги аномалдуу ысык күндөр узарып жана күчөп …

18 Июль 2026 жыл 23:04

Акталаадагы Муса Баетов атындагы бала бакчасы жаңы эмеректер менен камсыздалды

Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылындагы Муса Баетов атындагы  бала бакча Ак-Талаа райондук өнүктүрүү фонду аркылуу  600 миң сомдук жаңы эмеректер менен камсыздалды. Долбоордун алкагында бала бакчага телевизор, муздаткыч, балдардын сабак окуусу …

14 Июль 2026 жыл 19:54

«Бала ырысы» ай сайын төлөнүүчү мамлекеттик жөлөкпул үчүн документтер кабыл алынууда

Үстүбүздөгү жылдын   1-июлунан тартып үч жашка чейинки бардык балдар үчүн ай сайын берилүүчү «Бала ырысы»  жаңы мамлекеттик жөлөкпул  киргизилди. Жөлөкпулдун өлчөмү айына 1200 сомду түзүп, ал үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, бала …

14 Июль 2026 жыл 10:15

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...