Тогуз-Торо районуна караштуу Көк-Ирим, Сары-Булуң, Атай айыл аймактарынын муниципалдык кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары 10 күндүк окуудан өтүштү.
Тогуз- Торо районундагы Балдар- өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун отчеттук концерти болуп өттү.
28–майда Талас облусунун Кара — Буура райондук соту Кара — Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы Токтогул Бабанов атындагы лицей-интернатынын сегизинчи, тогузунчу, онунчу класстарынын окуучуларына ачык эшиктер күнүн уюштуруп берди.
Сүрөт конкурсу Тогуз-Торо районунда Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата “Ысык-Көл балдардын көзү менен” деген темада мектептер арасында өткөрүлгөн.
Кадыркулов Актанбек Курманбекович Кызыл- Туунун жаштарына «Эко мектеп» долбоору тууралуу айтып берди.
Суусамыр айылынын кире бериш жерине айылдын аты жазылган арка коюлду. Бул арканы Суусамыр орто мектебин жыйырма жыл мурун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлѳр тарабынан коюшту. Азыркы учурда арка орнотулуп бүтүп айыл тургундарына …
Суусамыр айылындагы Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде 25-май “Акыркы коңгуроо” майрамы болуп өттү. Быйылкы 11-классынын бүтүрүүчүлөрү абдан толкундануу менен бирге салтанаттуу майрамды жогорку деӊгээлде ѳткѳрүштү.
Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу жана Ставропол айылдарында сугат иштерине даярдык көрүлө баштады. Өнүгүү саясаты институтунун (ИПР)долбооруна катышып, утуп алган “Беларус” үлгүсүндөгү атайын трактор иштей баштады.
23- майда Бакай-Ата айыл аймагынын тургундары жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусунда түз эфирди угушту.
Тогуз-Торо районундагы Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин окуучулары 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата сынакка катышууга даярдык жүрүп жатат.
Кызыл- Туу айылынын жаштары кызыктуу жолугушуунун кγбөсү болушту. Аларга айыл тургуну Калипа апа жылдыздар тууралуу уламыштарды айтып берди.
Сары-Булуң айыл мультимедиа борборунун түз эфиринде жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте маек өткөрүлдү.
Барскоон айылынын аксакалдар сотунун жана аксакалдар кеӊеши жөнүндө жергиликтүү тургундар билишеби, ушул эле аксакалдар сотунун жана аксакалдар кеӊешинин айылдын өнүгүүсүнө кошкон салымдарын билүүгө кызыгышабы деген ой жаралгандыктан алардын ишмердүүлүгү, укуктары …
Сүлүктү шаардык маданият сарайында Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган отличниктердин слетунун 10- жылдык юбилейи өтүп жатат. Слётко Сүлүктү шаары боюнча бардык мектеп, гимназия жана лицейлерден окуудагы эң мыкты …
«Дени сак улут- өнүгүп жаткан өлкө» урааны астындагы спорттук мелдеши Бакай- Ата районунда өтүүдө. Бул тууралуу аталган райондук администрация тарабынан билдиришти.
Ушул жылдын 19-май күнү Нарын шаарында Катар мамлекетинин кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган кайрымдуулук кече болуп өттү. Ал кечеде жардамга муктаж өспүрүм балдарга жардам көрсөтүлдү. Бул кайрымдуулук кечесине Кызыл-Жылдыз айылынын …
19-майда кѳптѳн күткѳн « Акыл Ордо» интеллектуалдык долбоору Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде болуп ѳттү. Сынак 5 мектепте окуучулар арасында эң мыктысы тандалып, супер финалга жолдомо алышкан.
Бүгүн 21-майда жергиликтүү кеңештин кезектүү 17-сессия болду. Жыйынга 19 депутат катышып, күн тартибинде Суусамыр айыл өкмөтүнүн адистеринин 2017-2018-жылдар үчүн аткарган иштери тууралуу маалыматын угуу, “Суусамыр FM” радиосунун иштери тууралуу маалыматын …
Бишкектеги жогорку окуу жайынын биринде жыйынтыкталган «Билим Time» китеп окурмандарынын сынагында жеңүүчү деп табылган, Сүлүктүдөгү №9 гимназиянын бүтүрүүчүсү, биринчи курстун студенткасы Алия Шерматова учкан уясына салам жолдоду.
“Суусамыр FM” жамааттык радиосунун түз эфиринде жергиликтүү кеңештин ишмердүүлүгүнө арналган түз эфирдеги талкуу болду. Бул уктуруу “Демократия сааты” долбоорунун алкагында даярдалып, Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фонду тарабынан каржыланууда.