«Спорт-ден соолуктун булагы» дегендей Барскоон айыл жаштарынын суранычынан улам айылдык мектепке Грек-Рим күрөшү боюнча машыгуу залы ачылган. Күрөшкө жалпысынан отуздан ашык мектеп окуучулары катышат.
Нарын районунун Куланак айылынын тургуну Жылдыз Абдыразакова көп кырдуу таланттын ээси. Ыр жазуу, кийиз, жүндөрдү иштетүү, курак куроо менен алектенет.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев орто мектебинде «Желе» интеллектуалдык сабагы өткөрүлдү. Ал сабакка 8-9-10-11-класстын окуучулары катышты.
Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылына балдар бакчасы ачылды. Балдар бакчасынын курулганын себеби, айылда балдар көп болуп, мурунку бала бакчага батпай, бала бакчага бара албай калган.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебине КТРК нын кабарчылары 28-декабрь айында Эшбай ата жөнүндө жаңылык жазып кетишкен. Бул жазылган маалымат «КТРК» жана «Маданият» каналында жарык көргөн.
Нарын районунун Куланак айылында окуучулардын жана ата-энелердин каалоосу менен мектепке менталдык арифметика боюнча ийрим ачылган. Окуп жаткан окуучулардын алгачкы олимпиадасы Аралбаев мектебинде 16-февралда болуп өттү.
Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата «Бар бол жоокер»аттуу сынак өткөрүлдү. Сынакка 9-10 жана 11-класстан төрттөн окуучу бала катышышты.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында башталгыч класстар окуган эски мектеп жакшы жылыбай, окуучулар кышкы кийим менен отурушат. Мектептин жылуулук системасын камсыз кылган көмүр 2017-жылдын 8-августунда 59 тонна келип түшкөн болсо, …
Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылына азык-түлүк дүкөнү ачылды. Бул дүкөндү курууга 350000 эсебиндеги каражат сарпталган. Бул дүкөндө азыркы учурда 150000 сомдук азык-түлүктөр бар.
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн көчөлөрү жарыктандырылды. Көчө жарыгы Архимед Турдубеков аттуу борбордук көчөлөрүнө тургузулган жана 3 километрге жакын көчөлөр жарыктандырылды.
Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата кыздар арасында таймаш өттү.
Сары-Булуң мультимедиа борборунун кабарчылары Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту. Мультимедианын кабарчылары Азем Маратова, Нуриза Рыскулова жана координатору Анара Мааметовалар барышты.
Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун координатору жана кабарчылары Кыргыз радиосунда “Кутман таң” программасында маек курушту.
Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Элчибек Мөкүшов өз колу менен түрдүү эмеректерди жасайт.
Талас шаарынын аймагында “Подросток ночь” аталыштагы атайын рейд өткөрүлгөн. Бул рейддин максаты жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу жана профилактика жасоо. Бул рейддин аты айтып тургандай өспүрүмдөрдүн түнкү саат 22:00 …
Талас шаарынын «Манас Ата Сапат» балдар лицейинде өзүнө 20 теманы камтыган англис тилинде дебат өттү. Дебат 21-22 февралда болуп өттү. Эки күндүк дебатка Талас Мамлекеттик Университет, Талас шаарынын мектептери, Талас …
Бүгүн Талас шаарындагы Байбол ресторанында “Кыргызстандагы адам укуктары боюнча кырдаалга баа берүү”- темада форумга Талас облусунун ыйгарым өкүлчүлүгүнүн орун басары, Талас, Манас, Кара-Буура райондорунун акимчилигинин өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, …
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Азатбек Мукулов жаңы карагай тилүүчү шайман алып келди. Анын өзгөчөлүгү колдонууга жеңил жана сапаты мыкты экенин айтты. Карагай тилгичти мындан бир жыл мурун Ысык-Көл …
Мындан 29 жыл мурда 5-февраль күнү Афган жергесинен акыркы советтик жоокер чыгарылып кеткен. Ошондон бери бул дата өлкөбүздө Афган согушуна катышкан ардагерлер күнү катары белгиленип келет. Мына ушул күнгө байланыштуу Ак-Талаа …
Жерге-Тал айылындагы Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинде “Билерман ордо” интеллектуалдык таймаш болуп, анда билимдүү окуучулардын “Көрүүчүлөр” жана “Биримдик” командалары билимдерин сынашты. Таймаштын жүрүшүндө эки команда тең өздөрүнүн артыкчылыктарын көрсөтүүгө аракет …