Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Мээрим Кожомкулова кичине кезинен бери комуз өнөрүнө кызыгып, учурда комуз ийримин ачууну пландап жатат. Бардык ырларды комуз менен ырдаган эже менен маек курууну чечтик.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Көчөрбаев Ислам 2017-жылы республикалык “Эрежесиз эр таймаш” мелдешине катышып, ийгиликтүү орунду камсыз кылып келди. Эл аралык таймашка 23-февраль күнү Өзбекстан мамлекетине сапар алат.
№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине Кара-Суу айылынын тургундары Адылбек Темирбек уулу жана Нурсултан Куттубековдун демөөрчүлүгү менен аскерге чейинки даярдык сабагына атайын баннерлерди жана колдонулуучу куралдарды белек …
Жайыл районунун Кара-Суу айылында 12-январдан бери кар жаап, айылды жана жолдорду калың кар басып калды.Кардын калың жаашы айылдын-борбор менен карым катнашын бир топ кыйындатты. Жеңил машиналардын көпчүлүгү жолдон жүрө албай …
Жайыл районунун Кара-Балта шаарында 14-январда жаңы курулган жабык футболдук аренанын ачылуу аземи болуп өттү.
2017-жылда Кара-Суу айылынын жаштары чоң көйгөй болгон айылдын маданият үйүнүн имаратын оңдоп- түздөп, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен бирге бул имаратты жаштар машыга турган жайга айлантууну чечишти.
Талас облустук соту Талас шаарындагы «Мээрим – Себат» кыздар лицейинин окуучуларына «Ачык эшиктер күнүн» уюштурду. Бул иш чара жаш муундардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын урматтоого үйрөтүү, сот системасына …
Талас шаарына караштуу Көк- Токой айылынын тургуну Гульнура Жолдошбекова англис тилине кызыгат. Азыркы учурда Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы эл аралык окуу жайында окуйт. Буга чейин чет өлкөдө билим алып келүүгө да жетишкен.
Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жабык футболдук арена курулуп жатат. Мындай спорттук жай шаардын аймагында биринчи жолу ишке киргизилгени турат.
Кара Талаа айылынын 17 жаштагы тургуну Айгерим Адикова эң мыкты даамдарды жасайт. Анын колунан жасалган даамдарды жакындары тамшанып жешет. Тамакты мыкты жасаган Айгерим келечекте стилист кызматын аркалагысы келет. Тамак жасап …
Сары-Булуң айыл аймагындагы Булуң айылында суу түтүктөрү менен таза суу чыгарылды. Буга чейин айыл тургундары ичүүчү таза сууну өзөндөн ташып келишкен. Бул демилгени айыл тургуну өз колуна алып, ишке ашырды.
Тоң районунун Кара-Талаа айылынын 23 жаштагы тургуну Бакытбек кызы Айзада кол өнөрчүлүк менен алектенип, кошумча киреше табат.
Кара-Талаа айылынын Болот Алаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 11-классы айыл тургундарын келе жаткан жаны жылы менен куттуктап, 29-декабрь күнү жаңы жылдык кече өткөрүп беришти. Акыркы коштошуу кечеси болгондуктан …
Тоң районунунда изделип жаткан 13 жаштагы Сыймык Акылбек уулу , 21 декабрда Балыкчы шаарында табылды. Бул тууралуу РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, Сыймык саат 17:00 чамасында табылып милиция кызматкерлери аны ата …
Албетте азыркы учурда оорулардын саны арбын, алардын арасынан сасык тумоо оорусу айрыкча кышкы учурларда көптөгөн адамдарда кезигет. Бирок азыркы учурда алдын алуу , сактануу үчүн көптөгөн ыкмалар бар эмеспи. Антсе …
Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы “Ак кептер” жамааттык мультимедиа борбору өтүп бара жаткан 2017-жылды жыйынтыктады.
Таластын Жонарык айылынын тургуну Мелис Сариев учурда Жапонияда тил мектебинде билим алып жатат.
Талас шаарындагы жаштардын курамынан түзүлгөн «Айкөл» уюум “Бий сахнасынын хандары” аттуу сынак жарыялашып, учурда финалы өтүп жатат.
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде окуучулар арасында предметтик олимпиаданын 2-туру өтүүдө. Ага өрөөндөрдө өткөрүлгөн олимпиаданын 1-турунан алдыңкы орунду жеңип алган 120 окуучу катышууда.
Суусамыр ѳрѳѳнүндѳ 12-декабрда баскетбол боюнча оюн ѳттү. Анда өрөөндөгү эки мектепти окуучулары таймашты.