Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинде Улуу Жениш күнүнүн 74 жылдыгы белгиленди . Ага айыл тургундары, метеп окуучулары, бала бакчанын тарбиялануучулары катышты.
Сокулук районуна караштуу айыл ɵкмɵттɵр ортосунда «Талант тамыры элде» аттуу иш чара белгиленди. Ага 18 жаштан 35 жашка чейинки ɵнɵрлүүлɵр катышып күч сынашты.
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде 23-апрель китеп күнүнө карата «Китеп менин жан досум» аттуу адабий кече болуп өттү.
Билим берүү жана илим министирлигинин Сокулук райондук билим берүү бɵлүмү аталган райондо «Жылдын мыкты мугалими — 2019» кароо-сынагын өткөрдү. Ага беш мугалим жана эки бала бакчанын тарбиячылары катышты.
Бул жолу Якут мамлекеттик айыл чарба академиясында билим алып жаткан Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну Заида Анарбек кызын кепке тарттык. Ал, келечекке койгон максаттары, жараткан ийгиликтери менен бѳлүштү.
Убакытты китеп окуу менен өткөрүү пайдалуу экендигин баарыбыз тең эле угуп келебиз. Бирок күнүнө 20-30 мүнөттү китепке арнап коюуга моюнубуз жар бербейт. Китеп окуу кандай пайдаларды алып келээрин анык билип …
Сокулук районуна караштуу Гүлсина Капарова атындагы орто мектепте «Кош Алиппе» майрамы белгиленди. Ага ата — энелер катышып, мугалимге ыраазычылык билдиришти.
Ааламдан ɵтүп кетсе да , Айтматовдун чыгармаларынын духу жашообуздун маанисин арттырып , адамгерчиликтин түбɵлүктүүлүгүн даназалап келет.
Күн жылып, жыл мезгили алмашаары менен Кызыл-Туу аймагындагы бак-дарактар бүрдɵп, айрым гүлдɵр гүл ачууда. Айыл эли жаздын келиши менен талаа жумуштарын баштап, жаратылыштагы ɵзгɵрүүнү кубануу менен кабыл алышты.
Күн менен түн тогошкон Нооруз майрамын чыгыш элдери кылымдар бою белгилеп келет. Улуу Нооруз майрамын Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургундары жана меймандары өзгөчө шаң менен белгилешти. Элди айыл өкмөт …
Аялдардын эл аралык күнү бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө белгиленген майрам. Аны белгилөө алгач аялдардын укуктары үчүн күрөшүүдөн башталган.
Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагындагы Чодугүл Байсалбекова атындагы орто мектептин окуучулары «Ак калпак» күнүн белгилешти.
Мектепте эмгектенип баштагандан тарта өз ишин так аткарып, окуучуларды окутууда жаңы ыкмаларды колдонуп, өзүнүн иш тажрыйбасын бир эле мектеп ичинде эмес, районго чейин жайылтып келаткан Сокулук районунун Ысмайыл айылындагы Чодугүл …
Ата-энелердин позитивдүү тарбиясы жана тарбиялоодогу зомбулуксуз мамиле баланын инсан катары ɵсүп-ɵнүгүүсүнɵ чон таасирин тийгизет. Бул туурасында Сокулук районуна караштуу Аманкул Куттубаев атындагы орто мектебинде ɵткɵн семинарда сɵз болду. Ага район …
Адамдын эң негизги куралы болгон бул көз. Көз адамдарга бардык мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бекеринен элибизде “Көздүн карегиндей сакта” деп айтылбаса керек. Бул сөз менен эле биз жашообузда көздүн маанилүүлүгүн туйсак болот. Ал эми …
Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинде «Жоокерлер кушка айланып учуп жүрɵт» аттуу Баткен окуясынын 20 жылдыгына карата коогаландын баатыры Кенжебек Назар уулун эскерүү кечеси болуп ɵттү.
Сокулук районуна караштуу Кызыл- Туу айыл аймагындагы Чодугүл Байсалбекова атындагы орто мектептин мугалими Клара Эшимбекова 1983- жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет. 36 жылдан ашуун балдарга ɵмүрүн арнаган каарманыбыз, алгачкы эмгек …