Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Баетов

Айылдык ооруканага Москвадагы мигранттар кир жуучу машина алып беришти

Москада эмгектенип жүргөн Кош-Дөбөлүк мекендештер өз айылындагы ооруканага кир жуучу автомат машина алып беришти.

22 Декабрь 2020 жыл 16:28

Окуучулар мектепте беткапты тез-тез алмаштырып туруусу зарыл

Аделя Адисбекова 9-класстын окуучусу. Салттуу окутуу башталганда мектепке бет кап тагынып келе баштаган. Бирок белгисиз себептерден улам, жүзүнүн бет кап тагынган жерлери кызарып, жаралана баштаган.

22 Декабрь 2020 жыл 14:23

Элетте балага туулгандыгы тууралуу күбөлүктү убагында албай жүрө беришет

Көчүлүк айыл тургундары балага туулгандыгы тууралуу күбөлүктү убагында албай жүрө беришет. Анткени баланын төрөлгөндүгүн тастыктаган төрөт үйүнөн берилүүчү  форма 103 жоготуп жиберишет, же аны албай кетишет. Айтор себептери ар кандай.

22 Декабрь 2020 жыл 10:18

Салттуу окутуу балдардын саламаттыгына таасир эткен жок

Ак-Талаа районундагы мектептерде салттуу окуу башталгандан бери балдар арасында ооруп кайрылгандар болгон эмес. Мындай маалыматты Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Гулнара Нуркемелова билдирди.

18 Декабрь 2020 жыл 23:56

Күн суукта беткап тагынуу бир топ ыңгайсыздыкты жаратат

Ак-Талаа районунда эпидемиологиялык абал туруктуу деген менен илдеттин катталуусу азая элек. Демек дагы да болсо санитардык эрежелерди сактап, бет кап кийүү зарылдыгы бар. Бирок учурда кыш мезгили болгондуктан баш кийим …

18 Декабрь 2020 жыл 23:47

Мигранттардын балдарына жөлөк пул төлөнбөйт

Ак-Талаа районунда 424 ички жана 184 сырткы мигранттын үй-бүлөсү аныкталган. Бул үй-бүлөлөрдө жалпы 727 бала тарбияланып жатат. Ал эми 14 баланын мыйзамдуу камкорчусу бар. Тилекке каршы алар дагы жөлөк пул …

18 Декабрь 2020 жыл 21:07

Акталаада зордук-зомбулукту алдын-алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ак-Талаа районундагы орто мектептерде окуучулар арасында кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту жана диний экстремизмди алдын алуу максатында ата-энелер менен чакан чөйрөдө жыйындар өтүүдө.

17 Декабрь 2020 жыл 10:54

Акталаада Жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынды

Ак-Талаа районунда өлкөдөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу Жаңы жылдык кечелер өткөрүлбөйт.

17 Декабрь 2020 жыл 10:40

Айылда долбоордун алкагында шам-шум этүүчү жайлар ачылууда

Ак-Талаа районундагы «Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмеси Германия кызматташтык уюмунун «Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоорунун алкагында бир топ бир социалдык ишканаларды ачууга жетишти. Аталган долбоор жаштарга жумуш ордун түзүү, иш менен …

14 Декабрь 2020 жыл 19:44

Акталаада “Оомат” кондитердик ишканасы ачылды

Акталаа районундагы Баетов айылында “Оомат” кондитердик цехинин салтанаттуу ачылышы болду. Ачылышка КРнын Өкмөтүнүн жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Асылбек Осмоналиев, Нарын облустук жаштар …

13 Декабрь 2020 жыл 18:47

Акталаада заманбап курулуш каражаттары ижарага бериле баштайт

Мындай маалыматты “Жаштар курулуш” долбоорунун жетекчиси Азамат Аскарбеков билдирди. Жаштарды иш менен камсыз кылуу, миграцияны алдын алууга салым кошуу максатын көздөгөн бул чакан ишкананын салтанаттуу ачылышы болду.

13 Декабрь 2020 жыл 12:20

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары адамзат үчүн чоң мектеп

Ак-Талаа районундагы Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз айтматовдун туулган күнүнө карата “Аалам алпы-Чыңгыз Айтматов деген аталыштагы иш-чаралар жыйынтыкталды.

13 Декабрь 2020 жыл 11:01

Акталаада карышкырларга аңчылык кылуу демилгеси колдоого алынды

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында үйүр жылкысы бар тургундар атайын фонд түзүштү.  Фондун негизги максаты кыш мезгилинде малга кол салган карышкырларга уюшкандыкта аңчылык кылуу. Жылкы ээлери ортого ынтымак уюштуруп, фонд үчүн …

13 Декабрь 2020 жыл 10:49

Ак- Талаа: Айыл жашоочуларынын арасында сынак өттү

Акталаа районунда айыл тургундарынын арасында сынак уюштурулду. Сынакта мектеп окуучуларынан тартып 25 жашка чейинки өнөрпоздор фольклордук жана эстрадалык ырларды жандуу үн менен аткарышты. 

12 Декабрь 2020 жыл 20:24

«Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды бир гана күн эске алабыз»

Ак-Талаа районундагы балдардын билим борборунун кол өнөрчүлүк ийриминин жетекчиси Венера Молдокунова жана шахмат ийриминин жетекчиси Мээрим Кубанычбекова кайрымдуулук иш-чара өткөрүштү. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо катары жарыяланган бир айлык акциянын алкагында  …

10 Декабрь 2020 жыл 0:50

«Салттуу окутуу башталганына кубанычтабыз»

Ак-Талаа районунун Чолок- Кайың айылындагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде учурда 566 окуучуга 48 мугалим билим -тарбия берет. Өлкөдөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу буга чейин мектепте 1-класстын окуучулары гана салттуу окуп …

9 Декабрь 2020 жыл 20:12

Аймактык ооруканага кычкылтек системасы орнотулду

Ак-Талаа районундагы аймактык оорукананын бардык бөлүмдөрүнө суюк кычкылтек системасы орнотулду. Тактап айтканда, инфекция, соматика, төрөт, хирургия, реанимация бөлүмдөрүнө суюк кычкылтек системасын атайын адистер келип орнотушту. Системанын жалпы сметалык наркы 4 …

9 Декабрь 2020 жыл 11:51

Мектепте салттуу окууга даярдык жүрүүдө

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев мектебинде салттуу окууга өтүү үчүн бардык шарттар каралып жатат. Алардын ичинде кол жуучу кабинет да бар.

6 Декабрь 2020 жыл 21:32

Пандемия шартында билим берүү уюмдарында кандай шарттар түзүлүшү керек?

Эртең 7-декабрдан баштап Ак-Талаа районундагы 10 мектепте толук салттуу окутуу баштала турган болсо, калган 8 мектепте экинчи алгоритм менен тактап айтканда 1,5,9,11-класстар окутулат. Анткени бул мектептерде окуучунун саны 300дөн ашык.

6 Декабрь 2020 жыл 19:06

Мектепке электрондук китепкана ачылат

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебине “Келечектин мектеби” долбоору аркылуу электрондук китепкана үчүн жабдыктар коюлду.

5 Декабрь 2020 жыл 15:57

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...