Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин окуучулары кышкы каникулду спорттук мелдештерге катышуу менен кызыктуу жана пайдалуу өткөрүшүүдө.
Ак-Талаа районундагы Коңорчок айылында «Коңорчок айылына 90 жыл» деп аталган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Динара Исамамбетова, методикалык кабинетинин …
Ак-Талаа районундагы Кызыл-Белес айылында жаңы жылды утурлай «Жыл мыктылары — 2021» аталыштагы салтанаттуу иш-чара белгиленип, бир катар айылдын алдыңкылары сыйланды.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин окуучулары улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү тасмага түшүрүштү.
Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылында АРИСтин «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору» аркылуу 50 орундуу типтүү бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде Улуттук адабият күнүнө карата Ч.Айтматовдун өмүрү чыгармачылык жолуна арналган иш-чаралар жыйынтыкталды. Ага окуучулар, мугалимдер жамааты жигердүү катышып, ар кандай сынактар уюштурулду.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде 3-декабрь майыптыгы бар жарандардын күнүнө карата жарыяланган бир айлык кайрымдуулук акция жыйынтыкталды. Анда окуучулар жана мугалимдер жамааты жигердүү катышты.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебиндеги окуу бөлмөлөрү проектор, проектордук доска, мугалимдин столу отургучу менен камсыз болду. Ошондой эле бардык окуу бөлмөлөргө, залдарга видеокөзөмөл коюлду.
Баетов айылы Ак-Талаа районунун борбору болгондуктан маданий, спорттук иш-чаралар райондук жана айылдык деңгээлде өтүп турат. Айыл өкмөт спорт тармагын өнүктүрүп, мелдештерге жана спортчуларга колдоо көрсөтүүнү негизги багыттарынын бири катары белгилейт.
Кыргызстанда 9,1 млн гектар жайыт жерлери бар. Анын ичинен 30 356гектар аянты Баетов айыл аймагына тиешелүү. Бул жайыттарга 15 миңге жакын майда жандык, 5 миңдин тегерегинде бодо мал жайлайт. Аталган …
Пандемиялык кырдаалга карабастан айыл тургундарына өз учурунда кат-кабар, ар кандай документтерди көрсөтүлгөн даректерге жиберүү почтальондун негизги жумушу. Кызматы калкты тейлөө болгондуктан иш учурунда атайын коргонуучу кийимдерди кийишип, бет кап тагынып …
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо күнү. Өлкөнүн жарандары жер-жерлерде шайлоо тилкелерине келип добуш берүүдө. Айрым тилкелерде добуш берүүгө жарандар жигердүү катышса, айрым айыл аймактарда жай жүрүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Учурда үгүт иштери башталып, талапкерлер эл арасында жолугушууларды өткөрүүдө. Жолугууга шайлоочулар массалык түрдө чогулбаганы менен илдет тарабайт же жукпайт деген кепилдик жок.
28-ноябрь күнү Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Бул өнөктүккө карата аймактык шайлоо комиссиясы жер-жерлердеги шайлоо тилкелерин даярдоодо. Тактап айтканда комиссия мүчөлөрүн окуулардан өткөрүп, АСУларды иштешин текшерип, добуш берүү күнүндө болуучу …
Ак-Талаа районундагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебине «Жалпы асман алдында» польшалык ассоциациясы жана «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук фонду тарабынан «Sky Watcher» телескоп берилди.
Ак-Талаа районундагы мектеп окуучулары күзгү каникулду учурдагы пандемиялык кырдаалга карабай пайдалуу жана кызыктуу өткөрүштү. Айрымдары ар кандай ийримдерге катышса, ЖРТга даярданып, билимин тереңдеткен окуучулар дагы жок эмес.
Баетов айылындагы «Алтын муун-Наристе» бала бакчасында балдардын ден соолугун чыңдоого кам көрүү, тазалыкка үйрөтүү менен ар тараптуу өнүктүрүп, адеп-ахлакка тарбиялоо максатында облустук семинар өткөрүлдү.
2021-жылдын март айында республика боюнча жаштар арасында «COVID-19 пандемиясына карата өз тажрыйбаңыз жөнүндө үй-бүлө мүчөсүнө кат жазыңыз» деген темада эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагы жарыяланган. Ага Ак-Талаа районунун окуучулары дагы …
3-ноябрда Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров бир топ тиешелүү кызматтын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары менен «Турук» көмүр кенинде болду. Анда «Турук-Майнинг», «Кенч-Строй» ишканаларынын тазалоо, казуу, жүктөө иштери менен таанышып чыгышты.
Ак-Талаа районундагы Бермет-Жал ат майданында КРнын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө карата спорттук иш- чаралар өткөрүлдү.