Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Баетов

Эл аралык эне тил күнүнө карата “Сармерден” өтүүдө

Ак-Талаа районунда Эне тилдердин Эл аралык күнүнө карата бир катар иш-чаралар кабыл алынган. Анын алкагында райондук маданият үйү тарабынан мекемелер арасында “Сармерден” кыз-жигит оюну уюштурулуп, аны аталган тармактын өкүлдөрү баштады.

21 Февраль 2023 жыл 9:58

Окуучулар арасында “Зарница” аскердик оюну өттү

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде салт болуп калгандай 11-класстын окуучулары арасында “Зарница” аскердик оюну өткөрүлүп, ага Афган согушунун ардагерлери, аскер комиссариаты, укук коргоо органдарынын, прокуратура кызматкерлери жана мугалимдер …

18 Февраль 2023 жыл 10:29

Акталаада мектептер бир ай англис тилине басым жасашат

Ак-Талаа районундагы жалпы билим берүүчү 18 орто мектепте 49 англис тил мугалими эмгектенет. Учурдун талабына ылайык КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна жана”Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык окуучулардын англис …

10 Февраль 2023 жыл 14:32

Акталаалык кыздын Австрияга илим издеген сапары…

Акыркы жылдары адамдардын көбү, айрыкча жаштар өздөрүн ар тараптан өнүктүрүүгө аракет кылышууда. Ак-Талаа районунун Баетов айылында чоңойгон Мээржан Канатбекова математик болом деген кыялдын артынан түшүп, Австриядагы Вена Техникалык Университетинде кванттык …

9 Февраль 2023 жыл 14:14

Экономикалык зомбулукка кабылбас үчүн каржы булагын түзүңүз

Зомбулук бул-адамдын эркин чектөө, анын үстүнөн бийликке ээ болуу жана башкаргысы келген системалык түрдө кайталанып туруучу адам эркине каршы психологиялык, физикалык, сексуалдык, экономикалык мүнөздөгү иш-аракеттер жана мамилелер. Биз бүгүн зомбулуктун …

3 Февраль 2023 жыл 14:50

Эрте нике жалпы улут жана өлкө үчүн кооптуу

Эрте нике бул-эң биринчи балалыктан, ден-соолуктан жана келечектеги бардык мүмкүнчүлүктөн ажыроо. Тактап айтканда мектепти аяктоо, билим алуу, кесипке ээ болуу потенциалы жоголот. Адисттер эрте никеге турган жаш кыздардын өмүрү тобокелчилик …

3 Февраль 2023 жыл 14:26

Билим уясына жүз миң сомдук сертификат тапшырылды

Ак-Талаа районундагы Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев Ш.Бейшеналиев жана Э.Карасаров атындагы орто мектептерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100миң сомдон сертификат тапшырды. Себеби мурда маалым болгондой окуучулардын республикалык олимпиадасынын 2-баскычында алдыңкы …

3 Февраль 2023 жыл 13:58

Мектептер техникалык каражаттар менен камсыздалууда

КРнын билим берүү жана илим министрлигинин “Келечек үчүн билим берүү” долбооруна кирген Ак-Талаа районундагы 14 мектепке 294 компьютер, 84 проектор, 14 3в1 принтер жана компьютердик мебелдер менен берилди.

1 Февраль 2023 жыл 14:36

Жаш уздар эл аралык сынакта байгелүү болушту

Ак-Талаа районундагы Балдар билим борборунун жаш кол өнөрчүлөрү “Кыш чакырыгы” деп аталган эл аралык онлайн сынакка катышып, байгелүү орундарды жеңип алышты. Сынак 8 номинацияда жарыяланганы менен бир гана кол өнөрчүлүк …

1 Февраль 2023 жыл 14:01

Акталаада жаңы спорт зал пайдаланууга берилди

Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында жети жылдан бери курулушу токтоп турган спорт зал бүткөрүлүп, колдонууга берилди. Анын ачылышы аземине айыл аксакалдары, жаштар, тургундар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ЖКнын депутаттары Мурадил Сыдыков жана …

30 Январь 2023 жыл 13:51

Акталаада эл өкүлүнө «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды

Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын чечими менен КРнын ЖКнин депутаты Мурадил Сыдыковго “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылды. Кеңештин төрайымы Гүлбарчын Самибаева айылдагы спорт залдын курулушу менен айыл элин куттуктады.

30 Январь 2023 жыл 10:51

Акталаада балдар иштери боюнча комиссияда 34 сунуш каралган

Балдар иштери боюнча комиссия типтүү Жобого ылайык иш алып барат жана ал жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдында түзүлөт. Курамында ИИБнүн, саламаттыкты сактоо, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, балдардын укуктарын коргоо боюнча жана …

24 Январь 2023 жыл 14:14

Жээндерге тартчу-жээн табак

Кыргыз элинде сый тамактардын бир нече түрлөрү жана аларды тартуу эрежелери да өзгөчө. Алардын бири-жээн аяк. Бул тамак өлкөнүн бардык аймактарында тартыла бербейт. Мисалга алсак, Ак-Талаанын айрым айылдарында гана төркүнгө …

24 Январь 2023 жыл 14:01

Акталаада окуучулардын предметтик олимпиадасынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ак-Талаа районунда эки күнгө созулган окуучулардын республикалык олимпиадасынын II этабы жыйынтыкталды.10 предмет боюнча өткөрүлгөн билим сынагына 405 окуучу катышып, күчтүүлөр жеңип чыкты.

24 Январь 2023 жыл 13:55

Таштанды чыгаруу үчүн унаа сатылып алынды

Ак-Талаа районундагы Баетов айыл өкмөтү “Таза суу-таза аймак” муниципалдык ишканасы үчүн таштанды чыгарууга 2007-жылы өндүрүштөн чыккан “КамАз” ЕВРО-2 үлгүсүндөгү автоунаа сатып берди.

24 Январь 2023 жыл 10:01

Алдыңкы ийгиликти жараткан мектепке акчалай сыйлык берилет

Ак-Талаа районундагы Баетов айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен олимпиада жана Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогоку упай алган окуучу окуган мектепке 200миң сом өлчөмүндө сыйлык берилет. Бул тууралуу Баетов айыл …

19 Январь 2023 жыл 16:53

Акталаада мектеп окуучуларынын олимпиадасы өтүүдө

Ак-Талаа районундагы орто мектептин 400дөн ашык окуучусу бүгүн 10 предмет боюнча республикалык олимпиаданын экинчи баскычында билимин сынашууда. Анын ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, окуучулар жана коомдук …

19 Январь 2023 жыл 15:52

Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын II этабы өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 19-20-январында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын 2-этабы өткөрүлөт. Олимпиаданы өткөрүү боюнча Жободо 10 предметтин тизмеги берилген жана мындан сырткары орус тилдүү …

18 Январь 2023 жыл 14:08

Билим берүү мекемелеринин жылуулугу талапка ылайык берилүүдө

Өлкөдөгү орто мектептерде жана бала бакчаларда кышкы каникулдан кийин окуу процесси башталды. Баарыбызга маалым болгондой орто мектептерде окуу 11-январда башталуусу керек болсо, жазгы каникулдун эсебинен суукка байланыштуу 3 күнгө узартылган. …

18 Январь 2023 жыл 11:56

Кыш күчүндө, калктын көмүр отуну түгөнүүдө

Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл өкмөтү үчүн жалпы 650 тоннадан 750 тн чейин көмүр отуну керектелет. Кышкы отун адатта Кара-Кече кенинен тартылат. Айыл өкмөт башчысы Адилет Акматовдун маалыматына караганда кыштын алгачкы …

18 Январь 2023 жыл 11:47
Ишенби
31 Тогуздун айы 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...