Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебине “Келечектин мектеби” долбоору аркылуу электрондук китепкана үчүн жабдыктар коюлду.
Ак-Талаа районунда белгилүү дарыгер Кубанычбек Карагуловдун мемориалдык тактасы өмүрүнүн акырына чейин өзү иштеген ооруканага орнотулуп, дарыгерди эскерүү иш-чарасы болду.
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан аялдарды жана балдарды коргоо боюнча бир катар мыйзамдар бар. Бирок стереотиперден улам үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук ачыкка чыкпай келет деген оюн айтты гендердик адис Элиза Аджиева.
Келе жаткан жуманын башында Акталаада мектептерде салттуу окуу башталат. Мындай маалыматты Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.
Ак-Талаа районундагы Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн тургундары кышка карата көмүрдү көпчүлүгү Кара-Кече көмүр кесиминен алышат. Учурда айыл эли 95 пайыз көмүр менен камсыз болду.
Адатта өрт кырсыктары эң жөнөкөй коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан келип чыгат. Натыйжасы ар кандай чыгымдарга, эң өкүнүчтүүсү адам өлүмүнөдагы алып келиши мүмкүн. Ошол себептүү үйдөн чыгарда жарыкты өчүрүү, кыска чыңалуу болбос …
Мектеп окуучуларынын арасында предметтик олимпиаданын алгачкы-мектептик туру адатта ноябрь айында өткөрүлүп келген. Өлкөдөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу даярданууга мүмкүнчүлүк аз. Ошондуктан окуучуга убакыт берүү керек деп белгиленет КРнын Билим берүү жана …
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалимдери Кыргыз билим берүү академиясынын 72 сааттык онлайн курстарынан өтүп, өтүп, сертификат алышты. Курстан өткөн 54 мугалимдин алды 35-40 жылдык тажрыйбасы бар, ал …
Адатта өрт кырсыктары эң жөнөкөй коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан келип чыгат. Натыйжасы ар кандай чыгымдарга, эң өкүнүчтүүсү адам өлүмүнөдагы алып келиши мүмкүн. Ошол себептүү үйдөн чыгарда жарыкты өчүрүү, кыска чыңалуу болбос …
Ак-Талаа районунда КОВИД-19 илдети алгачкы жолу үстүбүздөгү жылдын 14-майында катталып, аймактык ооруканага келип түшкөн. Андан бери жети ай убакыт өттү.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын босогосуна ак өргө тигилип, ачылыш аземи болду. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл аксакалдары жана жаштар катышты.
Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылынын 1994-жылы тууган жигиттеринен турган “RTS 94” командасы Тенир-Тоо лигасында биринчи орунду жеңип алышты.
Оңолбек Орозобек уулу Акталаа районундагы Баетов айылында туулган. Учурда Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинде эки жылдан бери мугалим болуп эмгектенет. Жаш мугалимдин “Жаңы кадам” аттуу ыр жыйнагы жарык көргөн.
Өмүрбек Токтобеков Ак-Талаа районундагы Кадыралы айылында туулуп-өскөн. 26 жаштагы Өмүрбек быйылкы окуу жылынан баштап, С.Атамбеков атындагы орто мектебинде көркөм өнөр жана технология сабагынан мугалим болуп эмгек жолун баштаган.
Ак-Талаа районундагы Бакый Мүсүралива атындагы орто мугалими Данияр Атамбеков өзгөчө өнөргө ээ. Данияр сүрөттү мыкты тартат жана ошол сүрөттөргө кадимки шуру бастырып, ага өзгөчө көркөмдүк берет.
Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы ооруканада бейтаптарды кабыл алып, көрсөтмө берүүгө дарыгер жок.
Ак-Талаа районундагы оор жүк ташыган унаа ээлери “Турук” көмүр кенине бара турган жолду тазалап, Жаман-Дабан суусуна бетон шакектерди көпүрө кылып орнотушту. Бетон шакектерди сатып алууга өз чөнтөктөрүнөн каражат топтошкон.
Ак-Талаа районунун борбору болгон Баетов айылында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Ковид-19 илдетин алдын алуу, санитардык нормаларды, карым-катышта аралыкты сактоо боюнча тиешелүү адистер менен бирге калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Бүгүн Акталаа районунда экинчи жолу жаш мугалимдердин “Жаш мугалимдердин жаркын кыялдары” аттуу слету өттү. Слетко билим берүү тармагында эмгектенип жаткан жаш мугалимдер, мектеп директорлору, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек …
Ак-Талаа районундагы билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигинин алдында жаш мугалимдердин кеңеши түзүлүп, бүгүн атайын төш белгилери тапшырылды. Кеңешке райондогу билим берүү мекемелеринде эмгектенген 1 жылдан 3 жылга чейинки эмгек стажысы бар …