Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Баетов

Кыш күчүндө, калктын көмүр отуну түгөнүүдө

Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл өкмөтү үчүн жалпы 650 тоннадан 750 тн чейин көмүр отуну керектелет. Кышкы отун адатта Кара-Кече кенинен тартылат. Айыл өкмөт башчысы Адилет Акматовдун маалыматына караганда кыштын алгачкы …

18 Январь 2023 жыл 11:47

«Рахматты чын жүрөктөн айтыңыз»

Бүгүн 11-январь биз күнүмдүк жашообузда эң көп колдонуучу –“рахмат” деген сылык сөздүн эл аралык күнү. Жыл сайын бул күндү майрамдаган өлкөлөр жана элдер көбөйүүдө. Орусча «рахмат» деген сөз 16-кылымда «Кудай …

11 Январь 2023 жыл 17:46

Акталаада кыш чилдеде көмүр тартылууда

Кыш чилдеге карабастан Ак-Талаа районунда калк көмүр отуну менен 100% камсыз боло элек. Учурда райондун аймагындагы “Турук” кенинен күнү-түнү көмүр тартылууда. Кышка карата райондук штабдын башчысы Улан Жылтыровдун маалыматына караганда азыркы …

11 Январь 2023 жыл 13:04

Акталаада окуучулар кышкы каникулун спорттук мелдештер менен өткөрүүдө

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде окуучулардын кышкы каникулун пайдалуу өткөрүү, жаш өспүрүмдөр арасында сергек жашоо образын калыптандыруу, мектеп менен ата-эне байланышын чыңдоо максатында ата-энелер менен бирге спорттук оюндардын …

11 Январь 2023 жыл 12:57

Баланы жынысына карап тарбиялоо зомбулуктун башатына алып келет

Адамдын бала кездеги кыялы, үй-бүлөдө алган тарбиясы анын инсан катары калыптанышына таасир этет. Ал эми тарбиялоо оңой эмес процесс. Баетов айылынын тургуну 7 баланын энеси Жеңишкүл Букарбаева үй-бүлөдө балдарды ар …

7 Январь 2023 жыл 10:23

Кесип тандоодо көз караштар таңууланбаш керек

Кесип коомдо адам баласына кызмат кылат жана анын бир нече түрү бар жана ал  адамдарга, техникага же мал-жанга байланыштуу болот. Баетов айылынын тургуну Гүланда Кайыпованын кесиби да дал ушу мал-жанга …

7 Январь 2023 жыл 9:15

Акталаалык окуучу республикалык дилбаян жазуу сынагында алдыңкы орунду камсыз кылды

Ак-Талаа районундагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Зарылбек кызы Айдана «Российская газетанын» Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурган «Что для меня и моей семьи русский язык» темада дилбаян жазуу боюнча республикалык …

27 Декабрь 2022 жыл 12:47

Ишкерликте жубайлардын бири-бирин колдоосу маанилүү

Баетов айылынын тургуну 30 жаштагы Айпери Кармышованын кесиби социалдык кызматкер. Бирок бир дагы күн өз кесиби менен эмгектенген эмес. Турмушка чыккан соң жолдошу Мирулан Токтобеков экөө жеке ишкерликке өтүшкөн. Жолдошу …

26 Декабрь 2022 жыл 17:16

Депутат элдин жүгү көтөрүү үчүн кызмат кылат

Кыргыздын лидер аялдары илгертен эле жаратмандык күчкө ээ. Алар өлкөнүн кайсы тармагында болбосун өнүгүүгө салмактуу салымдарын кошуп келе жатышат. Тарыхка карай турган болсок өз учурунда Курманжан датка баштаган Күлүйпа Кондучалова, …

24 Декабрь 2022 жыл 13:25

Кышкысын жуурканга балдарын ороп коюшчу…

Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Чынар Турдубаеванын кесиби финансист болгону менен акыркы 20 жылдан бери Ак-Талаа райондук электр тармактар ишканасында көзөмөлдөөчү(контролер) болуп келишимдик негизде эмгектенип келет.

24 Декабрь 2022 жыл 13:16

Акталаада энергетиктер күнү белгиленди

Энергетикалык системаларды түзүүгө жана тейлөөгө катышкандардын же тактап айтканда энергетиктердин кесиптик майрамы белгиленип, ага  райондук электр тармактар ишканасында салтанат уюштурулду. Салтанатка акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров жана ишкананын жалпы …

24 Декабрь 2022 жыл 9:17

Акталаада жаңы айыл өкмөттөр менен кызматташуу старт алат

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоорунун алкагында Нарын облусундагы жаңы айыл өкмөттөр менен кызматташуусунун бет ачарын …

15 Декабрь 2022 жыл 12:27

Акталаа: Билим берүү мекемелеринде массалык иш-чаралар токтотулду

Учурдагы курч кармаган респиратордук инфекциядан түзүлгөн эпидемиологиялык абалга байланыштуу Ак-Талаа районундагы билим берүү мекемелеринде массалык спорттук жана маданий иш-чараларды уюштуруп, өткөрүү токтотулду.

15 Декабрь 2022 жыл 12:22

Акталаадагы Көк-Жар айылында бала бакча жок

Ак-Талаа районундагы Көк-Жар айыл аймагынын тургундары үчүн бала бакчанын жетишсиздиги маселе бойдон калууда. Анткени айыл аймак эки айылдан турганы менен 2013-жылы ишке берилген бир гана “Келечек муун” бала бакчасы бар. …

15 Декабрь 2022 жыл 12:18

Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар өтүлдү

Акталаа районунда АИВ-инфекциясын эрте табуу, аялдар жана балдар арасында илдеттин жаңы учурларын алдын алуу, өлүмгө дуушар болуу санын кыскартуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында бир айлык жарыяланып, бир катар …

2 Декабрь 2022 жыл 12:18

Акталаада СПИД илдети менен 22 бейтап каттоодо турат

Ак-Талаа районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун СПИД бөлүмүндө учурда аталган илдет менен 22 бейтап каттоодо турат. Алардын бардыгы райондун аймагында туруктуу жашабаганы менен дарыгерлер байланышта болуп турушат. Бөлүмдун дарыгери Махсальмина …

2 Декабрь 2022 жыл 12:14

Өнөргө арналган өмүр

Ак-Талаа райондук маданият үйүндө тоо булбулу М.Баетовдун 120 жылдык мааракесине карата «Өнөргө арналган өмүр» деген темада конференция өткөрүлүп, ага М.Баетовдун небереси Гаухар Баетова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мекеме жетекчилери, маданият …

26 Ноябрь 2022 жыл 16:19

Мал туура эмес багылса чакалай ылаңы ырбайт

Малдын чакалай оорусу– трихофития (Trichophyton) уруусуна кирген мите козу карындар козгогон жугуштуу ылаң. Териде ар кандай формада кездешип, бозомтук түстөгү, чекелерин карттантып, какачтардан турат. Бул ооруну алдын алуу үчүн малдын …

19 Ноябрь 2022 жыл 8:34

Психикалык жактан эркектер көбүрөк жабыркайт

Ак-Талаа районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда психикалык жактан жабыркаган 269 жаран каттоодо турат. Булардын ичинде акыл-эси кем балдар, эпилепсиясы бар жарандар бар. Райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборундагы психикалык кабинеттин дарыгери …

18 Ноябрь 2022 жыл 19:30

Мигрант үй-бүлөнүн балдары көзөмөлдө болот

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында 131 үй-бүлөдө ички жана сырткы мигранттын 253 баласы тарбияланууда. Мунун ичинен 77си сырткы, ал эми 176 бала ички мигранттын балдары болуп саналат. Бул категорияда турган балдар …

18 Ноябрь 2022 жыл 18:00

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...