Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайын айылындагы Узакбай атындагы сейил бакта балдар үчүн оюн аянты ачылды.
Кыргызстанда пандемияга байланыштуу бир жылдан бери бир катар карантиндик чаралар киргизилген. Тейлөө мекемелериндеги, коомдук жайлардагы чектөөлөр, санитардык нормаларды сактоо боюнча атайын алгоритмдер ж.б. Мындай чектөөлөр ишкерлик чөйрөсүнө пандемия кандай таасир …
Жерге-Тал айылындагы Май-Булактын батыш тарабындагы жайлоого өтчү жолго жайыт комитети тарабынан жана демөөрчүлөр менен биргелешип шагыл төгүлдү.
Баетов айылдык кеңешинин жаңы шайланган депутаттары уюштуруу иштери боюнча өткөн биринчи сессиясында күн тартибиндеги маселелер менен бирге ички тартипти сактоо жана депутаттык ишмердүүлүктү ачык-айкын жүргүзүү боюнча чечим кабыл алышкан.
Ак-Талаа районунда өткөн жылы пандемияга карабастан 12 кичи ишканалар ачылып, 54 адам иш менен камсыз болгон. Ал эми жеке ишкерлер тарабынан 10млн.289 миң сомдук долбоор аткарылган.
Ак-Талаа районундагы Баетов айыл өкмөтүндө «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоору аркылуу 27 млн сомго сугат суу каналы курулуп жатат. Тактап айтканда, 3 чакырым Туура-Канал, 1 чакырым 600 метр …
Ак-Талаа районунда быйылкы 2020-2021-окуу жылында 11-классты 453, ал эми 9-классты 623 бүтүрүүчү аяктап жатат. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу бүтүрүүчүлөргө арналган салтанат жана экзамендер болбойт. Ар бир мектептеги экзамендик комиссия жылдык баага …
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү кесип тандоого арналган ачык эшиктер күнүндө Азат Доулбеков жетектеген Сот мекемесинде болушту.
Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанга кайтарымсыз негизде, гуманитардык жардам иретинде Кытай Эл Республикасынан коронавируска каршы вакцинанын 150 миң дозасы келген. Учурда өлкөдө вакцина алуу процедурасы жүрүүдө.
Улуу Ата Мекендик Согуштун оор күндөрүндө тылда иштеп, элибиздин тынч жашоосун түптөөгө салым кошкон Чачыкей апа 96 жашта.
Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагында турмуштук оор кырдаалга кабылган, жардамга муктаж карылар жана майыптыгы боюнча ар кандай категориядагы 24 жаран бар. Булар менен айыл аймактын эки жана райондук эмгек жана …
Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарына жашыруун добуш берүү аркылуу шайлануусунун натыйжасында ээ болот. Депутат кеңеште кандай укуктарга ээ? «Ачык өкмөт» уктуруусунда бул суроого жооп ала аласыз. БШКнын …
Бүгүн Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата Ак-Талаа районунда ооруктун ардагерлерине жана согуш ардагерлеринин жесирлерине район жетекчилиги жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү барып жолугуп, белектерин берип кайтышты.
9-майда Улуу Жеңишке 76 жыл толот. Мына ушул күнгө байланыштуу Ак-Талаа райондук сотунун кызматкерлери Жаңы-Талап айылынын тургуну, 96 жаштагы Асыл Бердикеева апага жолугуп, майрамдык белектерин беришти.
11-апрелде Ак-Талаа районундагы 12 айылдык кеңеште шайлоо болуп, 274 талапкер каттоодон өткөн. Бирок булардын ичинен 260 талапкер ат салышты. Талапкерлердин бардыгы мыйзамга ылайык шайлоо фондуларына үгүт иштери жана күрөө үчүн …
Ак-Талаа районунда COVID-19 жана пневмония илдетин алдын алуу максатында райондук штаб бир катар чечимдер кабыл алды.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын 36 жаштагы тургуну Муса Күреңкеев 20 дан ашык төө багып келүүдө.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Чоң-Кара-Суу чөлкөмүндөгү мал суу ичүүчү жай оңдолду.
Ак-Талаа районунун 16 жаштагы балбаны Бердибек Боогачиев грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды.
Чолок-Кайың айылынын Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинде «Феникс» китебинин автору, ишкер Кылыч Исамамбетовдун демилгеси жана демөөрчүлүгү менен окуучулар ортосунда «Феникс» китеп сынагы өткөрүлдү. Сынакка катышкан окуучулар «Ойлоншоу» интеллектуалдык оюнунун негизинде …