Элет жериндеги аялдардын түйшүктөрү бир кыйла оор. Алар таӊ эрте туруп күнүмдүк жашоодогу жумуш менен алектене башташат. Аялзаты болгондон кийин көпчүлүк оокат алардын мойнунда. Пандемия учурунда жумушунун үстүнө дагы жумуш …
Коронавирус илдетине байланыштуу ѳлкѳгѳ карантин жарыяланып, жогорку окуу жайлар жана мектептер аралыктан окутулуп, окуучулар онлайн билим алышты. Онлайн окутуулар кандай болгондугу тууралуу мектеп окуучуларынан сурап билдик.
Ош облусунун Кулатов айыл аймагындагы Жал айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун аймагына караган жалпы 69 кош бойлуу аял карантин учурунда каттоого алынган. 89 аял өзгөчө кырдаал учурунда төрөгөн. Кош бойлуу аялдар …
Кулатов айыл өкмөтү COVID-19 вирусунун жайылышына бөгөт коюу максатында сырттан келгендерге жана мигранттарды изоляцияга алуу үчүн атайын обсервация кааналарын уюштурду. М.Кудайбердиев атындагы жатак лицейинин имараты пайдаланууга берилди. Жалпы 32 кишилик …
Карантинде өлкөбүздө миңдеген адамдар жумушсуз калды. Күндөлүк тиричилик токтоп, бир кыйла кыйынчылыктар пайда болду. Карантиндин жалгыз бой энелерге тийгизген таасири тууралуу макаланы төмөндөн окуй аласыздар
2020-жылдын апрель айына Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо пландалган. Бирок, карантинге байланыштуу шайлоо мөөнөтү жылдырылып келет. Бүгүнкү күндө жергиликтүү кеңештерде депутаттардын 30% сөзсүз түрдө аял болушу керек экени мыйзамда көрсөтүлгөн.
2020 -жылдын 12- апрелине жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо бекитилген, бирок, карантинге байланыштуу шайлоо мөөнөтү жылдырылып келет. Бул учурда Суусамыр өрөөнүндө депутаттыка талапкер айымдар даярдык көрө элек.
Карантинге карабастан окуучулар онлайн аркылуу билим алып жатышты. Бирок ата-энелерде, мугалимдерде, окуучуларда көптөгөн кыйынчылыктар болгонун жана балдардын терең билим алуусуна көптөгөн тоскоолдуктар жаралганын айыл тургундары белгилешти.
Ноокат районунун Кеңеш айыл ѳкмѳтүндѳ жашаган айыл тургундарына карантин учурунда ѳкмѳт тарабынан жардамдар кѳрсѳтүлдү. Жалпысынан Кеңеш айыл аймагында 2552 кожолук жашайт анын 546 сына гуманитардык жардам берилди.
(function(d,s,id){var js,fjs=d.getElementsByTagName(s)[0];if(d.getElementById(id))return;js=d.createElement(s);js.id=id;js.src=’https://embed.ex.co/sdk.js’;fjs.parentNode.insertBefore(js,fjs);}(document,’script’,’playbuzz-sdk’));
Ош облусунун Кулатов айыл аймагында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу кызматкерлери өзгөчө абалда күчөтүлгөн режимде иш алып барышты. Уюштурулган блок посттордо кезек менен мөөнөттө туруп жатышты. Төрөбай Кулатов аймагында COVID-19 вирусун …
Карантин учурунда баардык адамдар эрежеге баш ийип үйдѳн чыга албай калышкан, алардын катарында пенсионерлер да бар. Алар мурда пенсияларын банктан алышса карантин учурунда почточу үйлѳрүнѳ алып келип берип жатты.
Суусамыр өрөөнүнүн 1-май айылынын 1983- жылы төрөлгөн 20 жылдык бутүрүүчүлөрү Карабеков Сатынбай атындагы орто мектебине, балдар үчүн атайын оюн аянтчасын курушту.
Базар-Коргон районунда кылкандуу дан эгиндери бышып, дыйкандардын кызуу иш үстүндө экени көрүнүп турат.
Базар-Коргон районунун аймактарындагы сууга түшүүчү көлмөлөрдүн, бассейндердин тизмеси аныкталып, сууга түшүү боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери жүрдү.
Малазиялык NAMA кайрымдуулук фонду COVID-19 илдетине каршы программасынын негизинде, ASSANABIL кайрымдуулук фонду Түп районунун «Боорукер бол» фондусу менен биргеликте, карантин учурундагы жардамга муктаж адамдарга азык- түлүк беришти. Түп району боюнча …
Өлкөдөгү кырдаал учурунда мектеп жашындагы окуучуларды аралыктан окутуу маселеси чыкты. Бул учурда мугалимдерге, окуучуларга жана ата-энелерге бир топ эле тоскоолдуктар жаралды. Аралыктан окуу мезгилине ар бир окуучу даяр эмес экендиги …
Карантин учурунда кары-картаңдар үй-бүлөсү менен убакытты текке кетирген жок. Пенсияларын кечигүүсүз убагында алып жатышты. Өздөрү жакшы көргөн жумуштар менен алек болушту. Бүайша чоң эне гүлдүн 32 түрүн өздөштүрүүгө жетишкен.
Бүткүл дүйнөлүк пандемияга байланыштуу окуучуларга мектепти аралыктан аяктаганга туура келди. Мектепти онлайн бүтүрүү окуучуларга кандай таасирин тийгизгенин бүтүрүүчүлөрдөн билдик.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебине жаңы парталар келди. Бул долбоор Япон элчилиги аркылуу ишке ашкан.