Уул- кызга стереотиптүү тарбия берүү, уулдарды бийик тутуп, кыздарды ашкананын ээси катары тарбиялоо туурабы? Бул тууралуу «Гендердик теңчилик» аталышындагы аудиосюжеттерден уксаңыз болот. Барчын Мамытбекова
«Качан үйлөнөсүӊ» же «Качан күйөөгө тиесиӊ» деген суролорду берүү этикага туура келеби? Эмне себептен бул суроолорду уккан тараптын кыжыры келет? Жогорудагы суроолор жаштарды кандай жыйынтыкка алып келет?
Жайлоо-деген сөздү укканда ак-мөңгүлүү Ала-Тоо, мөлтүр булак, кылым карытып келе жаткан боз үй, кымыз эсибизге түшөт эмеспи. Нарын облусунун Кызарт жайлоосунда тартылган, жайлоонун турмушун чагылдырган сүрөттөр менен төмөндөн таанышыңыздар.
Жайыл районундагы Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу жана Ставрополовка айылынын тургундарына тамактануунун сапатын жакшыртуу боюнча жардам берилип жатат.
Талас-Тараз-Суусамыр трасса жолундагы Таш-Төбө тоосунун чокусуна белгисиз адамдар кызыл айчык ортосунда тегерек саргыч белги түшүрүлгөн желекти сайып, ал желектин алдына чогулушканын Кара-Ой айыл эли көрүп булар кимдер, эмнеге келишти деп …
Нарын облусундагы Сөң-Көл жайлоосуна жыл сайын миңдеген туристтер баш багышат. Ал эми өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу, быйыл туристтердин келиши тууралуу Чолпон айылдык жайыт комитетинен сурап көрдүк.
Базар-Коргон району боюнча 1265 баатыр эне каттоодо турса, бүгүн да ал тизмеге жаңы «Баатыр энелер» кошулду.
3 — июнда Нарында катталган селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Жашоого мүмкүн болбой калган үйлөр такталып чыгымдар эсептелүүдө.
Жайыл районунун Кара-Суу айылынын таза суу системасы 1960-жылдардын башында курулган, бирок ошого карабай дагы эле иштеп келе жатат. Бирок тилекке каршы көп бузулууга учурайт.
Тогуз-Тородогу №7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинин жалпы мугалимдер жамааты жана жеке ишкер Дөөлөтбек Абылкасымов тарабынан азык-түлүк даярдалып, муктаж болгон 5 үй-бүлөгө жеткирилди.
Сары-Булуң айыл аймагына карштуу Кара-Суу айылында 3-июнда саат 18:50 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 1 ички чарбалык көпүрөнү агызып жана 8 турак үйдүн огороддорун каптаган.
Республикалык «Санариптик педагогика» конкурсуна Тогуз-Торо районунан 18 педагог катышып, 8 мугалимдин видео сабактары республикалык булуттук сактагычка түшкөн.
Ат-Башы районунда бир айдан бери «Муктаждарга төрт түлүк мал» акциясы жүрүп жатат. Акциянын негизинде колунда бар, жардам бергенге даяр адамдар муктаж үй-бүлөлөргө мал жандыгын жардам катары беришет. Бул акция эстафета …
Тогуз-Тородогу №7 Таштемир Сатыбалдиев мектебинде акыркы коңгуроо онлайн өткөрүлдү. Иш- чарага мектеп директору, Сары-Булуң айыл аймак башчысы Амангелди Токтоналиев, Райондук билим берүү бөлүмүнөн Тамара Итигулова, Тогуз-Торо райондук администрациясынан Марлис Олжотоев …
Китепкана- бул маалыматты сактоонун анын, муундан-муунга өндүрүмдүү өткөрүп берүүнүн формасы. Тогуз- Торо районундагы Сары-Булуң айылдык китепканасында тез-тезден элди китеп окууга үндөгөн иш-чаралар өтүп турат.
3- июнда саат 16:30 да жааган жамгырдан улам Нарын шаарын кыян- сел каптады. Катуу жааган жаан кыянга айланып, канал, тосмолорду алып, шаарды каптап кетти.
Сарбашова Бурул 1962 – жылы 1 – январда Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл – Туу айылында төрөлгөн. 1984 – жылы И.К. Ахунбаева атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын дарылоо бөлүмүн бүтүргөн.
Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында учурда дыйкандар эмне менен алек болуп жаткандыгы тууралуу сүрөтбаянды сунуштайбыз.
«Эл аралык балдарды коргоо күн» жыл сайын жай айынын эң биринчи күнүндө белгиленет, тагыраак айтканда 1-июнь күнү. Бул майрам 1949-жылы ноябрь айында Франция өлкөсүнүн борбору Париж шаарында Эл аралык демократиялык …
Базар-Коргон районунун аймагында жаратылыш кырсыктарынын, элге келүүчү ар кандай кооптуу кубулуштардын алдын алуу, калк коопсуздугун камсыз кылуу иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жатат.