Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Куланак

Куланактагы күнөсканада дарбыз жана бадыраң өстүрүлүүдө

Гульнура Солтобаева «Агро-горизонт» уюмунун колдоосу менен күнөскана иштетип келет. Ал жакта бадыраң жана башка жашыл өсүмдүктөрдү өстүрүүгө болот. 

Нарындык спортчулар республикалык турнирге даярданууда

Ушул жылдын 19-апрелинен баштап, Куланак айылынын №86 Женишбек Арыпбеков атындагы кесиптик лицейине Нарын облусунун айылдарынан грек-рим күрөшүнө катышкан окуучу балдар келишкен. Алар машыктыруучулар менен биргеликте чоң турнирге даярданып жатышат. 

Ооруканадагы көйгөйлөрдү кантип чечсе болот?

Айылыбыздагы ооруканада көптөгөн көйгөйлөр, маселелер, муктаждыктар бар. Бул көйгөйлөрдү ким чечет жана кимдер тарабынан көзөмөлдөнгөн.

Ачык бюджет элге керек

Куланак айылында бюджеттик баалоону жүргүзүү боюнча окуу семинар болду. Семинарга айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтү, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана долбоорлор менен иштешип келе жаткан айыл тургундары катышты.

Туура тамактануу келечекке жол ачат

Нарын районуна караштуу Куланак айылында 30-мартта кош бойлуу энелердин жана эки жашка чейинки балдардын туура тамактануусу боюнча иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарага айыл тургундары катышышты.

Куланак жазгы талаа иштерине даяр

Жаз демекчи, жаз келип жер ойгонуп, адамдар бардык иштер менен алек болуп жаткан кез эмеспи, бири малын жайлоого кетирүүгө даярдап жатса, мисалы, койлордун жүнүн кыркып, эчкилердин тыбытын тарап, бири жерин …

Өзгөчө үндүү Улук Калдарбеков

Талант-бул адамдын башка адамдарга салыштырмалуу ар кандай чөйрөдө өзгөчөлөнгөн ийгиликтерди жарата алуусу. Дал ушундай ийгиликтерди жаратуучулардын бири Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Улук Калдарбеков.

Мугалимдер арасында «Ааламдан алган даңк» аттуу сынак өткөрүлдү

Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде 19-март күнү Чынгыз Айтматовдун 90-жылдыгына карата «Ааламдан алган данк» аттуу сынак өткөрүлдү. Сынакка ар бир топтон 12 мугалим катышты.

Талантты да багыш керек

Нарын районунун Куланак айылынын тургуну Жылдыз Абдыразакова көп кырдуу таланттын ээси. Ыр жазуу, кийиз, жүндөрдү иштетүү, курак куроо менен алектенет.

Менталдык арифметика боюнча окуучулардын алгачкы олимпиадасы болду

Нарын районунун Куланак айылында окуучулардын жана ата-энелердин каалоосу менен мектепке менталдык арифметика боюнча ийрим ачылган. Окуп жаткан окуучулардын алгачкы олимпиадасы Аралбаев мектебинде 16-февралда болуп өттү.

Куланакта «Бар бол жоокер»сынагы өткөрүлдү

Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата «Бар бол жоокер»аттуу сынак өткөрүлдү. Сынакка 9-10 жана 11-класстан төрттөн окуучу бала катышышты.

Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун

Бүгүн, 15-февралда, 2015-жылы террористтер менен кармашып, баатырларча курман болгон Төлөбек Исмаиловдун наамына таандык музейдин ачылыш аземи болду. Иш-чарага айыл тургундары, кесиптештери, бир туугандары, ишки-иштер министрликтен жана райондук администрациядан келген өкүлдөр …

Айыл кароосуз калган иттерден тазаланды

Нарын районунун Учкун жана Куланак айылдарында кароосуз иттерди тазалоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 2017-жылга 20 000 сом бөлүнгөн. Рейд эки күн жүрүп 118 ит жок  кылынды.

Айылда сасык тумоонун түрлөрү менен ооругандар көбөйдү

Нарын районунун Куланак айылынын ооруканасына көбүнчө сасык тумоо оорусу менен жабыркагандар кайрылууда. Бул оору менен ооругандар чоң адамдар менен кичинекей балдардын арасында бирдей болуп жатат.

Нарын: Памирлик кыргыздар этнофестивалга күбө болушту

Нарын районуна караштуу Куланак айылында 17-ноябрь күнү этнофестиваль болуп өттү. Бул фестивалга памирлик кыргыздар да катышышты.

Нарынга көчүп келген памирлик кыргыздарга ар тараптан жардам көрсөтүлүүдө

Нарын районунун Куланак айылына көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар 24-октябрь күнү келип жайгашышкан. Учурда аларга ар тараптан жардамдар көрсөтүлүүдө.

Куланак айылында памирдик кыргыздарды тосуу даярдыгы жүрүп жатат

Памирлик кыргыздардын биринчи тобу Нарынга келип жайгашуу үчүн Кыргызстанга келди. Учурда Нарын районунун Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейдин жатаканасында аларды тосуп алуу үчүн даярдыктар көрүлүүдө.

Куланакта «Тынчтык күнү» белгиленди

Нарын районуна караштуу Куланак айылында 21-сентябрь «Дүйнөлүк тынчтык күнүнө» карата иш чара болуп өттү.

Өз кесибинен бактысын тапкан Чолпонбүбү Дүйшөбаева

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын мал доктуру Чолпонбүбү Дүйшөбаева өз кесибин 8-класста окуган кезинде эле тандап алган. Учурда  ылаңдаган малдарды дарылап, айылдаштарына кызмат кылып келет.

Куланактагы көп кырдуу өнөр ээси Нургазы Кыдыралиев

Өзү тракторист болсо дагы көп кырдуу өнөрдүн ээси Нургазы Кыдыралиев Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну.

Бейшемби
6 Баш оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...