Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Куланак

Учкун айыл өкмөтү 2017-жылдын бюджетин бекитти

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтү бюджетти бөлүштүрүү боюнча сессия өткөрдү. Сессияга жергиликтүү кеңештин депуттары, коомдук уюмдар, мекеме жетекчилери катышты.

Куланактын бийчи кызы Айжамал

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын жаш тургуну Айжамал Жеңишбекова кичинекей кезинен бери мектептеги “Ак Марал” бий тобунда бийлеп келген. Учурда ал мектептеги ийримде бийден сабак берет.

Жаз айы келсе да, Куланак айылында ызгаарлуу суук

Жаз келгенде, кар ээрип, байчечекей өсүп, чымчыктар учуп келе баштайт. Бирок Нарын районуна караштуу Куланак айылында ызгаарлуу кыш болуп жаткан убагы, бул тууралуу айыл тургундарынын оюун угуп көрдүк.

Куланакта “Өнөрлүү кыздардын” сынагы өттү

Айымдардын эл аралык майрамына карата Нарын районуна караштуу Куланак айылында “Өнөрлүү кыздар” сынагы болду. Ага мектеп окуучулары катышып, 9-классынын окуучулары жеңишке жетти.

Куланактык таланттар өрөөндүк “Жаш таланттар” сынагына кандай даярданууда?

Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин окуучулары жылда өтүүчү “Жаш таланттар” сынагына даярданып жатышат. Даярдыктар кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу мектептин музыка мугалими Жумагүл Өмүровага кайрылдык.

Куланакта мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кандай жардамдар берилет?

Куланак айылында мүмкүнчүлүгү чектелген канча адам каттодо турат, аларга жергиликтүү бийлик тарабынан кандай жеңилдиктер каралган? Бул суроого Нарын районуна караштуу Куланак айылынын социалдык кызматкери Алмагүл Бейшеналиевадан жооп алдык.

Куланак айылында жаңы айыл өкмөт шайланды

Нарын районунун Учкун айыл өкмөт башчылыгына эки талапкер ат салышып, Касымакун Мамырбаев Учкун айыл аймагынын башчысы болуп шайланды. Биз жаңы шайланган айыл өкмөт башчысы менен өзүн бул кызматты ээлеш үчүн …

Кызыл Ай коому тарабынан тренинг өткөрүлдү

“Кызыл Ай” коомунун окуулары улантылууда. Бул жолкусунда Куланак айылындагы ар кандай кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айыл тургундары жана мектеп окуучулары катышышты.

Куланактын жаш калемгери Бексултан

Нарын районуна караштуу Куланак айылдагы Абдылда Аралбаев мектебинин 7-классынын окуучусу Бексултан Исагаалы уулу ыр жазган таланты бар. Жаш калемгер окуучунун жан дүйнөсүнө баш бактык.

Интернетпи же китеппи, кайсынысы көп колдонулат?

Акыркы убакта интернет китептен көп колдонулуп жатат. Бул жөнүндө Нарын районундагы Куланак айылынын мугалимдери менен окуучуларынан сурап көрдүк.

Куланакта «Адеп, ыйман жана маданият жылына» карата жомок коюлду

Нарын райондук драма театрынын актёрлору «Чыпалак бала» жомогун жер-жерлерде коюп жатышат. Бул жолу алар Куланак айылына да келишти.

Куланактын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын айрым тургундарына долбоордун негизинде гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Долбоорду айыл өкмөтүнүн адиси Ишенбек Асанбаев жазган.

«Мыкты макала» сынагынын жыйынтыктары [сынак аяктады]

16-20-январь аралыгында келип түшкөн беш материалдын ичинен жеңген макала:  Куланакта абанын температурасы -40 градуска жетти Материал фейсбукта жана одноклассникиде. 23-27-январь аралыгында сынакка жазылган үч жаңылык тең жеңүүчү деп табылып, байге …

Аз кандуулук оорусун кантип алдын алса болот?

Нарын районуна караштуу Куланак айылында аз кандуулук менен ооругандар көп катталууда. Бул боюнча үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Сайрабүбү Асановага кайрылып, аз кандуулуктун кантип алдын алса болоору тууралуу сурадык.

Куланакта кардан автомашинанын айкелин жасашты

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын жаш тургундары Тилек Чыңгызов жана Байэл Кадыралиевдер кардан автомашина жасашты. Машинанын айкелин алар 20 күндө жасап бүтүшкөн.

Куланак: Кыргызстандын билим берүү министри мугалимдер менен жолугушту

Кыргызстандын жаңы дайындалган билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева 20-январда Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин мугалимдери менен жолугушту. Нарын өрөөнүндө суук катуу болгондуктан, мындан ары окуу улантылабы-жокпу …

Куланакта абанын температурасы -40 градуска жетти

Нарын районунун Куланак айылында быйыл кыш мезгили өтө катуу болуп, абанын температурасы -40 градуска чейин жетти. Кычыраган кышта айыл элинин турмушу кандай өтүп жаткандыгы тууралуу материалыбызды сунуштайбыз.

Учкун айыл өкмөт башчысы отчёт берди

Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагынын башчысы 17-январь күнү Куланак айылында отчёттук жыйналыш өткөрдү. Жыйналышка эки айылдын тургундары келип катышты.

Асылкүл Өмүралиева: Түймө түйүү менин эрмегим

Нарын районуна караштуу Куланак айылында колунан көөрү төгүлгөн апалар көп. Алардын бири Асылкүл апа, үйүндө жөн гана олтурбастан түймө түйүүнү эрмек кылат.

Сүрөт: Куланактын тиш дарыгери үч айылдын тургундарына кызмат көрсөтөт

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №1 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда эмгектенген тиш доктур Айзада Коңурбаева эл кызматында. Ага Куланактан тышкары Учкун жана Жылан Арык айылдарынын тургундары дарылануу үчүн келишет.

Шаршемби
5 Баш оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...