Нарын районунун Куланак айылында Талгатбек Жусуповдун жаркын элесине арналган шахмат мелдеши болуп өттү. Аны Жусуповдун балдары жана кыздары каржылап демөөрчү болуп беришти.
Бүгүнкү каарманым спорттун бир түрү боюнча бир катар ийгиликтерди жаратып келет. Нарын районунун Куланак айылынын кичинекей тургуну жакында эле Иран мамлекетине барып келди.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында 25-декабрь күнү волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешти айылдын «Аккулан» жаштар уюму демөөрчү болуп уюштурду.
Учурда СПИД оорусу көп болуп жаткандыгына байланыштуу Нарын районунун Куланак айылында СПИДге каршы жөө жүрүш болуп өттү. Бул жөө жүрүшкө айылдын окуучулары, мугалимдери жана медицина кызматкерлери катышышты.
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде “Чебер уздар” ийрими он жыл мурда ачылып, ага кыздар катышып келишет.
Нарын районунун Куланак айылында жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланды. «Куланак» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары бул күнү эртең мененки 8ден кечки 8ге чейин шайлоо кандай өтүп жаткандыгына көз салып отурушту.
Нарын районуна караштуу Куланак мультимедиа борборунда көптөн бери мугалим жана ыктыярчы болуп иштеп келе жаткан Айзат Түмөнбаева сынакка катышып смартфон утуп алган.
11-декабрь күнү Нарын районунун Куланак айылында жергиликтүү айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо жана референдум болгону жатат. Бул боюнча айылдагы шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү менен маектештик.
Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде көпкө күттүргөн күзгү бал 9-10-11-класстар арасында болуп өттү. Балдын кандай өткөндүгүн бул макалада баяндоого аракет кылабыз.
Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин окуучусу “Эң мыкты кат 2016” сыйлыгынын ээси болду. Ал сынакка «Үркүн» туурасында жазган каты менен катышкан.
Нарын районунун Куланак айылыныдагы чылым чеккендердин оюн билип көрдүк.
Куланак айылындагы Жеңиш Султанова атындагы ооруканада сентябрь айынан бери уланып келген текшерүү толугу менен аяктады. Бул тууралуу аталган оорукананын клиникалык жетекчиси Сайрабүбү Асанова менен маектештик.
Нарын районунун Куланак айылында курулуп жаткан футбол аянтчасынын курулушу суук түшкөнүнө байланыштуу убактылуу токтоду. Бул боюнча курулуш иштерине көмөк көрсөткөн айылдык жаштар комитети менен маек курдук.
Нарын районунун Куланак айылында уйлар карасан менен ылаңдап кеткендиги айтылууда. Бул боюнча айыл өкмөт башчысы Абай Калдарбек улууна кайрылып маек курдук.
Илгертен эле кыздарга сеп берилип, ушул күнгө чейин бул каада салт сакталып келе жатат. Бүгүнкү маек Ак-Моюн айылынын тургуну Сажира эженин чоң энесинен белекке келген чачбагы тууралуу болмокчу.
Нарын районунун Куланак айылы бышыкчылыктуу келгендиктен ар бир түтүн короосуна жер жемиштерин айдашат. Баарынан өзгөчөлөнүп бышканда келип, алып кеткиле деп тараткан Амангелди ата менен маек курдук.
Шаар көркүн бузуп, таштанды салган урналар кой терилерине батпай турат. Ошол себептен Нарын шаарындагы базардан “Тери” деген жазуусу бар жерге барып маек курдук.
Куланак айылынын тургуну Чынара Абдырасулованын жакын арада эле эң алгачкы “Көмүскөдө жашаган чындык” аттуу китеби жарык көрдү. Кененирээк биз Чынара айым менен китеп тууралуу маектештик.
Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин 6-А классынын окуучулары жана класс жетекчиси Эльзада Иманкулова болуп биргеликте карылар күнүнө карата айылдагы карыяларга жардам беришти.
23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыз тилчи мугалимдердин жумалыгы болуп өттү. Ал жумалыкка 7-класстан 11-класска чейинки окуучулар жана кыргыз тилчи мугалимдер катышышты.