Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Куланак

Куланактагы кесиптик лицейдин чатыры оңдолууда

Нарын районунун Куланак айылындагы Жеңиш Арыпбеков атындагы №86-кесиптик лицейинин чатырынан беш жылдан бери суу тамчылачу. Быйыл демөөрчүлөр тарабынан оңдоо иштери жүрүүдө.

Куланакта түшүм жыйноо башталды

Нарын районунун Куланак айылында куздүн келиши менен түшүм жыйноо башталды. Жаздан бери эмгектенип келе жаткан дыйкандардын эмгеги кандай болгондугу тууралуу алар менен маек курдук.

Учкун айыл өкмөтү карыларды майрамы менен куттуктады

Нарын районундагы Учкун айыл өкмөтүнүн жалпы жамааты карыларды майрамы менен куттуктап, аш-чара уюштурушту. Иш-чарага келген карылар менен маек куруп келдик.

Куланак айылында футбол аянтчасын куруу үчүн марафон болду

“Келечекке бирге барабыз” аттуу марафон 2-октябрь күнү болуп өттү. Марафондун максаты эмне болгондугун билүү үчүн биз катышуучулар менен маек курдук.

Куланакка кичи футбол аянтчасы курулат

Бишкек шаарында 19-сентябрь кунү “Куланак ынтымагы” клубу уюштурган марафон болуп өттү. Марафондун максаты — айылга футбол ойной турга аянтчаны куруп берүү.

Куланак айылында чөптүн баасы арзандады

Нарын районунун Куланак айылында былтыркыга салыштырмалуу чөптүн баасы 30-40 сом болуп калды. Эмне себептен арзандагандыгы билип көрүү үчүн биз айыл тургундары менен маек курдук. Бердибек Абдраев: “Быйыл чөптүн баасы 1-чабык 30-40 …

Ат-Башы: Ала кийиздин жасалышы

Канча кылым карытып жол басып өтсө дагы, кыргыз ала кийизинин жасалышы ошол бойдон муундан муунга өтүп келет. Жүнгө жан кийирип, ала кийиз жасаган уз айымдардан ала кийиздин жасалыш тартиби менен …

Куланак айылындагы корук маселеси

Куланак айылындагы айдоо аянтында эркин жүргөн жылкыларды көрүп, Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылынын кароолчусу Имангазы Кыдыралиев менен маек курдук.

Куланак, Учкун айылдарында таза суу үзгүлтүккө учурады

Июнь айында Учкун айылына кетчү суу түтүкчөсү жарылган эле. Учурда суу түтүктөрүн оңдоо үчүн таза суу өчүрүлүп оңдолүп жатат.

Чыгаан инсандар: Төлөбек Эсенбек уулу

«Чыгаан инсандар» долбоорунун алкагында Куланак айылынын тургундары менен тааныштырууну улантабыз. Бишкек шаарындагы түрмөдөн качкандарды кармоо операциясында каза болгон Төлөбек Исмаилов тууралуу айтып бермекчибиз.

Чыгаан инсандар: Рахатбек Кожобеков

“Чыгаан инсандар” долбоорунун алкагында биз сиздер менен Куланак айылынын кулуну, апрель революциясынын баатыры Кожобеков Рахатбек Маликович жөнүндө баяндамакчыбыз.

Куланак: Жаңы окуу жылынан баштап окуучулар менен мугалимдердин ортосундагы мамилелерге багытталган тренинг өтүлө баштайт

Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде Ага Хан фонду тарабынан мектептерди жакшыртуу программасынын алкагында семинар болду. Семинарга мектеп окуучулары жана мугалимдер катышты.

Калкынын кадырман мугалими Кемел Жолбунов

Чыгаан инсан жөнүндөгү баяндамабызды улантабыз. Учурда Абдылда Аралбаев мектебинде Кемел Жолбунов агайдын үч кызы эмгектенет. Бири математик, бири физик, бири башталгыч класстын мугалимдери.

Куланакта жалпы элдик чогулуш болду

Чогулушта каралган маселе боюнча Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Тилебек Жумабаевге кайрылып, төмөндөгүчө маалымат алдык.

Саламат Жээналиев: Куланактын тургундары эми салыкты айылдан эле төлөй алышат

Айыл тургундарды сурамжылоонун негизинде айыл өкмөттүн ичиндеги иштер менен эл жакындан кабардар болуп турушун кабарлашкан. Бүгүнкү маек Учкун айыл өкмөтүнүн салык адиси Саламат Жээналиев менен болмокчу.

Нарын: Мектепти артыкчылык менен аяктагандарга «Алтын тамга» тапшырылды

Нарын шаарында мектепти “Алтын тамга” аттестаты менен аяктагандарга, республикалык предметтик олимпиадада байгелүү орундарды алган окуучуларга жана агай-эжелерге сыйлыктар тапшырылды. Азем шаардын борбордук аянтында өттү.

Куланак: Балдар бакчасы 1-июнга карата концерт койду

Мектеп жамааты сунган ыр кесенин жообу кылып, “Таңгабийке-Бердике” бала бакчасы 31-майда чоң концерт беришти.

Куланак: Мектепте бүтүрүү кечеси болуп өттү

Абдылда Аралбаев мектебинде бүтүрүү кечеси менен биргеликте мындан 50 жыл мурун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу кечеси болуп өттү.

Куланакта жаштар таштандыларды терип тазалашты

Куланак айылында 7-май күнү жаштар уюмунун демилгеси менен 7-8-классынын окуучулары таштанды тергени чыгышкан. Окуучулар экиге бөлүнүшүп, жарымы Учкундан Куланакка чейин, жарымы Достуктан Куланакка чейинки таштандыларды терип тазалашты.

Куланак: Окуучулар отчёттук концерт беришти

Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде 19-20-май күндөрү 4-а жана б класстары бүтүрүү кечесин өткөрүштү. Бул иш-чарага окуучулардын ата-энелери жана мугалимдери күбө болушту.

Шаршемби
5 Баш оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...