Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Сүлүктү

Орозо Айт күнү 5-июнда болот

 Орозо  Айтын 5-июнга белгилөө боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын буйругу жер жерлердеги мечиттерге жайылтыла баштады. Даярдаган:    Бакытбек Сапаркулов

Сүлүктүлүк «Алтын Тамга» жеңүүчүсү Грецияга окууга жолдонмо алды

Окуудагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн «Алтын Тамгага» талапкер Сүлүктүлүк беш окуучунун ичинен Эркинова Айзада бардык талаптар боюнча татыктуу болуп, мамлекеттик тестти ийгиликтүү тапшыруу менен жетишти.

Сүлүктүдөгү гимназияга облус жетекчиси жардам берет

Сүлүктү шаары боюнча терең билим берүү очогу болгон гимназиянын лабораторияларын заманбап жабдуулар менен камсыздоо боюнча Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жакындан жардам бермей болду. 

Сүлүктү шаары боюнча бүтүрүүчүлөргө тестирлөө башталды

2019- окуу жылында 11-классты бүтүрүп жаткан бүтүрүүчүлөрдүн катарында жалпы Сүлүктү шаарынын окуучулары да жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп жатат.

Сүлүктүдөгү тарых музейинде жаңы бөлүмдөр түзүлдү

Сүлүктү шаардык тарых музейинде жаңы бөлүмдөр түзүлгөндүгү жөнүндө алгач Сүлүктүдөгү 9-гимназиянын 6-классынын окуучулары корүп келишти.

Сүлүктүдө да согуш ардагерлери сыйланды.

 Шаардын мэри Р. Абдыназаров жана шаардык Кенештин төрагасы К. Исмаилов, «Кызыл-Булак шахтасынын директору И. Карабаевдер баш болгон жетекчилер биргеликте  Сүлүктү боюнча Улуу ата-мекендик согуштун катышуучусунун үйүнө барып куттуктады.   » 9- майга карата …

Сүлүктүлүк мугалим Эл аралык симпозиумда доклад жасады

Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясынын Акыл эмгеги маданияты сабагы боюнча мугалими Бакытбек Сапаркулов Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 2019-жылдын 26-27- апрель күндөрү болуп өткөн Х Эл аралык илимий-практикалык симпозиумда илимий доклад жасады.

Сүлүктүдө Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн тосуп алышты

Сүлүктү шаарындагы Кушматов атындагы 9-гимназияда Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн, 11-класстын окуучусу, тарых сабагынын жеңүүчүсү Айзада Эркинова жана 10-класстын окуучусу математика сабагынан жеңүүчү Кызжибек Саматованы салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

Сүлүктүлүк чыгаан педагог «Мээримдүүлүк» медалы менен сыйланды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында «Нооруз» майрамын белгилеген аземдин салтанаттуу бөлүгүндө, чыгаан педагог Карабаева Гульнара «Мээримдүүлүк» медалы менен сыйланды. Сыйлыкты Сүлүктү шаарынын мэри Абдыназаров тапшырды. 

Сүлүктүдө облустук олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы гимназияда предметтик олимпиаданын облустук турунун жеңүүчүлөрү сыйланды. Ушул эле иш- чара учурунда башталгыч класстардын ортосунда өткөрүлгөн Аракет олимпиадасынын жеңүүчүлөрү да сыйланды.

Сүлүктүдө окуучулар апаларына өз колу менен белек даярдап жатат.

iСүлүктүдөгү Р. Жолбаев атындагы №4-орто мектебинин 5-6 класстагы окуучулары көркөм өнөр сабагынан үйрөнгөн көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн, 8-мартка карата энелерине өз колдору менен белек жасап жатат. «Окуучулар компьютер дүйнөсүнө  биротоло көнүп калбасы …

Сүлүктүлүк гимназист менталдык арифметикадан чемпион болду

«Академия роста» уюму тарабынан, менталдык арифметика боюнча 10 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн ортосунда Баткен, Жалалабад жана Ош облустары боюнча өткөрүлгөн Түштүк регионалдык олимпиадасында Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиянын 3-классынын гимназисти Шерматов …

Сүлүктүлүктөр «Ак кар» майрамын белгиледи

Сүлүктү шаарында «Ак кар» майрамы белгиленди. Көптөгөн жылдар бою, кыштын акыркы күндөрү белгиленип келген майрам, 2019- жыл үчүн бүгүн белгиленди. 

Сүлүктүдө интернационалист жоокерлердин майрамы белгиленди

15-февраль 2019- жылы Баткен облусунун Сүлүктү шаарында интернационалист жоокерлердин, Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдыгы белгиленди. 

Сүлүктүдөгү гимназияда врач сабак өтүп берди

 Сүлүктү шаарындагы №9-гимназияда, Сүлүктү шаардык оорууканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Кучаров Акпарали Акжолович «Алгачкы медициналык жардам» темасы боюнча бүтүрүүчү класстын окуучуларына сабак өтүп берди.  

Сүлүктүдө мергенчилер мелдеши болду

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 10- февралда мергенчилер жамаатынын турнири болуп өттү. 

Баткен облусу боюнча Гапыр Мадаминовдун эмгеги колдонулууда

Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун илимий эмгектери Баткен облусу боюнча жайылтылууда. Учурда Гапыр агай Баткен аймактык колледжинин профессор-окутуучулар жамаатына жана студенттерине автордук «Акыл Эмгегинин маданияты» …

Сүлүктүдө Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата конференция болду.

Сүлүктүдө Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган  конференция болуп өттү. Шаардык деңгээлдеги иш чара Р. Жолбаев атындагы №4-орто мектептин маараке залында болуп, шаардын вице-мэри Марзия Сапаркулова, Сүлүктүдөгү педагогикалык колледждин директору Райхан …

Сүлүктүдөгү гимназияда имитация ыкмасы менен мастер-класс өтүлдү

27- январда Сүлүктү шаарындагы №9 гимназиясында жаш энелер үчүн «Энелер мектеби» программасы боюнча имитация ыкмасы менен мастер- класс өткөрүлдү.

Сүлүктү шаарынын тарыхын камтыган китеп басмага даяр

Сүлүктү шаарынын тарыхы боюнча китеп, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Маматкулович Мадаминов тарабынан иштелип чыгып, Сүлүктүнүн 150 жылдык юбилейине карата басмага даяр болду.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...