Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Учкун

Учкун: Айыл үчүн ак кызмат кылган атуул

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы «Жаштар уюмунун» мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты Рысбек Үсөнов айылдын өнүгүүсүнө көптөгөн салымын кошуп, активдүү тургундарынын бири.

Эшбай Токсобаевдин өмүр чыгармачылыгы КТРК каналында көрсөтүлдү

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебине КТРК нын кабарчылары 28-декабрь айында Эшбай ата жөнүндө жаңылык жазып кетишкен. Бул жазылган маалымат «КТРК» жана «Маданият» каналында жарык көргөн.

Учкун айылындагы эски мектеп жылыбай жатат

Нарын районуна караштуу Учкун айылында башталгыч класстар окуган эски мектеп жакшы жылыбай, окуучулар кышкы кийим менен отурушат. Мектептин жылуулук системасын камсыз кылган көмүр 2017-жылдын 8-августунда 59 тонна келип түшкөн болсо, …

Интерактивдүү доска мектепке жеңилдик алып келүүдө

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Э.Токсобаев мектебине мугалимдердин сабак өтүүсүнө жеңилдик алып келүүчү интерактивдүү доска алынып келинди. Жалпысынан 70 000 сом акча каражаты сарпталган. 

Сүрөт баян: Кыш мезгилинин кереметтүү көз ирмемдери

Нарын районуна караштуу Учкун айылында кыш мезгили жылдагыга караганда быйыл жылуу. Кыштын кереметтүү көрүнүштөрүн сүрөт баян  менен сунуштайбыз. 

Учкун айылынын мугалими «Жаңычыл мугалим» наамына ээ болду

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшпай Токсобаев мектебинин биология мугалими Назгүл Апилова “Марал” радиосу интернет аркылуу жүргүзгөн тандоодо «Жаңычыл мугалим» наамына ээ болду.

Кызамык оорусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургундарына айылдык дарыгерлер тобу кызамык оорусу жугуштуу болуп жаткандыктан, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Айдайдын дилбаяны республикалык сынакта эң мыкты аталды

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Э.Токсобаев мектебинин 11—классынын окуучусу Айдай Темирбекова Улуттук тил комиссиясы тарабынан уюштурулган, “Адеп адамдын көркү” аталышындагы конкурста республикадан дил баяны 16 эң мыкты дил баяндын катарына …

Учкун айылында жалгыз дарыкана элге кызмат кылат

Нарын районуна караштуу Учкун айылында төрт жылдан бери жалгыз дарыкана иштейт. Жаңы коюлган контейнердин ичи дары-дармектердин коюлушуна тардык кылып келет. 

Айыл тургуну Мээрим комузду нотасыз чертүүнү өзү өздөштүргөн

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Мээрим Кожомкулова кичине кезинен бери комуз өнөрүнө кызыгып, учурда комуз ийримин ачууну пландап жатат. Бардык ырларды комуз менен ырдаган эже менен маек курууну чечтик.

Республиканы багындырган спортчу Ислам Көчөрбаев

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Көчөрбаев Ислам 2017-жылы республикалык “Эрежесиз эр таймаш” мелдешине катышып, ийгиликтүү орунду камсыз кылып келди. Эл аралык таймашка 23-февраль күнү Өзбекстан мамлекетине сапар алат.

Учкун айылында согуш ардагерлерине эстелик тургузулууда

Нарын районуна караштуу Учкун айылында Ата Мекендик согушка катышкандарга арналып эстелик тургузулуп жатат. Учкун айылынын тургуну Данияр Коомбаев бул демилгени көтөрүп, керектүү жабдуулар менен камсыз кылууда. Буга чейин ал 100 …

Учкун айылындагы жалгыз дарыгер Замира Базарбаева

Нарын районуна каршатуу Учкун айылындагы жалгыз фелдшерик-акушердик пункттун башкы дарыгери жана 12 жылдан бери ал жерде кызмат кылган айым Замира Базарбаева менен маек курдук.

Сурамжылоо: Таштанды маселесин кантип чечебиз?

Нарын районуна караштуу Учкун айылында көп жылдан бери таштанды маселеси чечилбей келет. Айыл тургундарына таштанды төгүүгө жер бөлүнүп берилгени менен, элдер тыюу салынган жерлерге төгүшүүдө. Бул маселе туурасында айыл жашоочуларына …

Жаш болсо да тургундарды жумуш менен камсыз кылган ишкер айым

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын 30 жаштагы тургуну Гүлнара Жунушбекова кийим тигүүчү чакан цех ачып, айылдагы кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылууда. Анын максаты — айылдагы жумушсуз келиндерди ишке чакыруу жана …

Учкундагы жалгыз жол чырак

Ош облусунун Учкун айылында жалгыз жол чырагы иштеп келет. Мектеп радиосунун ыктыярчылары бул тууралуу сюжет даярдашкан.

Жалпы республикалык тестирлөө

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) майдын 16сынан 20сына чейин өтөт. 2017 жылы негизги жанан предметтик тесттерге катталуунун бассы 320 сом болду.

Учкундун кабарчылары смартфон утушту

Нарын районундагы «Учкун» жамааттык мультимеда борборунун төрт кабарчысы 4-май күнү “Мыкты макала сынагынын” жеңүүчүлөрү болуп, смартфондорго ээ болушту.

Учкун: Ээр чапкан Жолдош Мусаев

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Жолдош Мусаев ээр чаап, жыгач устачылыгы менен алектенет. Анын өнөрканасына баш багып, маектешип келдик.

Учкундун «Нур баян» тобу республикалык «Манас таануу» таймашында баш байгени багынтты

Эшбай Токсобаев орто мектебинин окучулары 18-апрелде «Манас таануу» сынагынан баш байгени багындырып келишти.

Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...