Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев мектебинде 1968-жылдан 2003-жылга чейин Эркин Алтынбекова физика мугалими болуп эмгектенген. Алтынбекова өз эмгеги менен Кыргыз СССРдин эмгек сиңирген мугалими жана көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Сопиев атындагы орто мектебинин бакчасына жазга карата көчөттөр отургузулду. Бакчага көк теректин, кара жыгачтын жана Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү тигилди.
Тасма айылынын тургуну Аскарбек Көчөрбаев элдик даарыгер. Жүрөк түшкөндө, бөйрөк ооруганда, ач киргенде, баш ооруган учурда айыл тургундары Аскарбек Көчөрбаевге кайрылышат.
Токтоян айылынын тургуну Алымбек Байгашкайев Ашырбай Коёнкөзов атындагы №18 Токтоян орто мектебинин мугалими. Ал мугалимдик кесиптен тышкары ыр жазуу менен алектенет.
Токтоян айылындагы №18 жалпы орто билим берүү мектебинде англис тил сабагынан кружок өткөрүлүп жатат. Кружокко мектептин каалаган окуучулары катышып алар, англис тилин өздөштүрүп, тилди жакшы үйрөнүшүп билимин дагы тереңдетип жатышат.
Асан Сопиев мектебинин баскетбол командасы ийгиликтерге жетишип жатат. Команда жыйырма кишиден турат, алардын ону кыз жана ону бала.
Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы жалгыз мечиттин курулганына он жылдай убакыт болду. Андан бери мечит эскирип калгандыктан, замандын талабына жараша оңдоп түзөөдөн өтөт, деп билдирди мечиттин имамы.