Токтояндагы окуучулардын кээ бири бош убаккытты китеп окууга бөлүп жатса, кээ бири ар түрдүү оюндарды ойноп, эс алуу кызыктуу болуп жаткандыгын айтышууда.
Түп районунун Токтоян айылында сүттүн баасы барган сайын төмөндөп, айыл тургундарынын нааразычылыгын жартууда. Буга чейин 10-15 сомдон сатылган сүттүн литри учурда тогуз сомдон болууда.
Быйыл аба ырайы кескин өзгөрүп, жаандын жаашы басылбай, айыл тургундары чөп чаба албай жатышат. Алар чөп кургабай, чабылган чөптөр четинен чирип жаткандыгын айтышууда.
Токтояндын тургундарынан түзүлгөн топ айыл жашоосунда болуп жаткан көйгөйлөрдү жеткирүү үчүн ар кандай терс көрүнүштөрдү сахналаштырып элге тартуулады.
Буга чейин беш-алты жыл бою айыл имамы болуп келген 37 жаштагы Тыныбек Зундунов көз оорусуна чалдыгып калды. Ал бейтапканаларга барып жылына текшерилип жүрүп, бирок, бул оорусу уламдан-улам күчөп, азыркы абалы жакшы …
Токтоян айылына түшкөн мөндүрдүн көлөмү чоң болгондуктан, айыл тургундарынын жашылча-жемиштерине зыян алып келди. Өз эмгектери менен сепкен жашылча-жемиштери куурап, абалдары начарлап калды.
Сарытологой айылындагы ФАПта оңдоп түзөө иштери жүрүп жатат. Көп жылдан бери оңдолбогон ФАП имаратын быйыл айыл өкмөткө кайрылып, атайын бул иш каралып, акча бөлүнүп берилген.
Түп районунун Сарытологой айылында семинар болду. Семинарды «Токтоян» жамааттык мультимедиа борборунун тренери Адилия Мундукова аталган айылдын 9-11-классынын окуучуларына өткөрдү.
Токтоян айылында Швейцариялык айыл чарба өнүктүрүү фонду (ФАО) тарабынан уюштурулган окуу болуп өткөн. Окуунун негизинде долбоор жазылып, жашылчалардын жаңы сортторун өстүрүү пландаштырылып, алар себилген. Жалпысынан бул долбоорго айылдан 46 адам …
Түп районунун Сарытологой айылындагы мечиттин курулушу былтыр ноябрда башталып, кийин бүтпөй калган. Бул туурасында айыл депутатты Кенжебек Балтабаев менен маек курдук.
Карасаев айыл өкмөтүнө Тасма, Тогузбай, Токтоян айылдары кирет. Айыл тургундары айдап сепкен эгиндерин сугарууда суу жетишпей маселе жаратаарын билидирет.
Баатыр эне наамын Тасма айылынын тургуну Дария Касымова 1972-жылы алган. Бул наамды Дария Касымова 11 балалуу болгон соң алып мамлекет тарабынан ардак громата жана баатыр эне ордени менен сыйланган.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында электр зымдарына тийген бак-дарактар кыйылууда. Айыл тургундары үчүн да жакшы болуп жатканын билдирип өтүштү.
Быйылкы тарых жана маданият жылына карата Токтоян айылында ыр кесе болду. Бул ыр кеседе айылга өз салымдарын кошкон белгилүү инсандардын жасаган иштерин чагылдырып, көрсөтүп беришти.
Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектебинде акыркы коңгуро салтанаты болуп өттү. Бул салтанатта мектеп бүтүрүчүлөрү агай- эжейлерди 11-жыл окутуп өстүргөнүнө ыразычылык билдиришти. Мектепти 10-жыл мурун бүтүргөн окучулар кайрадан …
Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Жанат Садыров беш жыл бою алып-сатар болуп иштеп, үй жайын оңдоп, чоң машина сатып алган. Жума сайын жекшемби күндөрү мал базарга барып, соода менен алектенет.
Чоң-Тогузбай айылында аскерге чейин даярдык (АЧД) сабагынын алкагында үч күндүк практикалык сабактар болду. Сабактарда практика жүзүндө иштер жана аскердик машыгу өтүлдү.
Азыр дээрлик бардык аймактарда өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган. Бирок ал мыйзамга канчасы баш ийүүдө, белгисиз.
Түп районуна караштуу Тасма айылына Миң-Булак айылынан тактай тилгич келди. Бул тактай тилгич келүүсү менен тургундардын дагы бир көйгөйү чечилгендей болду.
Тасма айылы тоолуу өрөөнгө киргендиктен айланасынын баары тоолор курчаган. Башка жерден келгендерге да адыр тоолор көрктүү көрүнөт.