Ак-Талаа районунда КОВИД-19 илдети алгачкы жолу үстүбүздөгү жылдын 14-майында катталып, аймактык ооруканага келип түшкөн. Андан бери жети ай убакыт өттү.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын босогосуна ак өргө тигилип, ачылыш аземи болду. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл аксакалдары жана жаштар катышты.
Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылынын 1994-жылы тууган жигиттеринен турган “RTS 94” командасы Тенир-Тоо лигасында биринчи орунду жеңип алышты.
Оңолбек Орозобек уулу Акталаа районундагы Баетов айылында туулган. Учурда Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинде эки жылдан бери мугалим болуп эмгектенет. Жаш мугалимдин “Жаңы кадам” аттуу ыр жыйнагы жарык көргөн.
Өмүрбек Токтобеков Ак-Талаа районундагы Кадыралы айылында туулуп-өскөн. 26 жаштагы Өмүрбек быйылкы окуу жылынан баштап, С.Атамбеков атындагы орто мектебинде көркөм өнөр жана технология сабагынан мугалим болуп эмгек жолун баштаган.
Ак-Талаа районундагы Бакый Мүсүралива атындагы орто мугалими Данияр Атамбеков өзгөчө өнөргө ээ. Данияр сүрөттү мыкты тартат жана ошол сүрөттөргө кадимки шуру бастырып, ага өзгөчө көркөмдүк берет.
Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы ооруканада бейтаптарды кабыл алып, көрсөтмө берүүгө дарыгер жок.
Ак-Талаа районундагы оор жүк ташыган унаа ээлери “Турук” көмүр кенине бара турган жолду тазалап, Жаман-Дабан суусуна бетон шакектерди көпүрө кылып орнотушту. Бетон шакектерди сатып алууга өз чөнтөктөрүнөн каражат топтошкон.
Ак-Талаа районунун борбору болгон Баетов айылында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Ковид-19 илдетин алдын алуу, санитардык нормаларды, карым-катышта аралыкты сактоо боюнча тиешелүү адистер менен бирге калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Бүгүн Акталаа районунда экинчи жолу жаш мугалимдердин “Жаш мугалимдердин жаркын кыялдары” аттуу слету өттү. Слетко билим берүү тармагында эмгектенип жаткан жаш мугалимдер, мектеп директорлору, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек …
Ак-Талаа районундагы билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигинин алдында жаш мугалимдердин кеңеши түзүлүп, бүгүн атайын төш белгилери тапшырылды. Кеңешке райондогу билим берүү мекемелеринде эмгектенген 1 жылдан 3 жылга чейинки эмгек стажысы бар …
Ак-Талаа районундагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин окуучулары Эльвира Асанбекова жана Бактыгүл Мухтарбек кызы “КРнын аймагында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө” карата өткөрүлгөн бир айлыктын жыйынтыгы менен алдыңкы орундарды камсыз кылышты.
Ак-Талаадагы Баетов айылынын тургуну Бүбүалыйман апа учурда 77 жашта. Айылдык мектепте 10-класста окуган небереси Алина экөө жашайт. 1-топтогу майып. Небересинин айтымында оң көзүнө жасалган операция жакшы жыйынтык бербей, залакасы экинчи …
Ак-Талаа районундагы орто мектептерде иштеген жаш мугалимдер үчүн “Санарип жаш мугалим коомдун жаркын келечеги” аттуу окуу өткөрүлдү.
Курманжан Тиленбаева Ак-Талаа районундагы маданият үйүндө бир канча жылдан бери жетекчи болуп эмгектенип келет. Бир катар сыйлыктардын жана наамдардын ээси. Райондук гана эмес республикалык маданий иш-чараларды уюштуруп, өткөрүп келе жаткан …
Ак-Талаа районундагы орто мектептерде окуган окуучулар сынакка катышып, алардын ичинен жети окуучу «Кыргызстандын мыкты окуучусу» деп табылды.
Элеттик айымдардын ѳнүгүүсү үчүн окутуулар керек Барчын Мамытбекова
Быйылкы жаңы окуу жылынын экинчи чейреги да аралыктан окутуу түрүндө жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, окуучулардын билим алуусун уюштуруу үчүн методикалык, психологиялык жардам көрсѳтүү боюнча атайын нускаманы сунуштайбыз.
Ак-Талаа районунда пандемия башталгандан тартып COVID-19 илдети симптомсуз түрү менен 17, ал эми пневмония менен 3 өспүрүм катталган. Булардын ичинен бешөө мектеп жашына чейинки балдар.
Барчын Мамытбекова