Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: tunukradio

Сүрөт: Акталаада билим берүүнүн алдыңкылары сыйланды

Ак-Талаа районунда мугалимдердин кесиптик майрамына карата өткөн салтанатта билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген алдыңкы мугалимдер, тарбиячылар жана жамааттар сыйланды. Ошондой эле ардагерлер ардактуу эс алууга узатылды.

Акталаада мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди

Кыргызстанда мугалимдердин кесиптик майрамы октябрь айынын биринчи жумасында белгиленип келген. Өлкөбүздөгү саясий кырдаалга байланыштуу агартуучуларга арналган салтанат Ак-Талаа районунда бүгүн өткөрүлдү.

Балдарда Кавасаки оорусу Ковид-19 өтүшүп кеткенде пайда болот

Карточка: Covid-19 белгилери билинсе же вирус тастыкталса… Барчын Мамытбекова

Кош-Дөбөдөгү мектептин жылуулук системасы алмашылды

Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебине жаңы жылуулук системасы коюлду. Бул үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен 1млн.973 миң сом бөлүнгөн.

Суу каналдары оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Суу ысырапты кыскартуу аркылуу сугат аянттарын суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында райондук суу-чарба мекемеси (УОС) тарабынан чарба аралык каналдарды куруу жана оңдоо иштери жүрүүдө.

Акталаада саламаттыкты сактоо мекемелерине бүгүн жылуулук берилди

Ак-Талаа районундагы аймактык оорукана жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна көмүр жеткиликтүү көлөмдө түшүрүлгөн. Ошондой эле от казандары кышкы от жагуу мезгилине даяр.

Жерге-Талда бала бакчанын курулуш жүрүп жатат

Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айылында 50 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.

Чолок-Кайың айылында бешинчи көпүрөнүн курулушу башталды

Чолок-Кайың айылындагы Кум-Арыктын сайына көпүрө куруу иши башталды. “Кемп Ала-Тоо” эл аралык уюму көпүрө куруу үчүн курулуш материалдары менен толук камсыз кылган. Ал эми курулуш иштери айыл тургундарынын күчү менен …

Кош-Дөбөдөгү Сулайман Шералиев көчөсү жарыктандырылды

Кош-Дөбө айылындагы С. Шералиев көчөсүнө жаштардын демилгеси менен кечки шам чырактар коюлду.

Зарыл болбосо карым-катышты азайта турсак…

Ак-Талаа районунда пандемияга байланыштуу күтүүсүз кырдаалдар үчүн 303 койка даярдалган. Керектүү дары-дармектер, антисептик каражаттар, коргонуучу кийимдер жана башка зарыл медициналык каражаттар менен жетиштүү камсыз болгон.

Акталаада урналар бюллетенди кабыл албай ыңгайсыздык жаратты

Ак-Талаа районундагы айрым шайлоо тилкелеринде урналар бюллетендерди кабыл албай (сканер), шайлоочулар үчүн бир топ ынгайсыздыкты жаратты. Күтүүсүз жагдайлар үчүн кошумча урна шайлоо тилкелерине коюлган эмес.

Акталаада добуш берүүгө келген элдин агымы жай

Акталаадагы №4090 участкада жалпы шайлоочунун саны 1765 болсо, саат 11.35 те 265 жаран добуш берген. Ал эми жалпы район боюнча добуш бергендердин саны саат 10.00дө 6% гана түздү. Ал эми …

Пандемия учурунда социалдык кызматкерлер тынымсыз иш-аракетте болушту

Пандемия учурунда айылдагы социалдык маселелер унутта калган жок. Каттоодо турган кары-картаңдар, жалгыз бой энелер, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, мигранттардын балдары жашаган жана жардамга муктаж үй-бүлөлөр социалдык кызматкерлер тарабынан өзгөчө көзөмөлдөнүп, …

Акталаада тизмеден чыгып кеткен шайлоочунун саны так эмес

Ак- Талаада тизмеден чыгып кеткен шайлоочунун саны так эмес. Бул тууралуу Борбордук Шайлоо комиссиясынын Ак-Талаа районундагы өкүлү Токтосун Казиев билдирди. Өкүлдүн берген маалыматына караганда, шайлоочулардын тизмеси болжолдуу, көзөмөл жана акыркы …

Үч жылдан бери бүтпөгөн көпүрө…

Ак-Кыя Көк-Жар суусунун боюндагы көпүрөнүн курулуш иштери 2017-жылы башталган. Буга чейин 11млн сомдук иш аткарылган.

Айылдык оорукана кышка даяр эмес

Ак-Талаа районундагы Кара-Ой айыл аймагындагы айылдык оорукана кышка даяр эмес. Кышка карата 15 тонна көмүр түшүрүлгөнү менен үстүнөн тамчы тамат жана имараттын ичи толук жылыбайт.

Айымдардын ишкердүүлүгүндө үй-бүлөлүк колдоо маанилүү

Айыл жергесинде айымдардын ишкердик кылуусу жылдан- жылга арбып баратат. Алар ар кыл тармакта, тигүүчүлүктө, соода иштеринде жана тейлөө кызматтарында иш алып барышууда. Алардын бири ресторан бизнеси менен алектенген 40 жаштагы …

Жолбун иттер короодогу малга кол сала баштады

Баетов айылында жолбун иттер короого кирип, малга кол сала баштады. Баетов айылынын тургуну Мирбек Мурзабековдун короосундагы кочкорун 4-5 ит түндө дубалдан секирип кирип, жеп кеткен. Жубайы Гүлбадам Какаеванын айтканына караганда …

Айыл ичинде кароосуз калган аялдамалар

Ак-Талаа районундагы Баетов айылындагы 6 аялдама бар. Учурда ошол аялдамалар таланып-тонолуп, отура турган отургуч, жада калса, үстүн жапкан темир материалдардан бери чыгарылып, кароосуз калган.

Сүрөт: Окуучулар окуган мектебине таштанды челектерин орнотушту

Ак-Талаа районундагы Муса Баетов атындагы орто мектебинин окуучуларынан турган “Биримдик” командасы өздөрүнүн мектебине желим идиштер үчүн бир, ар кандай таштандылар үчүн эки челек орнотушуп, маалымат тактасын коюшту. Окуучулар бул аракетти …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...