Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: tunukradio

Видео: Акталаада кыргыз тил күнүнө карата иш-чаралар аралыктан өттү

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата пландалган иш-чаралар пандемияга байланыштуу аралыктан өттү. Мектептин класстан жана мектептен тышкаркы тарбия иштерин уюштуруучусу Жыпар Кубатбекованын берген маалыматына караганда …

Айылда санитардык эрежелер сакталбай калды…

Өлкөбүздө карантин дагы эле уланып, пандемиядан толук кандуу арыла элекпиз. Демек илдеттен сактануу үчүн ар бир жаран санитардык нормаларды жана аралыктарды сактап, бет каптарды тагынып жүрүүлөрү керек. Ошондой эле антисептик …

Аралыктан окутуу бир топ кыйынчылыктар менен коштолууда

Кыргызстандагы билим берүү быйыл дагы кырдаалга байланыштуу аралыктан окутуу менен жүргүзүлүп жатат. Мектепте салттуу режимде окуп жаткандар биринчи класстын гана окуучулары. Ал эми калгандар үйдө ар кандай тиркемелер жана сыналгыдагы …

Нарында журналисттер санарип сабаттуулук боюнча окуудан өтүштү

Бүгүн Нарын облусундагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маалыматтык пандемиянын шартында санарип сабаттуулук боюнча атайын окуу өткөрүлдү. «Ачык коомчулук-ачык маалымат каражаттары» деп аталган бул долбоордун максаты-сөз эркиндигин жана өз пикирин билдирүүнү …

Акталаада бюджеттик мекемелерге көмүр тартылууда

Ак-Талаа районунда кышка карата бюджеттик мекемелерге көмүр  тартуу иштери башталып, бүгүнкү күнгө 45 пайызды түздү.

Акталаада окуучулар үчүн ийримдер аралыктан иштеп жатышат

Ак-Талаа районундагы балдардын билим  борборунда ийримдер аралыктан иштеп жатат. Быйылкы окуу жылында 422 окуучу бий, кол өнөрчүлүк, комуз жана башка ийримдерге катышып, аларга 17 мугалим сабактарды кырдаалга байланыштуу аралыктан өтүүдө.

Ыктыярчы: Өз коопсуздугум тууралуу ойлонгон жокмун

Үстүбүздөгү жылдын июль айында өлкөбүздө эпидемиялык абал курч болду. Бейтапканаларда медицина кызматкерлери жетишпей, ыктыярчылар жардамга келишкен. Айзада Жумалиева борбордон айылга апасынын тажиясына келген. Бул учурда Ак-Талаа районунда да пандемия күчөп …

Акталаа аймактык ооруканасында «кызыл зона» режими сакталуу турат

Ак—Талаа районунда эпидемиологиялык абалды алдын алуу максатында аймактык оорукана жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору мурдагыдай режимде иш алып барышууда. Тактап айтканда, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги кабыл алган алгоритимине ылайык кызыл, жашыл, …

Инклюзивдик окутууда окуучуга өзгөчө мамиле керек

Учурда өлкөдө 1-класстын окуучулары салтуу режимде, ал эми 2-11-класстар аралыктан окууну башташты. Ошол эле учурда мектеп жашында, бирок ден-соолугунун абалы боюнча үйүндө окуп жаткан дагы окуучулар бар.

Сүрөт: Баетовдогу Дөрбөлжүн аянты кечээ жана бүгүн…

  Барчын Мамытбекова

Сүрөт: Акталаада дан эгиндерин оруп-жыюу иштери жүрүүдө

Ак-Талаа районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү 20-августта башталган. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Уланбек Казиевдин маалыматына караганда дыйкандардын эмгегин текке кетирбей, кышка калтырбай оруп-жыюу иштерин бүткөрүү болгон аракеттер көрүлүүдө.

Демөөрчүлөр тез жардам унааларын ондотуп беришти

Ак-Талаа районунун ооруканасындагы бузулуп калган 2 тез жардам унаасы жергиликтүү тургундардын жардамы менен оңдолуп, ишке берилди.

Акталаада жаштардын демилгеси менен заманбап маданий борбор ачылды

Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы А.Шеримбеков атындагы айылдык маданият үйүнүн кичи залы оңдоодон өткөрүлүп, маданий борбор деп аталды.

Ак-Талаада илдеттен акыркы жаран сакайып чыкты

2-сентябрда Ак-Талаа районундагы аймактык ооруканадан пневмония менен жабыркаган акыркы бейтап сакайып чыкты. Бейтапты дарыгер жана медайымдар жакшы каалоо-тилектерин билдирип узатышты.

Акталаада мектептер 1-класстар үчүн билим эшигин ачты

Бүгүн 1-сентябрда Ак-Талаа районундагы 18 билим берүүчү орто мектепте 1-класстар үчүн салттуу режимде окууну башташты. Билим күнүнө карата эч кандай линейкалар уюшулган жок, бирок бардык мектеп администрациялары, класс жетекчилер окуучуларды …

Кадр маселесинде гендердик теңдикти сактоо үчүн мыйзамдар так жазылыш керек

  Уул жана кыз балага бирдей билим берүү маанилүү Барчын Мамытбекова

Подкаст: Бири-бирибиз менен алыстан учурашып калдык

  Айыл тургуну: «Интернеттеги маалыматка ишенип 2-3 кап ун алып сактап алганбыз, бирок эч кандай тартыш болгон жок»   Барчын Мамытбекова

Акталаада “Санарип педагогика-2020” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Билим берүү министрлигинин жобосунун негизинде өткөн окуу жылынын акыркы чейрегинде Ак-Талаа районунда мугалимдер жана тарбиячылар арасында “Санарип педагогика” сынагы жарыяланган. Анын жыйынтыгында райондогу мыкты санарип мугалим жна санарип тарбиячылар аныкталды.

Аралыктан окутууда окуучуга ийкемдүү мамиле кылуу керек

 

Интернеттеги маалыматтардын чын-төгүнүн аныктап ишенүү абзел

  Пандемия учурунда ар түрдүү маалыматтар элдин башын айлантууга алып келди. Коронавирус тууралуу билдирүүлөр жана жаңылыктар көп болгондуктан, интерент колдонуучулар мифтер жана фактылар тууралуу билип алса ашык болбойт. Барчын Мамытбекова

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...