Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Башкы жаңылык

Кочкор: №4150 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды

Бүгүн 4-октябрь Кыргыз Республикасында парламенттик шайлоо өтүп жатат. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылындагы №4150 шайлоо тилкесинде саат 8:00 дөн баштап добуш берүү башталды.

4 Октябрь 2020 жыл 13:03

«Күндүз келип шахмат ойноп турабыз». Ат-Башы районунда аксакалдар клубу иштейт

Күндүз келип шахмат ойноп, кан басымын ченетип, сүйлөшүп, баарлашып кетип туруучу аксакалдардын клубу ачылды.

3 Октябрь 2020 жыл 13:07

Арстанбап: Жаштар арасында шахмат мелдеши өттү

29-сентябрь күнү Арстанбап айылынын жаштары үчүн шашки жана шахмат оюну боюнча мелдеш болуп өттү.

2 Октябрь 2020 жыл 22:28

Байкоочу: Добушун сатып жатып дагы, карызымды берип жатам дегендер бар…

Анара Жамгырчиева 15 жылдан бери шайлоолордо көз-карандысыз байкоочу болуп келет. Бул жылы шайлоого Форма 2 ге туруп, кайра дарегин Форма 1 ге которгон көрүнүштөр болууда деген байкоочу байкоочулардын иши тууралуу …

2 Октябрь 2020 жыл 12:57

Өлкөдө жалпы балдардын жарымынан көбү жакырчылыкка дуушар болушу мүмкүн

Жакын арада 16 жашка чейинки курактагы 160 миңден 570 миңге чейин балдар COVID-19 пандемиясынан улам жакырчылыкка дуушар болушу мүмкүн. Мындай жыйынтык, COVID-19дун балдар жакырчылыгына таасир этишине жүргүзүлгөн талдоодо белгилүү болду.

1 Октябрь 2020 жыл 18:15

Интернетсиз айылда мугалимдер үйлөргө барууга дуушар

Өлкөбүздө болуп жаткан акыркы пандемия кырдаалына байданыштуу, жаны окуу жылы аралыктан окутуу менен башталды. Ал эми Суусамыр айыл аймагынын интернет тартпаган Кызыл- Ой айылында мугалимдер окуучулардын үйлөрүнө барууга дуушар.

30 Сентябрь 2020 жыл 18:46

Аралыктан билим алууга керектүү 6 булак

Онлайн билим алууда окуу китептерин таппай же сабактардын жадыбалын билбей калып кыйналган көрүнүштөр кездешип келет. Бул жолу kyrgyzmedia.kg Билим берүү жана илим министрлиги аралыктан билим алууга сунууш кылган ачык булактарды …

30 Сентябрь 2020 жыл 16:16

Мектепте covid-19дан коргонуу чаралары кандай?

Пандемия шартында мектептерде 1-класстын окуучулары окуп жатышат. Муну билим берүү жана илим министрлиги мектеп босогосун жаңы аттаган окуучулар реалдуу режимде окусун деген чечим кабыл алынганы менен түшүндүргөн. Ал эми вирусту …

29 Сентябрь 2020 жыл 17:52

Пандемия учурундагы шайлоого даярдык кандай?

Буга чейин covid-19 вирусунун жайылуу коркунучу сакталып турганына карабастан, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков шайлоо өз мөөнөтүндө өтөт деп жарыялаган. Суусамыр айылдык шайлоо участкасында даярдыктар болуп жаткандыгына карабастан, элдин саламаттыгы алдынкы …

29 Сентябрь 2020 жыл 17:41

Онлайн билим алуу үчүн керектүү ресурстарды билесизби? Тесттен өтүңүз.

Онлайн билим алууда бир катар кыйынчылыктары бар экени айтылып келет. Мындан улам kyrgyzmedia.kg онлайн окууда эмнеден улам кыйынчылык жаралып жатканын аныктоо максатында сурамжылоо жүргүзгөн. Катышкандардын көпчүлүгү «аралыктан өтүлгөн сабакты түшүнүү …

29 Сентябрь 2020 жыл 17:00

Сүттөн кандай азыктарды жасап чыгарууга болот?

Кыргызстанда сүт азыктарына болгон суроо талап жылдан жылга өсүп келет. Мунун биринчи себеби, калктын көбөйүүсү болсо, экинчиси экспорт менен байланыштуу. Демек, бул бизнести жогорку кирешелүү деп баалоогот болот. Өндүрүштүк деңгээлде …

29 Сентябрь 2020 жыл 16:01

Жолбун иттер короодогу малга кол сала баштады

Баетов айылында жолбун иттер короого кирип, малга кол сала баштады. Баетов айылынын тургуну Мирбек Мурзабековдун короосундагы кочкорун 4-5 ит түндө дубалдан секирип кирип, жеп кеткен. Жубайы Гүлбадам Какаеванын айтканына караганда …

28 Сентябрь 2020 жыл 21:41

Партиялар шайлоо үчүн канча каражат коротту?

БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 11-сентябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондулары тууралуу маалыматты чыгарды. Анда, партияларга каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берилген. Ага ылайык, партияларга кайсы …

28 Сентябрь 2020 жыл 16:06

Биологдун байкоосунда Ат -Башы районунун жаратылышына чоң күч келип жатат

Ат-Башы районунда жергиликтүү калктын кѳпчүлүгү мал чарбасы менен алектенет. Бирок малдын кѳбѳйүшү жаратылышка канчалык дэңгээлде зыянын тийгизип жатканын, жылдан –жылга жайыттардын азайышы, жер кыртышынын бузулушу менен байкасак болот. Дагы кѳптѳгѳн …

27 Сентябрь 2020 жыл 10:34

Пандемияда ыктыярчынын аракети

Коронавирус илдетинен улам, дүйнөнү каптаган пандемия Кыргызстанда июль айларында курчуду. Дары-дармек менен медицина кызматкерлери тартыш болду. Ооруканалар вирусту жуктурган бейтаптарга жык толуп, жакындарын жаткырганга жай таппай калгандар көп болду. Бул …

26 Сентябрь 2020 жыл 11:34

Айыл ичинде кароосуз калган аялдамалар

Ак-Талаа районундагы Баетов айылындагы 6 аялдама бар. Учурда ошол аялдамалар таланып-тонолуп, отура турган отургуч, жада калса, үстүн жапкан темир материалдардан бери чыгарылып, кароосуз калган.

26 Сентябрь 2020 жыл 11:22

Изилдөөнүн жыйынтыгы: Шайлоочулардын 66% добуш сатып алуу ыктымалдыгы бар деп билдирген

Кыргызстандагы шайлоочулардын жарымынан көбү 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоодо административдик ресурстарды жана паракорчулукту колдонуу ыктымалдыгы бар деп билдирет. Мындай маалыматтар «Жалпы иш» коомдук фондусу шайлоого карата жүргүзгөн сурамжылоодо белгилүү болгон.

25 Сентябрь 2020 жыл 18:49

Сүрөт: Окуучулар окуган мектебине таштанды челектерин орнотушту

Ак-Талаа районундагы Муса Баетов атындагы орто мектебинин окуучуларынан турган “Биримдик” командасы өздөрүнүн мектебине желим идиштер үчүн бир, ар кандай таштандылар үчүн эки челек орнотушуп, маалымат тактасын коюшту. Окуучулар бул аракетти …

24 Сентябрь 2020 жыл 21:31

Тесттен өтүңүз: Шайлоонун эрежелери тууралуу эмне билесиз?

Ар бир шайлоо жаңы өзгөчөлүктөргө, өзгөрүүлөргө бай болот. Ушул жылдын 4-октябрында ЖК депутаттарын тандоо дагы пандемияга туш келди. Мындан улам, добуш берүү тилкелеринде шайлоочуларды адаттагыдан башкача эрежелер күтүп турат. Жаңы …

22 Сентябрь 2020 жыл 18:42

Кечки убакытты туура колдонуунун 9 жолу

Ар бир күнү адамдар көптөгөн иштерди бүткөрүү менен алек болушат. Бирок, алардын кээ бир гана адамга бактылуулук сезимин берип, пайдалуу болот. Жумуштан кийин кечки убакытты кантип пайдалуу өткөрүү керек? Суроого …

22 Сентябрь 2020 жыл 10:45
Бейшемби
24 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...