БУУнун жардамы менен «Тоо-Гүлү» балдар бакчасына ойноо аянтчасы курулган. Аянтча бүтүп 30-майда анын ачылышы болуп өттү.
Жалал-Абад облусунун, Ооган-Талаа айылынын маданият үйүнүн абалы өтө начар. Чатырдан суу өтөт, такталары чыгып чирип кеткен. Ошого карабай бул жерде ар кандай иш чараларды өткөрүүгө туура келет.
Бешинчи класстын окуучусу Бахтияр Касымбек уулу, анын кыялы спорттук аянтчада ойноо. Бирок ал кыялы ишке ашпай келет.
Кулатов айыл аймагында жол маселеси көптөн бери элди түйшөлтүп келет. Буга чейин айылдын жолдорун сапатсыз оңдоп берген ишканалар быйыл кайрадан жолдорду оңдоп түзөп беришет, дейт айыл өкмөт башчысы Нурдин Мадимаров.
Токтоян айылындагы токой эч алуучу эмес, таштанды жайына айланды. Ал эми айыл ичи акыр-чикирге толуп калды. Мындан улам жашоочулар жапа чегүүдө. Айыл башчынын билдиришинче, учурда айылда таштанды төгүүчү атайын жайлар казылган жана тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Спорт залдын жоктугун айыл жаштары жана мектеп окуучулары дайым айтып келишет. Айыл калкынын саны аз болгондуктан бул маселе оң жагына чечилбей келүүдө, дейт Токтоян айылынын башчысы Атабек Албанов.
Макый ата көчөсүнүн жашоочулары төрт жылдан бери короосуна жакын төгүлгөн таштандылардан зыян көрүп жаткандыгын айтышты. Учурда аталган көчөнүн жашоочулары арыз даярдап, аны айыл өкмөткө жана санэпид борборго жөнөтүүнү мерчемдөөдө.
Көп жылдан бери оңдолуп түзөлбөгөң айылдагы Орозакун уулу Аскарбек атындагы сейил багы бүгүнкү күндө уулунун жана айыл өкмөттүн колдоосунда оңдолуууда.
Эки күнгө созулган жаан-чачындын айынан Куланакта сел каптоодо. Бул жаратылыш кубулушунун натыйжасында Куланак айылынын тургундары жаз мезгилинде жабыр тартууда. Айыл башчы жолдордун оңдолбой жатканын каражат тартыштыгы менен түшүндүрөт.
Мурда айылдын жашоочулары таштандыларын Төмөнкү Орокто жайгашкан ойдуңга ыргытып келген болсо, 1990-жылдан бери ал жай жабылган. Учурда тургундар таштандыларды айылдын чеке-белине төгүшөт.
Үстүбүздөгү жылдын 15-мартынан тарта Сокулук районуна караштуу Орок айыл аймагында биринчи жолу автобустук каттам ишке кирди. Айыл тургундары автобустун эрте токтоп калып жаткандыгына нааразы болууда.

Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Нурдинович эгерде дарыянын жээги бекемделбесе, суу ашып кетип ошол жердеги суу кампасына кооптуулук жарата тургандыгын жана бул иштерди жалпы айыл тургундары аткарып жаткандыгын маалымдайт.

Ооган-Талаа айылынын Талжырга көчөсүндөгү чоң жар буга чейин көчүп бир топ айыл тургунун үй-тамсыз калтырган. Анын азыркы абалы туурасында айыл тургундары кооптонуп жаткандыгын билдиришти.