Ноокат районунун Арбын айылында катуу жааган жамгырдын айынан тоодон эки күн катуу сел келип, каналдардын, арыктардын башын сел алды. Таза суунун ичине ылай суу кирип кетип, суу чорголору жарылып, айыл …
Байыркы замандан калган кыргыздын улуттук оюндары адамдардан тунук сезимди, аң сезимдүүлүгүн, кыраакылыгын арттырып келген. Ал эми дал ушул чыгарылышта кыргыздын улуттук оюндарынын бири тогуз коргоол жөнүндө сөз кылабыз.
Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылына жаңы футбол аянтчасы курула баштады. Аны Саид Баюми жаштар уюму каржылаган.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында бала бакча курулуп жатат. Бул бакча “АРИС” уюму тарабынан каржыланып, жалпы 11 500 000 сом акча каражаты бөлүнгөн.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын Жерге-Тал участкасынын жолдоруна 30-40 жылдай убакыттын жүзү болду. Бүгүнкү күндө жолдун эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу жаңы жол салынуу алдында турат.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айылына жаңы кичи футбол аянтчасы курулууда. Буга чейин айылда мындай аянтча болбогондуктан футбол сүйүүчүлөр Лейлек районунун борбору Исфана шаарына барып ойноп келчү.
Лейлек районундагы Сумбула айылында окуучулар жайкы каникулду кандай өткөрүп жатышат? Бул суроо менен мектеп окуучуларына жана ата-энелерге кайрылып көрдүк.
Токтогул районундагы айтылуу Узун-Акмат дарыясынын башында алтын кени бар экендиги СССР мезгилиндеги геологиялык чалгындоолордон аныкталган.
Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылынын тургундары ɵздɵрү каражат чогултуп, кɵчɵлөрдү жарыктандырып алышкан. Аудио: Жерге-Тал айылынын көчөлөрүнө тургундар өздөрү жарык коюшту
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын Андарак, Искра айылдарына «Кыргыз телекомдун» демилгеси менен кабелдик интернетке туташтыруу иштери жүрүп жатат. Кабелдик интернет август айынан баштап иштейт.
2017-жылы кар көп жаагандыгына байланыштуу Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынында «Чоң-Арык — Тамга-Терек» жолдоруна жер көчкү түшүп, малчылардын жолун бөгөп калган. Малчылардын жайлоого көчүүсүн тездетүү максатында көчкүнү тазалоо үчүн Токтогул …
Суусамыр айылынын Тынчтык көчөсүндөгү электр тогун өткөрүп берген карагай түркүктөр капиталдык оңдоодон өтүп, бетон таянычтарга алмаштырылды.
Түп районунун Карасаев айыл аймагына «Кыргыз телекомдун» демилгеси менен кабелдик интернет орнотулууда. Жалпы баасы Миң-Булак айылынан Карасев айыл аймагына чейин 1 200 000 сомду түзгөн.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы Исфана-Андарак-Көк-Таш жолунун 600 метрине сентябрга чейин асфальт төшөлөт. Ал эми Андарак айылындагы ар бир үйгө таза суу киргизилет.
Түп районунун Карасаев айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 849 миң сом бөлүнүп, тендер аркылуу Тасма, Токтоян айылдарынын ички жолдору оңдолуп жатат.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын мектебинде оңдоо иштери жүрүүдө.
Түп районуна караштуу Тасма айлындагы кыска мөөнөттүү бала бакча үчүн жаңы ажаткана салынууда. Андан тышкары бала бакчага оюн аятчасына атайын каруселдер орнотулуп, балдарга дагы көптөгөн оюнчуктар жана заманбап парталар алып …
Ак-Талаа районундагы төрт айылды райондун борбору менен байланыштырып турган көпүрө жабылганына бир топ убакыт болду. Бул арада айылдарда жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргузүлүп, медпункт жана башка зарыл кызматтар ачылды.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинде оңдоо иштери жүрүүдө. Жыл сайын мектепти жайкы каникулда оңдоп, сырдашат.
Ак-Талаа районунун Нарын дарыясындагы кооптуу абалга кептелип, коркунуч туудурган чоң көпүрө транспорт жана жолдор министрлигинин буйругу менен толук кандуу жабылды.