Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Инфраструктуралык

Чоң-Тогузбай айылында алма көчөтөрү отургузулду

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектебинде Бириккен Улуттар Уюму тарабынан «Мектеп алдында мөмө-жемиш, бак-дарактарын өстүрүү» долбоору боюнча 200 түп алманын көчөттөрү отургузулду.

7 Май 2017 жыл 11:42

Желим таштандылар бир канча жыл бою жер кыртышында сакталат

Акыркы 20 жылдан бери күнүмдүк тиричилигибизде көчөдөн, бакчалардан, парктардан, эс алуу жайлардан бутка илешкен, же бакта илинген желим баштыктарды, бошогон идиштерди  көрүүгө болот.

6 Май 2017 жыл 16:38

Учкун айылынын кампасы курулганына 40 жылга жакын убакыт болду

Нарын районуна каршатуу Учкун айылындагы кампа 37 жыл мурда салынган. Бул туурасында колхоз таркаганга чейин кампада көп жыл иштеген Эркинбек Карынбаев менен маек курдук.

5 Май 2017 жыл 16:31

Учкундагы чечилбеген таштанды маселеси

Нарын районуна караштуу Учкун айылында көптөн бери таштанды маселеси чечилбей келет. Себеби таштанды төгүү үчүн айылдын батыш тарабынан 20 км алыстыктагы атайын жер бөлүнүп берилген. Бирок ал жер алыс болгондуктан тургундар …

5 Май 2017 жыл 11:01

Учкунда тургундардын демилгеси менен көчөлөр оңдолууда

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын ички көчөлөрүн оңдоо 2016-жылы башталып, учурда көчөлөрдүн жарымы оңдолду. Көчөлөрдү оңдоого тургундар өзүлөрү акча чогултушуп, иштеген акысына ПРООНдун Азык-түлүк программасы менен ун, май азыктары берилип жатат.

5 Май 2017 жыл 8:23

Жалда ишембилик өткөрүлдү

Окуучулар жана мугалимдер айлана-чөйрөнү тазалоо-жашылдандыруу иш планы боюнча Рүстөмбек Мамыралиев мектебинде ишембилик өткөзүштү. Анда окуучулар айлана-чөйрөнү тазалап, бак-дарактарды актоо иштерин жасашты.

4 Май 2017 жыл 17:08

Жайыттарды туруктуу башкаруудагы электрондук жайыт комитетинин ролу чоң

Суусамыр өрөөнүнүн жалпы аянты 472 миң гектарды  түзөт. Суусамырда бардык сезондо колдонулуучу жайыттын түрлөрү бар.

2 Май 2017 жыл 9:48

Жаңы-Талапта бүтүрүүчүлөр жаңы мектепке жемиш бактарын тигишти

Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинин быйылкы окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрү жаңы мектепке жемиш бактарын алма, өрүк, кара өрүк  жана сирендин көчөттөрүн отургузушту.

29 Апрель 2017 жыл 10:45

Мектеп окуучулары айылдын тазалыгына салым кошууда

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектептин окуучулары айлана-чөйрөнү таштандыдан арылтып, тазалоо үчүн ишембилике чыгышты. Алар мектептин айланасын, тиешелүү көчөлөрдү жана арыктарды, эс алуучу жайларды тазалашты.

26 Апрель 2017 жыл 21:48

Жал айылындагы машыгуу залы начар абалда

Сокулук районуна караштуу Жал айылынын жаштары машыгуу залын оңдотуу үчүн айыл өкмөтүнө кайрылышты. Айыл өкмөтү спорт залды оңдоо иштери кийинки жылы башталышы мүмкүн экенин айтты.

26 Апрель 2017 жыл 16:53

«Жерүй» алтын кени ишин баштады

25-апрель 2017 жылы «Жерүй» алтын кенинин жол курулуш иштеринин салтанаттуу түрдө ачылуусу өттү. Официалдуу түрдө долбоор 25 апрель  күндөн тарта башталды. Жыйынга Кыргыз Республикасынын  Өнөр жай энергетика жана тоо-кен комитетитнин …

26 Апрель 2017 жыл 14:06

Ноокат районунун Байыш айылынын бала бакчасы кеңейтилди

Ноокат районунун Байыш айылынын бала бакчасына дагы үч бөлмөлүү бала бакча уланды. Буга чейин орун жетишпегендиктен улам бакчага балдарын бере албаган ата-энелер бар болчу.

24 Апрель 2017 жыл 23:48

Сүрөт: Кара-Суу айылына мөндүр аралаш жамгыр жаады

Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында катуу шамал болуп, мөндүр аралаш жамгыр жаады. Бир саатай жааган жаандан улам айылды суу каптады.

22 Апрель 2017 жыл 15:36

Таластагы «Беш-Таш» коругу

Даярдаган: Элес Осмоналиева

20 Апрель 2017 жыл 15:12

Көк-Жардагы паркка теректин көчөттөрү отургузулду

Көк-Жар айыл өкмөтүндө эки күндүк жаанга карабай айылда ишембилик болуп, арыктар чабылып, көчөлөр тазаланып, иретке келтирилди. Ишембиликтен кийин окуучулар менен бирдикте  айылда бир нече убакыттан бери каралбай калган паркка 300 …

20 Апрель 2017 жыл 11:25

Ак-Чабуу айылына жаңы волейбол залы салынды

Ноокат районунун Ак-Чабуу айылынын мектебине жаңы спорт залы салынды.

18 Апрель 2017 жыл 16:39

Суусамырдагы дары чөптөр тууралуу маалыматыңыз барбы?

Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

17 Апрель 2017 жыл 16:55

Жаңы-Талаптын жашоочулары таштандыларды тазалашты

Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылында жашоочулар, окуучулар жана мугалимдер  жазга карата ишембилик өткөрүшүп, көчөлөрдү, мекемелерди  таштандылардан тазалашты.

17 Апрель 2017 жыл 12:51

Учкун: Мектепте, бала бакчада биздин балдар кандай тамактанып жатышат?

Келечек балдардын колунда эмеспи. Андыктан кичинекей кезинен эле балдарыбызды туура жолго тарбиялоого аракет жасап келебиз. Ошону менен катар туура тамактануу да балдардын дене боюнун өсүшүнө, акыл-эсинин жетиктигине да таасир тийгизет. …

17 Апрель 2017 жыл 0:00

Арбын айылынын көпүрөсү оңдолду

Ноокат районуна караштуу Арбын айылынын Кеңеш Аматов атындагы көчөсүндөгү көпүрө оңдолду. Мурда бул көчөдө сел кирип үйлөрдү суу каптап кетчү.

16 Апрель 2017 жыл 6:42
Шейшемби
25 Баш оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...