Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя айылында мурун менчиктештирилип кеткен имарат түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2 млн 400 миң сомго оңдолуп-түздөлүп, кайрадан 50 орундуу бала бакча болуп ачылды.
Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов орто мектебинин учурдагы негизги имараты мындан 60 жыл мурда салынган. Мектеп имаратынын эскилиги жеткендиктен улам 2014-жылы жаңы курулуш иштери башталып ушул күнгө чейин …
Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылындагы мектепте быйыл жылытуу системасы жакшы иштеп жатат. Себеби жылытуучу түтүктөр толук оңдоодон өтүп, атайын от казан курулган.
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургундары жумушсуздуктан улам кумар оюндарына барган учурлар катталат.
Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылындагы мектепте спорт зал жок болгондуктан окуучулар дене тарбия сабагын сыртта өтүп келет. Мектеп директору быйыл спорт зал салынаарын айтат.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы маданият үйүнүн отургучтары жаман абалда. Бул боюнча аталган мекеменин башчысы Байыш Осмоналиев менен маек курдук.
Токтогул районунуа караштуу Чоң-Арык айылында ар бир айдын 30 унда келип көчө кыдырып элдин ташатандыларын алып кетишчи.Ошол камаз акыркы эки ай ичинде такыр келбей калгандыгын айтып ай сайын ар бир …
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын Ондош көчөсүнө мындан бир жыл мурун жаңы электр трансфаматору орнотулган болчу. Бирок ошондон бери ал ишке бериле элек.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айлынын 40тан ашуун жаштары айылдагы мечитке жардам көрсөтүштү. Жаштардан чогулган жалпы 90 миң сом акча каражатынын бир бөлүгү мечиттин ички шарттарын жакшыртууга кеткен.
Лейлек районуна караштуу Андарак айылында жайгашкан “Байчечекей” балдар бакчасында быйыл жылуулук кандай? Бакчага күнүнө канча көмүр жагылат? Бул туурасында билип көрүү үчүн бакчанын директору менен маек курдук.
2016-жылы кыш айларында жааган кардын калыңдыгы 1 метрге жетет. Быйыл абанын температурасы -40 градуска жетип жаткандыгына байланыштуу, балдар каалашынча муз тебе алышкан жок.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында таштанды таштоочу урналар жок. Урналардын жоктугунан улам айыл тургундары таштандыны сайларга ыргытууда.
Нарын районунун Куланак айылында быйыл кыш мезгили өтө катуу болуп, абанын температурасы -40 градуска чейин жетти. Кычыраган кышта айыл элинин турмушу кандай өтүп жаткандыгы тууралуу материалыбызды сунуштайбыз.
Акбакай жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы кыш мезгилин сүрөткө түшүргөн.
Талас шаарынын тургундары Чүй облусунун Сокулук районунда 2017-жылдын 16-январында Боинг-747 аба кемесинин авиациялык кырсыкка учурашынын натыйжасында каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүүгө каражат чогулуп жатат.
Кыргызстанда 30дан ашык метеостанция бар болсо, алардын бири Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында волейбол залы ачылды. Буга чейин спорт залдын ордунда гараж болуп турган.
Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Сай айылындагы Чалдовар жатак мектебине «Газпром Нефть Азия» мекемеси тарабынан материалдык жардамдар көрсөтүлдү.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын столбаларына макал-лакаптар жазылган көрнөктөр орнотулду. Могол айыл өкмөт башчысынын билдиришинче, жазуулар элди ыймандуулукка чакырыш үчүн орнотулган.
Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл өкмөтүнүн имаратынын шыбы оңдолду. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы билдирди.