Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Инфраструктуралык

Куу-Майданда музейди өнүктүрүү үчүн марафон болду

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде  марафон болуп өттү. Марафон «Тарых жана Маданият» жылына карата музейлерди өнүктүрүү үчүн уюштурулду.

20 Декабрь 2016 жыл 9:09

Кыргыз-Атада жаңы мечит курулууда

Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында үч кабаттуу, заманбап, жаңы мечит курулууда. Мурдагы эски мечитти бузушуп, анын ордуна жаңы мечит салынып, курулуш иштери аяктайын деп калды.

20 Декабрь 2016 жыл 7:58

Ак-Талаада архив имаратынын курулушу каражаттын жетишсиздигинен токтоп калды

Ак-Талаа районунун Баетов айылында жайгашкан райондук мамлекеттик архиви 1954-жылда салынган. Архивдин жаңы имаратын салуу үчүн тиешелүү жерлерге кайрылуу жазылып, 2015-жылда куруу иштери башталган болчу. Учурда каражат жетишсиз болгондуктан курулуш иштери токтоп …

13 Декабрь 2016 жыл 16:05

Кара-Сууда кар эрип жатат

Жайыл районунун Кара-Суу айылына быйыл калың кар жаап, тургундарга ыңгайсыздыктарды жараткан болчу. Учурда күн жылып, айылдагы кар эрий баштады.

8 Декабрь 2016 жыл 19:07

Кызыл-Кыядагы Айбек базарынын тазалыгы кандай?

Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан Айбек базарында эл соода-сатык менен күн кечирет. Анда иштеген соодагерлерден базардын тазалыгы боюнча сурап көрдүк.

7 Декабрь 2016 жыл 22:26

Арбында көчөлөргө жарык коюлат

Ноокат районуна караштуу Арбын айылынын көчөлөрүндө жарыктын жоктугу көйгөйлүү маселе экенин, айрыкча кыш мезгилинде көчөгө чыгуу кооптуу экенин айтышат айыл тургундары. Биз бул тууралуу айыл башчысы Асан Кадыров менен маек курдук.

5 Декабрь 2016 жыл 14:31

Токтогул шаарында жол чырактар коюлду

Токтогул шаарында жол эрежесин бузгандар азайып, айдоочуларга шаар ичинде жүрүүгө бир топ жеңилдиктер жаралды. Токтогул шаарынын негизги көчөлөрүнө  жол чырактар коюлуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн да, айдоочулар үчүн да ыңгайлуу шарт …

5 Декабрь 2016 жыл 13:10

Андаракта мектептин от казаны оңдоп-түзөөдөн өттү

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндөгү Манас атындагы орто мектебинде жаралган жылуулук көйгөйү чечилди. Учурда мектептин жылыткыч от казаны иштеп, класстар жылуу болуп калды..

5 Декабрь 2016 жыл 12:45

Кара-Суу айылына кар калың жаады

Быйыл Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылына 60 сантиметр кар жаады. Кардын калың жагандыгына байланыштуу үйлөрдүн жана сарайлардын чатырлары карды көтөрө албай кулап калгандары болду.

4 Декабрь 2016 жыл 20:49

Учкундагы таштанды маселеси чечилбеген бойдон калууда

Нарын районуна караштуу Учкун айылында таштанды төгүүчү жерлердин аздыгынан жергиликтүү тургундар таштандыларын тыюу салынган жерлерге төгүп келет. Жергиликтүү бийлик тыюу салынган жерлерге таштанды төккөндөргө 500 сомдук айып пул салганы менен, ал …

3 Декабрь 2016 жыл 16:37

Боколдун көпүрөсү кооптуу абалда

Базар-Коргон районунун Бокол айылындагы жалгыз көпүрөнүн абалы көптөн бери начар абалда. Азыркы кезде көпүрөдөн айыл тургундары кооптонуп өтүп жаткан учуру.

1 Декабрь 2016 жыл 15:18

Ооган-Талаада селден жабыркаган ички арыктар оңдолууда

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында май айында жүргөн селден жабыркаган ички арыктар оңдолуп, алардын ордуна лоток курулууда.

1 Декабрь 2016 жыл 14:17

Андаракта поликлиниканын чатыры менен эшик-терезелерин жаңыланууда

Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы поликлиниканын чатыры жана эшик-терезелерин жаңыланууда. Бул атайын айыл тургунунун жазган долбоору менен ишке ашууда.

1 Декабрь 2016 жыл 0:24

Сүрөт: Ноокат районунун жолдору муз болуп калбашы үчүн кум төгүлүүдө

Кызыл-Кыя — Көк-Жар жолуна кышында муз тоңуп калбасы үчүн кумдар себилип, жол кырсыктарын алдын алуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаров: — Бул жолдорго Ноокат …

30 Ноябрь 2016 жыл 21:18

Учкундун тургундары өздөрү акча чогултушуп жолдорду оңдоп жатышат

Нарынын районуна караштуу Учкун айылынын көчөсү начар тургундары 2000 сомдон чогултушуп, шагылдарды төктүрүшүп, жолдорун өз алдынча оңоп жатышат.

30 Ноябрь 2016 жыл 17:19

Бакай-Атада май куюучу жай салынууда

Бакай-Ата айылында жаңы май куюучу жай курулуп жатат. Бул жер курулуп бүтсө айыл тургундары район борборунан күйүүчү май алууга мүмкүнчүлүгү түзүлөт. 

30 Ноябрь 2016 жыл 15:18

Терек-Сууга биринчи кар жаады

Токтогул районунун Терек-Суу айылында биринчи кар 27-ноябрда жаап, айлана аппак карга оронуп калды. Айыл тургундарынын айтымында, быйыл кыш жылдагыдан суугураак түшкөн.

28 Ноябрь 2016 жыл 20:24

Аудио: Бакай-Атада жылгаяк сезону ачылды

Бакай-Ата районунун Үч-Эмчек айылында жылгаяктын сезону ачылды. Ал жерде көбүнчө мектеп окуучулары эс алышат.

28 Ноябрь 2016 жыл 10:41

Бакай-Атанын тургундары кышкыга даярбы?

Кычыраган кыш келип, Бакай-Ата айлынын тургундарынын кышка даярданып көмүр ала баштады. Айылда көмүр баасы тууралуу сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

28 Ноябрь 2016 жыл 9:42

Быйыл Үч-Коргондо кыш күтүлгөндөн эрте келди

Өткөн жылдарга караганда бул жылы кыш эрте келгендиктен Кызыл-Кыя шаар тургундарынын жана Үч-Коргон айылынын жашоочуларынын даярдыктары тууралуу кыскача сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

26 Ноябрь 2016 жыл 18:33

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...