Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Инфраструктуралык

Баетов: Мектептин курулушу кийинки жылга калтырылды

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Э. Карасартов мектеби республикалык бюджеттен каржыланып, 2014-жылдын 2-ноябрында типтүү мектептин капсуласы салынган. Курулуштун бүтүшү 2016-жылдын октябрь айына пландаштырылган, бирок каражат бөлүнбөгөндүктөн токтоп турат.

25 Ноябрь 2016 жыл 17:09

Ак-Талааданын аймагындагы ашуу белдерге баруучу автоунаа жолдору жабылды

Аба-ырайынын кескин өзгөрүп, ашууларда, белдерде кар күрткүсү пайда болуп, автоунаалардын жүрушүнө кыйынчылык жаратып жаткандыктан Ак-Талаа районунун аймагындагы Молдонун бели, МЭЛС, Ак-Мойнок ашуулары жаз келгенге чейин убактылуу жабылды.

25 Ноябрь 2016 жыл 8:50

Баетовдо мектеп полдору кайра оңдолду

Ак-Талаа районунун Баетов айылында жайгашкан Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде быйыл жайкы каникулда полдору алмашылган болчу. Учурда кайрадан жасалууда.

24 Ноябрь 2016 жыл 17:14

АРИСтин долбоору менен Үч-Коргондо мектеп курулууда

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Разъезд айылында АРИСтин долбоору менен мектеп курулууда. Бул туурасында аталган уюмдун Баткен облусу боюнча адиси Алтынбек Жакыпов билдирди.

23 Ноябрь 2016 жыл 14:02

Тасманын тургундары кышка даярбы?

Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл Тасма айылында кар эрте түшүүдө деп билдиришет айыл тургундары. Тасмада биринчи кар 26-октябрь күнү жааган. Ал эми экинчи кар 17-ноябрга караган түнү жаады.

17 Ноябрь 2016 жыл 21:09

Биринчи жааган кар учкундуктарга кандай таасирин тийгизди?

Күз мезгили аяктап, кыш мезгили босогодон жаңы кирип келди. Учкундуктарга кыштын белгиси болгон кардын жаашы кандай таасирин тийгизгендиги тууралуу сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

17 Ноябрь 2016 жыл 17:16

Куланак: Футбол аянтчасынын курулушу токтодубу?

Нарын районунун Куланак айылында курулуп жаткан футбол аянтчасынын курулушу суук түшкөнүнө байланыштуу убактылуу токтоду. Бул боюнча курулуш иштерине көмөк көрсөткөн айылдык жаштар комитети менен маек курдук. 

17 Ноябрь 2016 жыл 13:21

Терек-Сууда окуучулар жашоочуларды тазалыкка чакырды

Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто мектебинин окуучулары «Менин таза айылым!» аттуу акция жүргүзүштү. Окуучулар топ-топ болуп бѳлүнүп, кѳчѳлѳрдү кыдырып, айыл тургундарын тазалыкка чакырышты.

16 Ноябрь 2016 жыл 18:47

Кара-Чий ЖМБ: Мектептин кышка даярдыгы кооптуу абалда

Кызыл-жылдыз  айылындагы  М .Иманалиев  атындагы  орто мектепке 110тонна  көмүр келип   биринчи түшкөн.  Бирок көмурдун  сапаты  начар  болгондугуна  байланыштуу  кышка  жетпейт деген коркунуч болууда.

14 Ноябрь 2016 жыл 18:04

Ооган-Талаада мектепти тазалоо иштери жүрдү

Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде тазалоо иштери жүрүүдө. Бул иш-чараларга 5-11-класстын окуучулары катышты.

12 Ноябрь 2016 жыл 17:53

Турусбек мектебинин ашканасында оӊдоо иштери жүргүзүлдү

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек мектебинин ашканасында оӊдоо иштери жүргүзүлдү. Бул оӊдоо иштери эл аралык уюмдар тарабынан каржыланды.

11 Ноябрь 2016 жыл 19:00

Ооган-Талаада көчөгө жарык коюлат

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын көчөлөрүн жарык кылып турган лампалары көптөн бери жараксыз абалда. Айыл өкмөт башчысы көчөгө жарыкты 15-ноябрга чейин калыбына келтирилээрин билдирди.

11 Ноябрь 2016 жыл 17:22

Учкунда футбол аянтчасын куруу иштери жыйынтыктала баштады

Нарын районуна караштуу Учкун айылында биринчи жолу футбол аянтчасы курулууда. Учкундуктар грант утуп алышып, аянтчаны куруу ишке ашырылууда. Жалпысынан курууга 350 миң акча каражаты кеткен. Учкун айылынын тургундарынан да акча …

9 Ноябрь 2016 жыл 17:20

Сурамжылоо: Учкундуктардын кышка даярдыгы кандай?

Айылда суук түшүп, кыш мезгили жакындап калды. Кышка айыл тургундарынын кээ бири даяр болсо, башкасында даярдык жок. Ушунун негизинде тургундардан кышка даярсызбы? Эгер даярдыгы жок болсо эмне үчүн деген суроолорду …

9 Ноябрь 2016 жыл 15:42

Токтогул: Кышка камылга кандай?

Капысынан эрте түшкөн суук Токтогул районунун элинин кышка канчалык деңгээлде даяр экендигин айгинеледи. Токтогул шаарынын тургундары кыш мезгилине даярбы, деги эле кышка камылга көрүүдө кандай көйгөлөр жаралууда, мына ушулар тууралуу …

7 Ноябрь 2016 жыл 13:06

Кызыл-Кыя шаарында спорт комплекси курулду

Кызыл-Кыя шаарында Газпромдун каржылоосунда чоң спорт комплекси курулуп, пайдаланууга тапшыруу алдында турат.

6 Ноябрь 2016 жыл 0:06

Андарак: Көчөгө кайрадан чырак орнотуу 2017-жылдын бюджетине киргизилет

Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын борбордук көчөсүнө коюлган чырактар иштебей турат. Бул айылдын көйгөйү боюнча айыл-башчысы Саид Самандаров менен маек курдук.

4 Ноябрь 2016 жыл 21:36

Кетмен-Дөбө аймагынын жолдору оңдолду

Кетмен-Дөбө айыл аймагына кирген Терек-Суу — Чоң-Арык айылдарынын  жолдору оңдолду. Өткөн кабарларыбызда билдиргендей “Ак-Бакай” ЖМБнын кабарчысы “Айылда чечилбей келген көйгөй” тууралуу сурамжылоо жүргүзгөндө, айыл тургундары жол маселесин айтышкан. Бул оңдоо …

4 Ноябрь 2016 жыл 18:13

Ак-Талаада көмүр маселеси чечилбеген бойдон калууда

Ак-Талаа районунда кыш алты айга созулат жана шарты катаал аймак. Бул мезгилге чейин акталаалыктар кышка толугу менен даяр болуп, көмүр менен камсыз болуп калышчу.

1 Ноябрь 2016 жыл 15:21

Сумбуладагы заманбап спорт зал курулуп бүттү

Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу «Андарак 2» орто мектебине 2004- жылы КСДП нын депутаттары келип, мектепке спорт зал куруу келишимине кол койгон. 2015- жылдын март айында тийиштүү органдардын өкүлдөрү келип, курулуш …

31 Октябрь 2016 жыл 18:57

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...