Ноокат районунун Арбын айылында күн жылып калганына байланыштуу айлана-чөйрөнү тазалоо иштери башталды.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында жазгы айдап-себүү иштери боюнча облустук семинар жыйынтыкталды. Аталган семинарга облус аймагындагы айылдардын башчылары тажрыйба алмашуу максатында келип катышты.
Ноокат районунун Байыш айылында жаңы мечит курулуп жатат. Ага болжол менен 1 жарым млн сом акча жумшалган.
Жайыл районуна караштуу Ставрополовка айылынын мечити кышында калың кар жагадыктан, чатыры карды көтөрө албай кулап калган. Эми мечит оңдоодон өтүп, мечитке эл келе баштады.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын кейиштүү көйгөйлөрүнүн бири таштандылар. Айыл тургундары ар кайсы жерлерге таштанды төгүп, жерлерди булгоодо. Таштанды төгүлчү жер участогу айыл өкмөт тарабынан бөлүнгөн эмес. Аудио: Кызыл-Жылдыз айылындагы …
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы бала бакчасынын курулушу беш айлык тыныгуудан кийин кайра уланат. Аудио: Бала бакчанын курулушу кечеңдөөдө
Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде ишембиликтер өтүп жаткан чагы. Мектептин жамааты окуучулар менен бирге мектептин, айылдын тегеректерин тазалап, ар кандай көчөттөрдү отургузуп жатышат.
https://www.playbuzz.com/gulkaiyr10/3-15-2017-4-19-17-pm «Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин кѳз карашын чагылдырбайт. Даярдаган: Гүлкайыр Осмоналиева
Лейлек районундагы Андарак-Исфана жолунун эки капталы таштандыга толуп калганын байкоого болот. Бул боюнча Лейлек району жана Сүлүктү шаары боюнча экология жетекчиси менен маек курдук.
Лейлек районунун борбордук мечити толугу менен оңдолуп бүтөөр алдында турат. Оңдоп-түзөөгө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мурат Жураев демөөрчү болгон.
Быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу кар калын түштү. Күн жылыгандыгына байланыштуу кар тездик менен эрип, айылдын көчөлөрү шаркырап аккан сууга, айрым көчөлөр суулуу карга толду. Мындай учурда айрым көчөлөрдө унаалар тыгылып, …
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы курулушу али бүтө элек дамбаны суу жууп кетти.
Түп районуна караштуу «Токой чарба» уюму жаратылышты сактап калуу максатында иш алып барат. Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Керез Исмагулов «Токой чарба» уюмунда механизатор болуп иштейт. Анын айтымныда, бул …
Түп районуна караштуу Токтоян айылында казылып жаткан каналдын бүтпөй калышы турак-жайларга терс таасирин тийгизүүдө. Жаратылыш кырсыктарынан коргонуу маскатында бул канал салынып жатып, токтоп калган.
Бул басылма Европа биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.
Сумбула айыл өкмөтүндөгү Сары-Дөбө айылында жаңы намазкана курулуп, 26-март күнү колдонууга берилди.
Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылындагы маданият үйү элге кызмат кылып келүүдө. Ал 1960-жылдары салынып, 2014-жылы капиталдык ремонттон өткөрүлгөн.
Лейлек районундагы Сумбула айыл өкмөтүндө жайгашкан Манас орто мектебинин кол жуучу жайы курулгандан бери иштебей келет. Окуучулар кыштын чилдесинде да колдорун муздак сууга жууп жүргөн.