Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Сайкал Мукалиева үйдөгү жумуштардан тышкары бекер отурбастан, ашлянфу жасап сатып, киреше табат. Келечекте Тасма айылына өзүнүн жеке кафесин ачууну каалайт.
Чоң Тогузбай айылынын тургуну Эльнура Доктурбаева кесиби боюнча мугалим. Азыркы учурда декреттик өргүүдө олтурганына байланыштуу, үйүндө “Несушка Тайланд” пародасындагы тоокторду багып, жумурткасын сатып, киреше табууда.
Түп районунун Чоң- Тогузбай айылында чакан үрөн тазалоочу ишкана бар. Ал 1990-жылдан бери иштейт. Бул ишкана үрөн гана тазалабастан, малга жем, талкан тартып даярдап берет.
Кочкордун Төлөк айылынын тургуну Сымбат Кудайбергенова көз жоосун алган түймөлөрдү түйүп, аларды сатып, киреше табат. Ал жакынкы убактан бери кыз-келиндердин суранычы менен атайын чакан курс ачып алган. Бул курска айылдык …
Финансылык сабаттуулук туура финансылык чечимдерди кабыл алуу жана жеке финансылык бакубаттуулукка жетүү үчүн керек. Жөнөкөй эле акча чогултуу адатын калыптандыруу менен сиз бир топ каржы көйгөйлөрүн алдына ала аласыз. «Ак-Босого» …
Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын жашоочусу Гүлжан Касмалиева 30 жылга жакын убакыттан бери туристтерди тосуп келет. Анын негизги киреше булагы туризмден түшөт. Мындан сырткары ал кол өнөрчүлүк менен алектенип, жасаган буюмдарын …
Кочкор районундагы Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинин өсүмдүк өстүрүүчү (фермер) группасынын студенти Орозобек Салмоорбеков, өзүнүн чоң күнөсканасын Кочкор районунун Кара-Суу айылына салды.
Суусамырда акыркы жылдары уй саап, сүтүн сатып, кошумча каражат тапкан тургундардын саны көбөйдү. Айылдагы сүттү ишкер Калбү Иманбекова атайын унаасы менен чогултуп кетип акчасын төлөп берет. Сүт менен иштөөдөгү кыйынчылыктар тууралуу маек …
Сары-Булак айылында көп жылдардан бери балык менен соода-сатык кылгандар бар. Алар чакан балык сатуу менен башташса, бүгүнкү күндө заман талабына ылайык чоң-чоң кафелерди да курушуп, көптөгөн кардарларды өздөрүнө тартып келишүүдө.
Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылынын 43 жаштагы тургуну Алтынбек Жусупбеков элет жеринде мал чарбачылыгы менен бирге эле беш жылдан бери жеңил салмактагы заманбап ээрлерди жасап, чакан ишкерлик менен алектенет. Мындан сырткары, …
Элет жеринде жашап, чакан бизнес ачкан жаштар арбып барат. Кара-Суу айылында Курманбек Назарбеков жана Дастан Майрамбек уулу биргелешип, самын чыгаруучу станок алып, самын өндүрүлүп жатат. Учурда жергиликтүү тургундар арзан баада …
Кочкор районундагы №15 кесиптик лицейдин тигүүчү кесибинин устаттары жумушсуз кыз-келиндерди тигүүчү кесибине жеринен барып окутуп келишти. Бул иш-чара Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте уюштурулду.
Ак-Талаа районунда бүгүн ушул долбоорго байланыштуу тегерек стол болуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, АРИСтин Нарын облусу боюнча координатору Талантбек Рысбаев, облустагы социалдык мобилизатору Гүлмира Токтосунова, АРИСтин Ак-Талаа районундагы эксперти Жаныбек …
Нарын районундагы Куланак айылы Нарын шаарынан 45 км аралыкта жайгашкан. Учурда 1 л сүттүн баасы 30 сомдон чогултулуп жаткан учур.
38 жаштагы Аида Кулкобонова 7 баланын апасы. Ал үйдө отурганда турдүү кол өнөрчүлүк менен алектенип келген. Учурда чырак (светильник) гүлдөрдү жасайт. “cheberaiym”-аталышындагы инстаграм баракчалары аркылуу турдүү гүлдөрдү жасап сатып кошумча …
Нарын районундагы Учкун айылында элдерди жумуш менен камсыз кылуу максатында тигүүчү цех ачылды. Аны айыл тургуну Карлыгач Асанова негиздеген.
Жаратылышы кооз жерде форель балык чарбачылыгы менен алектенген жеке ишкер Эрмек Бакиров менен пандемияга чейинки жана пандемиядан кийинки туристтердин келүүсү жана форель балык чарбасы жөнүндө баарлаштык.
61 жаштагы Кочкор айылынын тургуну Саадагүл Садыкова туризм тармагында 26 жылдан бери алектенип келген. Пандемия учурунда туризмдин жаңы булагын табуу, ички туризмди өнүктүрүү боюнча терең иштеп баштаган. Бош убакыт көп …
Азыркы учурда ыктыярчы болуп эмгектенгендердин саны күндөн күнгө өсүүдө. Айрымдары ыктыярчылыкты хобби катары сезишсе, айрымдары жумуш катары кабыл алышат.
Арстанбап айылында жаңгактын майын муздак ыкма менен сыгып алуу менен алектенген ишкер Эркин Кадиров жашайт. 2018-жылдан бери жаңгактын майын даярдап активдүү иштеп келет.