2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү» жылына карата Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн курулуп жаткан жаңы имараты ишке киргени жатат.
Нарын районунун Куланак айылында «Таза коом» долбоору ишке киришкенден бери айыл тургундарына үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүп келе жатат. Бул тууралуу төмөнкү видеодон көрө аласыздар: Даярдаган: Ырысбай Адамалиев
Түп районуна караштуу Токтоян айылынын тургуну Тыныбек Зундуновдун жетекчилиги менен «Боорукер бол» кайрымдуулук фонду ачылды. Бул фонд учурда Карасаев айыл өкмөтүндө, тагыраак айтканда Токтоян, Тогузбай, Тасма айылдарында өз ишин алып …
Талкууга Тогуз-Торо району боюнча камсыздандыруу бөлүмүнүн өкүлү Тынчтык Таалайбеков жана Тогуз-Торо райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы полковник Эсенкан Керимакуновдор турак жайды камсыздандыруу туурасында угармандарга маалымат беришти.
12- сентябрь күнү Бакай-Ата айылынын тургундары түз эфирде жөлөк пулдар тууралуу маалымат угушту. Программанын каарманы Асель Бектурсунова 2 баласына тең сүйүнчү алып, бирок пособия бөлүнбөй калганы жөнүндө айтып берди. Программанын …
«Демократия сааты» долбоорунун алкагында Барскоон FM жамааттык мультимедиа борборунда Барскоон айылынын «Барс-S» муниципалдык ишканасынын айыл тургундарына көрсөткөн кызматтары жөнүндө маек өткөрүлдү.
Суусамыр FM радиосундагы «Демократия сааты» программасынын алкагында Тунук жана 1-Май айылдарынын башчылары түз эфирде маек курду. Программанын жүрүшүндө айыл башчыларынын эл менен кантип тыгыз байланышта иштеши, ар бир айылда кандай …
22-сентябрь күнү өтүлүүчү Сүлүктүнүн 150 жылдык мааракесине карата даярдык кызуу жүрүүдө.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Ставропол жана Кара-Суу айылдарынын тургундары менен бирге жаңы долбоор жазуунун үстүндө иштөөнү башташты.
Сүлүктүдө 150-жылдык юбилейди утурлап өткөргөн марафонго жергиликтүү тургундар активдүү катышып, шаардын мэри Р.Э.Абдыназаровдун демилгесин бир добуштан колдоп жатат. Марафон башталганына 45 минута болгондо 428 миң сом чогулду. Марафонго Лейлек районунун …
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү Базар-Коргон районунда өттү. Бул туурасында райондун акимчилигинен билдиришти.
Тогуз-Тородо Эгемендүүлүктүн 27жылдыгына карата салтанаттуу иш- чара өткөрүлдү.
31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Суусамыр айыл өкмөтүнүн алдында салтанаттуу жыйналыш болуп, айылдын өнүгүшүнө салымын кошкон айыл тургундары грамоталар менен сыйланышты.
Кезинде Орто Азиянын «кочегары» деп аталган Сүлүктү шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы жакшы даярдыкта өткөрүлдү.
«Суусамыр FM» радиосунун түз эфиринде маек Суусамыр айылдык аксакалдар сотунун ишмердүүлүгү тууралуу болду. Эфирдин коноктору Суусамыр айылдык аксакалдар сотунун төрагасы Үсөн Бурканбаев жана катчысы Асылбек Сапарбеков болушту.
Нарын районунун Учкун айылында таштандыларды жок кылуу жана айылды таза кармоо максатында 3 айдан бери ишембилик өткөрүлүп келет. Бирок, бул иш-чарага карабастан, айылдагы таштандылар көбөйүүдө.
Нарын районундагы Куланак айылынын Тамара Жумакаева атындагы маданият үйү 1968-жылдан бери кызмат өтөп келет. Учурдагы абалы жана келечеги кандай?
Суусамыр FM радиосунун түз эфиринде жергиликтүү кеңештин агрардык комиссиясынын ишмердүүлүгү тууралуу талкуу болуп өттү. Талкуунун жүрүшүндө туруктуу агрардык комиссиянын төрагасы Урмат Алыпсатаров жана мүчөсү Муканбет Койчукеев суроолорго жооп беришип, комиссиянын …
12- июль күнү Президент Талас облусуна келип кетти. Биринчиден болуп Мамлекет башчысы зыярат менен “Манас-Ордо” комплексине токтолгон, андан соң Талас районуна караштуу Таш-Арык айылында курулуп жаткан балдар бакчасына барды. Ошондой …
Нарын районунун Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаилов менен келечектеги жана учурдагы иштери туурасында маек кылдык.