АРИС долбоорунун негизинде Төлөк айылында чакан долбоор ишке ашат. Долбоор бир нече чогулуштарды өткөргөн соң ишке ашырылат. Бүгүнкү күндө кварталдык чогулуш жыйынтыкталды.
Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө чөлкөмүндөгү жайыт жолу оңдолду.
Т.Кулатов айыл өкмөтүндө экологияны коргоо, таза сактоо максатында социалдык мекемелерде ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликти Кулатов айылынын өкмөт башчысы уюштуруп, айыл өкмөттө иштеген кызматкерлер ишембиликке чыгышты.
Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Көчкөнов Кызыл-Булак жамааттык мультимедиа борбору аркылуу айыл тургундарынын суроолоруна жооп берди. Жазында жааган туруктуу аба-ырайынын натыйжасында сел көпүрөөлөрдү алып кеткен жана эгин талааларын зыян келтирген. …
Ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде республиканын бүт аймактарында «Энелер күнү» белгиленип келет.иБүгүн 27- май күнү Кочкор районунун Маданият драма театр имаратында салтанаттуу иш -чара өттү.
Санариптештирүүдө турак жайлардын мамлекеттик актысы жок болсо, жөлөк пул ала албай калат. Анткени жөлөк пулду чегерүү үчүн жарандын туруктуу жашаган үйүнүн жашоо шартын изилдөө керек.
«Айыл эли ынтымактуу болуп, жыйындарда активдүү катышып беришсе, чогулуш сайын айтылган койгон маселелерди колдоп, биримдикте баарын чечкенге аракет кылабыз». Мындай пикирин Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Аскер Жаңыбаев түз эфирде жооп …
Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жазгы-айдап себүү иштери аяктап калды. Ошого байланыштуу сугат үчүн суу берүү дагы токтотулду. Ал эми айдалган айдоо аянттарын мал тебелеп, эмгек текке кетпес үчүн жылдагыдай мал …
Барскоон айыл аймагына чакан сквер парк курулат. Парк айыл аймактын маданият үйүнүн жанына куруу пландалууда. Жакынкы аралыкта сквер парктын иш кагаздары толугу менен бүтүп, курулушту баштайбыз,-дейт Барскоон айыл аймактын айыл …
«Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасы айыл тургундары тарабынан келип түшкөн суроолорго жооп берүүнү улантууда. Урмат Алыпсатаров жергиликтүү кеңештин удаа 3 чакырылыштагы депутат.
Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнө айыл эли түз эфирден суроолорун бере алат. Түз эфирде айыл көйгөйү, мал чарбачылыгы жана жеке инсандардын кайрылууларына Эркин Муслимович 40 мүнөттүк эфирде жооп берди.
Төлөк айлында 379 түтүн бар, ал эми 1908 адам жашайт. Булардын ичинен 115 үй- бүлө аз камсыз болгон үй- бүлөлөр деп аталат. Мына ошол аз камсыз үй- бүлөлөрдү калктын аярлуу …
2022-жылдын май айында Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айыл аймагынын башчысы болуп Казыбек Усупов дайындалды. Ал эми буга чейин башчы болуп келген Чыңгыз Мамбеткулов Он-Арча айыл аймагына которулду.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылында турак-жай үчүн жер тилкеси, таштанды, таза суу сыяктуу орчундуу көйгөйлөр бар. Айыл ичинде таштанды эки жумада бир таштанды чыгарылганы менен тургундар аны сорттоп чогултууну эске алышпайт.
Учурда Суусамыр айыл аймагында эл жана турак-жай фондун каттоо иштеринин башталганына туура 5 күн болду. Бул убакта боюнча 33 каттоочу, 3 инструктор, 1 координатор иш алып барууда.
Суусамыр айыл өкмөтүндө Жергиликтүү кеңештин 9-кезектүү отуруму болуп өттү. Отурумга катышкан депутаттардын саны 14 болду. Андан тышкары айыл өкмөт башчысы, мектеп жетекчилери, айыл башчылар жана мекеме жетекчилери катышышты.
15-апрелде Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүндө 1 гектарга жакын муниципалдык жер аянтына 2320 түп карагаттын көчөттөрү отургузулуп, ага Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев катышты.
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев тиешелүү облустук мекеме-ишкана жетекчилери менен бирге Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушту.
«Соң-Көл» айыл өкмөтүнүн кеңсесинде 4-апрель күнү жеринен документ бүтүрүү иши уюштурулду. Райондун борборунан келген Калкты Тейлөө Борборунун адистери бүгүн бир нече маселелерди жеринен чечип, айрым адамдарга документ тапшырышты.
2022-жылдын 31-мартында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында «Аймактардагы биргелешкен өнүгүү жана кызматташтыктын келечеги» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.