Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Муниципалитеттер

Акталаада бюджеттик мекемелерге көмүр тартылууда

Ак-Талаа районунда кышка карата бюджеттик мекемелерге көмүр  тартуу иштери башталып, бүгүнкү күнгө 45 пайызды түздү.

19 Сентябрь 2020 жыл 17:04

Ат-Башы: Ак-муз айылында техникалык кызмат көрсөтүүчү ишкана ачылды

10-сентябрда Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында «Ак-Муз өнүгүү» муниципалдык ишканасынын ачылыш аземи болуп өттү. Аталган ишкана айыл тургундарына ар кандай техникалык кызматтарды арзан көрсөтүп бере алат.

12 Сентябрь 2020 жыл 16:43

Сүрөт: Акталаада дан эгиндерин оруп-жыюу иштери жүрүүдө

Ак-Талаа районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү 20-августта башталган. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Уланбек Казиевдин маалыматына караганда дыйкандардын эмгегин текке кетирбей, кышка калтырбай оруп-жыюу иштерин бүткөрүү болгон аракеттер көрүлүүдө.

3 Сентябрь 2020 жыл 17:29

Кызыл- Туу айыл өкмөт башчысы алдыдагы пландары менен тааныштырды

Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл – Туу айыл аймагы Бишкек шаарынан 30 километр аралыкта жайгашкан. Айыл аймактын башчысы август айында бир жылдык мөөнөткө шайланган. Учурдагы аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы …

2 Сентябрь 2020 жыл 12:09

Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында жаңы айыл өкмөт башчысы шайланды

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл – Туу айылында өкмөт башчы шайланды. Айыл өкмөт башчылыгына эки талапкер ат салышты. Эки талапкердин алдыга койгон максаттары айылдык кенеш тарабынан жактырылды жана таанышып чыгышты.

19 Август 2020 жыл 23:50

Ар бир жарандын шайлоого катышуусу үчүн шарт түзүү керек

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Сейтек Кулубаев иш сапары менен Жаңы -Талап айыл аймагында болуп, шайлоо тилкесинин даярдыгы, калктын саламаттыгын тейлөө иштери, кышка даярдык жана башка бир катар иштердин абалы …

17 Август 2020 жыл 14:57

Кышка карата көмүр тартуу иштери жылдагыдан кеч башталат

Нарын облусунда Кыргызстандын башка аймактарына караганда суук эрте түшүп, кыш мезгили узакка созулат. Ошол себептүү кышка карата камылга август айынан тарта эле камылга көрүлүп, көмүр тартуу иштери башталат. Тилекке каршы …

15 Август 2020 жыл 12:44

Ат-башынын борбордук аянтчасынын бир бөлүгү жасалып бүттү

14-август күнү Ат-Башыдагы борбордук аянтчанын бир бөлүгү жасалып бүтүп, ачылышы болду. Бул аянтчаны реконструкциялоо — райондун 90 жылдыгына арналган долбоорлордун бири болуп саналат.

15 Август 2020 жыл 12:23

Баетов айыл аймагы жаңы айыл чарба техникалар менен камсыздалды

Баетов айыл өкмөтүнүн алдында уюштулган “Асыл түшүм” муниципалдык ишканасын техникалык жактан камсыздоо жана оруп-жыюу иштерин убагында бүткөрүү үчүн жаңы айыл чарба техникалары алынып келинди.

12 Август 2020 жыл 0:02

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты жараксыз абалда

Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу  №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты учурда жараксыз болуп, имараттын дубалдары чекесинен урап түшө баштаган. Бирок ошондой кыйроо абалына карабастан бул борбордо айыл тургундары дарыгерге …

5 Август 2020 жыл 18:17

Катуу жааган жамгыр Жерге-Талда чоң маселе жаратты

1-август түнү жааган катуу жамгыр Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылынын Кум-Арык сайындагы Шырдакбек көпүрөсүнүн үстүн алып кеткен. Бул көпүрө айылдын жанынан өтүүчү чоң трассада жайгашкан. Көпүрөнүн тирөөч шакектери да кулап калган.

3 Август 2020 жыл 18:00

Куланак: Жааган жамгыр кыянга айланды

2020-жылдын 1-август күнү кечки саат 21:00 чамаларында жаап баштаган жаан нөшөрлөп катуу жаанга айланып Нарын облусу Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагынын Куланак айылында тоодон түшкөн сел агындылар Нурбай булуң …

3 Август 2020 жыл 15:26

Тогуз-Торо районунда кайрадан сел жүрүп турак үй короолорду суу каптады

Тогуз-Торо районунда 29-июлда тынымсыз жааган жамгырдан улам сел жүрүп, турак үйлөрдү суу каптаган. Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мелис Токтобеков маалымдады.

3 Август 2020 жыл 13:14

Курман айтта жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам берилди

Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүндө Курман айтка карата жардамга муктаж, кары-картаң, көп балалуу ж.б.категориялардагы жети үй-бүлөгө курмандыкка чалынган малдын эти жана азык-түлүк берилди.

1 Август 2020 жыл 17:22

Ат- Башы: Ак-Жар айылына жаңы айыл өкмөт шайланды

17-июлда Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылында айыл өкмөтүн шайлоо болуп өттү. Шайлоого жергиликтүү депутаттардын бардыгы катышып, басымдуу бөлүгү Уланбек Осмоновго добуштарын беришкен.

20 Июль 2020 жыл 16:12

Ат-Башыда кирпич заводу ачылып, иштеп баштады

Ат-Башы районунда жылына 3,5миллион кирпич чыгарган заводунун ачылуу аземи болуп өттү. Ат-Башы ири кирпич заводу 2016-жылы негизделип, Ак-Жар айыл өкмөтүнөн 5 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Анын бир жыл ичиндеги …

16 Июль 2020 жыл 0:20

90 жылдыкка той эмес 90 долбоор ишке ашат

Быйыл 2020-жылы Ат-Башы районунун түптөлгөнүнө 90 жыл болот. Бул мааракени өткөрүү үчүн ар кандай долбоорлор ишке ашырылат.

2 Июль 2020 жыл 15:11

Сууга түшүү эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү

Базар-Коргон районунун аймактарындагы сууга түшүүчү көлмөлөрдүн, бассейндердин тизмеси аныкталып, сууга түшүү боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери жүрдү.

29 Июнь 2020 жыл 13:12

Ат-Башыда арзан жана калориялуу тоютту өндүрүү ыкмасы жайылтылат

Ат-Башы районунун айыл өкмөт башчылары, райондук аградык өнүктүрүү бөлүмү жана фермерлер Чүй облусуна иш сапар менен барып келишти. Алар жергиликтүү ЖЧК «Дан агро продукты» заводуна барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышып …

29 Июнь 2020 жыл 12:09

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тогуз-Торо районунда иш сапарында

Чечилүүнү талап кылган, көйгөйлүү маселелер менен жеринен таанышуу үчүн облус жетекчиси Нурболот Мирзахмедов Тогуз- Торо районуна иш сапары менен келди.

29 Июнь 2020 жыл 11:06
Шейшемби
10 Жетинин айы 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...