Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев мектебинде ата-энелер менен мектептин мамилесин жакшыртуу максатында ачык эшик жумалыгы болуп өттү. Жумалыкта ата-энелер балдары менен чогуу катышты.
Ноокат районунун Байыш айылына электр энергияга кеткен чыгымды тогүү үчүн касса ачылды. «Ош электронун» буйругу менен ачылган кассага эми тургундар алыс барбай эле өз айылынан электр жарыгына акча төлөй алышат.
Токтогул районунун Чоң-Арык айылында эшектер жоголуп, союлуп кеткен учурлар көп катталууда. Эшектердин күчү жана жардамы менен айыл тургундары өз жумуштарын бүтүрүшчү.
Жакында «Ак кептер» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары Кара-Суу айыл өкмөтүндө болуп, өкмөттүн төрайымы Насипа Жээнбаева менен айыл көйгөйлөрү тууралуу маек куруп келдик.
Баетов айылынын тургуну Мамбетова Ырысбү учурда 5000 сом пенсиясы менен уул-келинин жана 9 небересин багып келет. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тартып жумушсуздук үчүн берилчү жөлөк пул да кыскарып калган. Апанын …
7-апрелде Элдик революцияга 6 жыл болот. Мына ушул күнгө байланыштуу Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде Баатырлар залы уюштурулуп, ага дубал газеталар, окуучулар тарткан сүрөттөр коюлду. 10-апрелге чейин бул жерде класстык сааттар, …
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими Г. Какаева элдик революция тууралуу көркөм баяндама жазып, аны бүгүн мугалимдерге, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тартуулады.
Учурда Искра айылында жаштар арасында эл көйгөйүн сахналаштырып көрсөтүү жана ошол аркылуу чечүү өзгөчө популярдуу болууда. Айылдагы ошондой театрлардын бири “Тынчтыкка карай жол” форум театры.
Жайыл районунун Кара-Суу айылында Нооруз майрамы белгиленди. Майрамдын өтүшү тууралуу маалыматты айыл тургундарынан алсак. Кара-Сууда Нооруз майрамы белгиленди
Бакай-Ата райондук китепканада 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшү тууралуу көргөзмө уюштурулду. Көргөзмө көтөрүлүштө курман болгондорду эскерүү үчүн уюштурулган.
«Ак кептердин» ыктыярчылары жана координатору Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы жана кызматкерлери менен 31-мартта жолугуп, интервью алышып, маалымат баракчаларын айыл өкмөттүн маалымат тактасына илип келишти. Кара-Суу: Айыл өкмөттүн 2016-жылга карата аткарчу …
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде 1-апрелде «Эки элдин достугу» аттуу иш-чара болду. Ага Ноокат шаарындагы Самиев орто мектебинин окуучулары келип, өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Бул тренинг Бакай-Ата айылынын Ленин орто мектебинде марттын этегинде болуп өттү. Ага Бакай-Атадан тышкары Миң Булак, Наматбек, Өзгөрүш айылдарынан окуучулар келишти.
Жылдагыдай эле Нооруз майрамында мектепте аластоо болду. Быйыл кеченин өзгөчөлүгүн 7-а классы даярдаган концерт болду.
Түп районунун акими Ишен Кожалиев Тасма айылында эл менен жолугушуу уюштурду. Чогулушка Карасаев айыл окуругунан Тасма, Чоң-Тогузбай, Токтоян айылдарынын тургундары, айылдык кеңештин депутаттары катышышты.
«Тарых жана маданият жылына» карата аймактардан атайын сүрөт багытындагы сынак уюштурулуп жатат. Анын максаты — ата-бабалардын калтырган мурасын жана салт-санаасын кагаз бетине түшүрүү.
Түп районундагы Тасма айылында Нооруз майрамын белгиленди. 21-22сине тартып күн акырындап узарып, түн кыскара баштайт. Жаратылыштын мына ушул кыймылга кирүү мезгилин күтүшкөн ата-бабаларыбыз жыл эсеби башталган улуу күндү Нооруз деп …
Быйылкы жыл «Тарых жана маданият » жылы болгондуктан Р.Мамыралиев мектебинде окуучулар арасында сармерден болуп өттү. Ага 8-9-класстардын таланттуу окуучулары катышышты. Салтанатты мектеп жааматы уюштуруп, окуучулар арасында сармерден биринчи жолу …
Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Медресе мечитинде 20-мартта жан кудайы болуп өттү. Жан кудайы — бул ар бир адам өзүнүн жаны үчүн Аллахка сыйынуу.
Өткөрүлгөн тегерек стол үч айлык иш аракеттердин жыйынтыгын камтыган. Бул туурасында Рано Турсуналиева билдирди.