Нарын районуна караштуу Достук орто мектебинин окуучулары 28-февраль күнү Жогорку Кенешке барууга мүмкүнчүлүк алышып, депутат Улан Бакасовго жолугушту.
2022-жылдын 1-мартында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Курбанбек Камчыевдин буйругу менен Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчылыгына Мамырбаев Алымбек Бирназарович дайындалды. Буга чейин бул кызматта Батталов Рысбек Сапарбекович иштеп келген.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында 2022-жылга карата бир катар иштер пландалды. Бул жылы мамлекеттик бюджеттен теңдештирүүчү грант катары 2 800 000сом гана бөлүнгөн.
Могол айыл өкмөтүндөгү басымдуу бөлүгүнүн көйгөйү-бул жерлердин жана үйлөрдүн кызыл китеби жоктугу экени элдик жыйында айтылды.
Кулатов айылында жазгы талаа иштери башталды. Пандемияга байланыштуу азык берүүчү дары-дармектер кымбаттап, дыйкандарга кыйынчылык жаратууда. Ошондуктан дыйкандарга айыл өкмөт тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө.
Тогуз-Торо районунун Атай айылынын өкмөтүндө үлүштүк дем берүүчү грант аркылуу айыл өкмөтүнүн имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жолдор оңдолуп, аймакка караштуу орто мектептин китепканасы жана ашканасынын пайдубалы курулду.
Тогуз-Торо районундагы Атай айылына пандемия учурунда, «Ас-Сафа»коомдук фондусу тарабынан жергиликтүү тургундарга жардам берилди.
Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө жылпы элдик чогулуш болду. Чогулушка Куланак жана Учкун айылдарынын тургундары катышты.
Нарын районундагы Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылында №1 ҮДТ жайгашкан. Бул жылдарга чейин мекеменин жылытуу системасы ток казан жана от казан менен жылытылып келген. 2022 – жылдагы электр энергияны …
Кочкор районундагы Кочкор айылында жаңы өсүмдүктөрдүн түрлөрүн өстүрүү жана «Айыл Банк» менен дыйкандардын тыгыз байланышта болушу боюнча маалымат алдык.
Бүгүн Ак-Талаа районунда Ооган согушунун ардагерлерине арналган эскерүү иш-чарасы өтүп, ага ардагерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары катышты.
Баетов айыл аймагында жалпы 1409 гектар жер бар болсо, мунун 173гектары мамлекеттин жери (ФПС) болуп саналат. Ошондой эле 96га кайрак жер болсо, калган 77 га суу баскан аянт. Мына ушул …
Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жайыт иштери пандемиялык кырдаалга карабастан иш мерчемдерге ылайык жүргүзүлүп жатат. Анткени жайыт иштери көпчүлүктүн катышуусу менен жасалбайт.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында 11-февраль күнү элдик жыйын болуп өттү. Анда жылдык отчёттор берилип, бир катар маселелер көтөрүлдү.
Эки жыл мурун пандемия башталгандан бери бардык өлкөлөрдө карантин киргизилип, анын ден-соолук үчүн гана эмес, экономикалык кесепетин азыркы күнгө чейин көрүп келе жатабыз. Анын таасири Ача-Кайыңды аймагынын жайыт комитетинин дагы …
Чүй облусунун Кара-Суу Айыл аймагынын Кара-Суу Айылдык Кеңешине 11 депутат шайланган. Алардын 4 депутаты Кара-Суу айылынан. Төрт депутаттын 2 аял.
Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылынын «Интернационал» көчөсүнүн тургундары көчөнүн аты алардын макулдугусуз жаңы коюлганына нааразы болушууда.
Таза суу менен элди камсыздоо мамлекет үчүн чоң көйгөйлөрдүн бири болуп келе жатат. Азыркы убакта «600 дөн ашык айыл таза сууга муктаж, ал эми 350 дөн ашык эл турган жерлерде …
Суусамыр айыл аймагында үй-бүлө көмөк каражаты кандайча чектеле тургандыгын айыл өкмөтүнүн социалдык жактан жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу Жыргалбек Бекжанов айтып берди.
Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылдык кеңешинде 11 депутат бар. Алардын 7 депутаты Ставрополовка айылынан, 4 депутаты Кара-Суу айылынан шайланган.