Суусамыр айылынын ортосунан агып өтүүчү «Жинди Суу» суусу кыш түшкөндөн бери нугунан чыгып жатып, муз каптап, окуучулардын мектепке баруусуна, дегеле айыл тургундарына чоң кѳйгѳй жаратууда.
Сокулук районунун Ысмайыл айылында таза суу көйгөйү чечилди. Айылдын Рыспек Ибраимов кɵчɵсү ичүүчү суу менен камсыз болушту.
Сумбула айыл өкмөтүнүн алыскы жайыттарына АРИС жана Сумбула айыл Өкмөтүнүн жайыт комитетинин колдоосунун астында мал суу ичүүчү аштоолор орнотулду. Алыскы жайыттарды пайдалануу эффективдүүлүгү жогорулайт.
Суусамырдагы суу түтүктөрү көп жылдардан бери оңдоодон өтпөй келген. Жакында ал түтүктөр оңдоо иштеринен өткөрүлдү. Бирок ал дагы көңүлгө толоорлук эмес.
Чүй облусунун Кара-Суу айылында айыл-чарба иштери кызуу жүрүп жаткан убагы. Азыр айылда дыйкандар арпа, буудай чаап жаткан маалы. Арпа, буудай чабуу менен бирге сугат иштери да жүрүп жатат.
Чүй облусунун Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылында быйыл дыйкандар 35-40 гектардай кызылча себишти. Азыркы маалда кызылчаны сугаруу кызуу жүрүп жаткан убак.
Адам өмүрүнө пайдасын тийгизүүчү көптөгөн пайдалуу суулар, жерлер бар. Дал ошондой пайдалуу суу Нарын районунун Куланак айылында да бар, бирок ал жер да көйгөйлөрдөн кур эмес.
Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу жана Ставропол айылдарында сугат иштерине даярдык көрүлө баштады. Өнүгүү саясаты институтунун (ИПР)долбооруна катышып, утуп алган “Беларус” үлгүсүндөгү атайын трактор иштей баштады.
Райондун Сары-Булуң айыл аймагы аркылуу агып өткөн Нарын дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, айдоо аянттарын алып кетип жаткандыктан 70 метр аралык суу жээгин таш менен тосуу иш- чарасына баш аягы 6 …
Жайыл районунун айылдарында дыйкандар сугатка даярдык көрө башташты. Кара-Суу айылынын тургундары да айылдагы суу кетүүчү бетон арыктарды оңдоп башташты.
Талас шаарынын тургундары суу түтүктөрү орнотулгандан кийин жолдордун кайра калыбына келтирүү абалына нааразы болууда. Себеби казылган жолдор кайрадан калыбына келтирилген жок. Талас шаарынын Бердике Баатыр көчөсү менен Маяковский көчөлөрүндө жүрүп жаткан …
Мекенибиздин айылдарын кышында электр энергиясы жана суу менен камсыз кылуу чоң көйгөйлөрдү түзөт. Быйылкы кыш мезгили Жайыл районунун Кара-Суу айылында кандай өткөндүгү тууралуу, айыл тургундары менен маек курдук.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын эли таза сууга муктаж болгондуктан тургундар Оттук, Он-Арча агын сууларын ичип келет.
Сары-Булуң айыл аймагындагы Булуң айылында суу түтүктөрү менен таза суу чыгарылды. Буга чейин айыл тургундары ичүүчү таза сууну өзөндөн ташып келишкен. Бул демилгени айыл тургуну өз колуна алып, ишке ашырды.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургундарына сууну кайра чыгаруу үчүн 28 миң сом акча каражаты жумшалып, жашоочулар таза суу менен камсыз болуп калышты.
Токтогул сууу сактагычынын сыйымдуулугу 19.5 млрд кубометр, аянты 284 чарчы километр. Быйыл, 2017-жылы кардын жана жаан-чачындын көп болгондугуна байланыштуу Токтогул суу сактагычында суу көп болуп, көл жээгинде жер баккан дыйкандардын …
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев мектебинин ашканасына таза суу киргизүү үчүн кудук казылып жатат.
Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы Эргеш көчөсүндө кудуктан жер алдынан насос менен сордурулуп алынган таза суу чыгат. Айылдагы үч көчөнүн эли айына 20 сомдон төлөп, ушул жерден таза суу алып пайдаланышат.
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын суу сордуруучу жайы көп жылдан бери курчалбай келет. Бул айыл тургундарынын жашоосуна коркунуч туудурууда.