Бүгүнкү күндө Суусамыр өрөөнүндөгу орчундуу маселелердин бири — жол боюндагы ачык кудуктардын көп экени.
Ош облусунун Учкун айылында суу маселеси курч. Жаан жааган учурларда айылда күндөп-түндөп жашоочулар суусу жок калган убакыттар көп кездешет. Учкун мектеп радиосунун ыктыярчылары бул тууралуу материал даярдашкан. Аудио: Учкун айылында …
Кыргызстандын аймагында жалпысынан 34 суу сактагыч бар. Алардын ичинен Киров суу сактагычы 1975-жылдан тартып ишке киргизилген.
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылындагы Жылдыз көчөсүнүн жашоочулары суу түтүктөрүн казылган жерге орнотуп бүтүштү.
Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылында таза суу таңсыктыгы бир канча жылдан бери чечилбей келе жатат. Азыркы учурда колдонулуп жүргөн таза суу чорголору 1960-жылы курулган. Андан бери кайра-кайра оңдоло берип, жарактан …
Учурдагы эң кɵйгɵйлʏʏ маселелердин бири таза суу маселеси.Жерге-Тал айылында таза суу маселеси каралганбы? Ушул суроо боюнча жергиликтʏʏ калкка жана жергиликтʏʏ ɵкмɵткɵ кайрылдык.
Нарын районуна каршаштуу Учкун айылында көптөн бери таза суу маселеси чечилбей келген. Таза сууну Тоок сарай участкасынан тартып келүү үчүн жалпы 4,5 млн сом керек болгондуктан, ар бир тургундан 15 …
Кайсы гана айылдарда болбосун таза суу эӊ манилүү жана чоӊ кѳйгѳй болуп келген. Биздин айылыбызда ошолордун санына кирип калган, бирок ошентсе да беш жыл мурун таза суу келүүчү жолдун …
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында катуу шамал болуп, мөндүр аралаш жамгыр жаады. Бир саатай жааган жаандан улам айылды суу каптады.
Ноокат районунун Арбын айылында суу түтүктөрү орнотулуп, таза суу чыгарылат.
Ноокат районунун Как айылында үч жылдан бери суу маселеси чечилбей келет. Айыл тургундары сууну сатып ичээрин, малдардын болсо узактан сугараарын айтышты.
Ставрополовка айылында көчөлөрдүн ичинде каналдар жарактан чыгып, айыл тургундары короолорундагы жашылчаларын кудук менен сугарып келишет. Бул туралуу айыл тургундары көп жылдан бери арызданып келишет. Бул тууралу Ставрополовка айылынын тургундары менен …
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылындагы Жылдыз көчөсүндө көп жылдан бери таза суу көйгөйү чечилбей келген. Маселе ордунан жылып, эми Жылдыз көчөсүнүн тургундары бир айдан кийин таза суу ичип калышат.
Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында жазга даярдык иштери башталды. Элет элинин басымдуу бөлүгү дыйканчылык менен алектенгендиктен жазында суугат суу маселеси көйгөй жаратып келчү. Ушуга байланыштуу учурда суу түтүктөрү оңдолуп жатат.
Талас шаарындагы таза суу канализация системасын кайра калыбына келтирү боюнча долбоорду таза суу муниципиалдык мекеменин жетекчиси Майрамбек Сопалиев жетектеп иш жүргүзүүдө.
Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылында таза суунун жоктугунан айыл тургундары Он-Арча, Оттук агын сууларын ичүүгө аргасыз.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын Мамат Ата көчөсүнө таза суу чыгарылды. Буга чейин тургундар кудуктан суу ташып ичишчү.
Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында таза суу чыгарылганына эки жылдын жүзү болду. Айыл башчысынын айтымында, таза суу чыгарылгандан кийин айыл тургундарынын ден соолугу жакшырып калган.
Ноокат районунун Арбын айылында суу маселеси курч. Айыл тургундары таза суу илгертен эле чыкпасын, сууларды арыктардан алышаарын айтышат.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагына СССРдин убагында мамлекет тарабынан коюлган трубадан суу чыкпайт. Суу түтүгү аркылуу айыл аймагындагы эгин талаасын жана жайлоодо жашагандарды суу менен камсыздап турган.